«Жаңы төрөгөн баласын таштап кетиптир» деген сөзгө азыр элдин кулагы көнүп деле калды. Бирок өткөн аптада «Күкүк эненин» жасаган иши элди уу-дууга салып, уккан адамдын жакасын карматты.
ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯ
Үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан 6-февралына караган түнү, болжол менен саат 1лер чамасында Бишкек шаарынын Куткаруу кызматына борбор калаанын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанындагы дааратканада наристенин ыйлап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. ӨКМнын куткаруу кызматкерлери ошол замат айтылган дарекке келишип, адамдын акылына сыйбаган окуяга туш болушкан. «Күкүк эне» ымыркайын даараткананын чуңкуруна таштап кетиптир.
«БАЛАНЫ ТАШТАГАН КОҢШУБУЗ ЭКЕН»
Ымыркайды Тоголок Молдо көчөсүндөгү №1-үйдүн жашоочусу САНЖАР РУСЛАН УУЛУ көрбөгөндө күнөөсүз наристе аман калат беле, ким билет?.. Анын көңүл кош мамиле жасабай, ызы-чуудан алыс болгусу келип, көрмөксөн болуп басып кетпегенине бали дегиң келет.– Ошол күнү кар жаңы эле жааган. Түнкү саат 1лерде үйдө отурганда эшиктен дүңкүлдөгөн добуш чыгып жаткан. Эшикке чыгып, даараткананы көздөй бастым. Аңгыча эле дааратканадан баланын ыңаалаган үнүн уктум. Эмне кыларымды билбей, нес болуп туруп калдым. Анан өзүмө келип, дароо «Тез жардам» кызматына чалдым.
Алар келишип, баланы чыгара алышпай, Куткаруу кызматына чалышты. Куткаруу кызматкерлерин Бөкөнбаев көчөсүнөн тосуп алып, окуя болгон жерге алып келдик. Алар тез эле наристени алып чыгышты. Билишимче, ымыркай жарым сааттай даараткананын чуңкурунда жатып калды окшойт. Анан бир сааттан кийин укук коргоо органдары келип, коңшу-колоңдорду суракка алып, баланын энесин табышты. Көрсө, ал биздин эле коңшубуз экен.
Сиңдиси менен жашачу, келгенине аз эле болгон. Мурда көрчүбүз, бирок боюнда бар экенин билген деле эмесмин. Угушума караганда, ал айымдын боюнда бар экенин сиңдиси деле билбептир.
«БАЛАНЫН ҮСТҮНӨ ТАШ ЫРГЫТКАН»
Окуянын калганын куткаруучу ТЕҢИЗБЕК МАСЫЛБЕКОВдон угалы:– Биз келгенде наристенин кыңылдап үнү араң чыгып калыптыр. Бирок тирүү экенин көрүп, шашылыш даараткананын алдындагы жыгачтарын талкалап, наристени алып чыкканга аракет кылдык. Жылаңач, кан, ал тургай киндиги кесилбеген боюнча таштап кетиптир. Биз аны чүпүрөккө ороп, дарыгерлерге өткөрүп бердик.
Таң калтырганы, ымыркайды чуңкурга таштаганы аз келгенсип, аны өлтүргүсү келип, үстүнөн чоң таштарды таштаган экен, бактыга жараша, таштар балага тийбей калыптыр. Баладан да чоң жаңы ташталган 2-3 ташты көрдүк.
«БАЛАНЫ ТАШТАГАНЫН МОЙНУНА АЛДЫ»
Үрөйдү учурган жогорудагы кылмыш ишине шектүү деп укук коргоо кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №1-үйүнүн 3-батиринин жашоочусу, 1985-жылы туулган Наргиза аттуу келин кармалган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын кызматкери ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:– Биринчи Май ШИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан окуя болгон үйдө жашаган Наргиза аттуу айым суракка алынган. Ал өзүнүн Жайдарбек аттуу досунан кош бойлуу болуп калгандыгын мойнуна алган. Анын айтымында, ошол күнү толгоосу башталып, дааратканага барганда төрөп койгон. Анан эмне кыларын билбей, кылган ишин коңшу-колоңдорго билдирбей, жашыруу максатында эшикке чыгып таштарды алып келип, даараткананын тешигинен баланын үстүнө таштаган. Ошол маалда бала да кандайдыр бир убакытка чейин ыйлабай, басылып калып, Наргиза үйүнө кирип кеткен.
Сурак учурунда ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бул иш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектелип кармалган Наргиза төрөт учурунда кан көп кеткендиктен, ден соолугу начарлап, учурда ооруканада. Ал эми жаңы төрөлгөн күнөөсүз ымыркай болсо, Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дарыгерлердин маалыматына караганда, анын акыбалы мурункудан бир аз жакшырган.
Боюнан алдырган, баласын төрөп таштап кеткен жаш кыздарыбыздын саны күн санап өсүп жатканы кейиштүү көрүнүш. «Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала» деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Балага жетпей жүргөндөр канча? Ак жолунан адашкан, баланы багуу жоопкерчилигинен качкан апаларга жана аталарга акын Шайлообек Дүйшеевдин төмөнкү ыр сабын арнамакчыбыз.
ЭНЕ
«Күйөөсүз төрөп салды»
деген айың,
Көкөлөп жүрдү көпкө
көчөнүн кечип чаңын:
«... байкуш Гүлсүн,
курган Гүлсүн,
шордуу Гүлсүн!»
Гүлсүн, сен азаматсың,
кейибегин,
Келин көп күйөөсү жок.
Жарыкка келген жандын
кенедей күнөөсү жок.
Күл, Гүлсүн,
Бүгүн сен бул дүйнөдө
Эне болдуң.
Аны алар кайдан билсин?
Күл, Гүлсүн,
Гүлдөгөн бир гүлбакка
окшогунуң.
Сен эми Эне болдуң,
коркпогунуң!
Иштегин,
иштебесең көп жүр мейлиң,
Балаңды базар кылып,
төккүн мээриң,
Атасыз өстүрсөң да,
апасыз өстүрбөгүн.
Атасыз кайдан жакшы?..
А бирок төрөгөн оң,
төрөбөй калганчакты.
Балаңды жакшылап бак,
жалбырагын төгүлтөт
терек күздө,
Жакшы балдар көбүрөөк
керек бизге!..
Асхат Субанбеков
koom@super.kg