АЙНУРА САЛАХИДИНОВА «Апама», «Жолдошума» деген ырларына катары менен клип тарттыруу менен алек.
АЗАМАТ САРЫБАЕВ композитор Сардарбек Жумалиевдин «Унутулгус учурлар», «Унутпагын өткөндү» деген ырларына кайрадан жан берсемби деп изденүүдө.
Казактардын «МУЗАРТ» тобу Бек Борбиевдин «Тамчы шүүдүрүм» жана Акылбек Жеменей «Сен дедим» деген ырларын казакча ырдап чыгышты.
ОМАР, АРСЕН, АНЖЕЛИКА Москва шаарында мекендештерибизге концерт коюп келүүгө даярданышууда.
Актриса АЛИМАН ДҮЙШӨНАЛИЕВА Москвада өткөн «Все форматы» деп аталган сынакка катышып, жеңүүчү катары орус рэп ырчысы Tim Big Family менен ыр жаздырып келди.
ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ жакында жарыкка чыкчу «Эйфория» деп аталган ырына клип тартуу үстүндө иштөөдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.