Зуура Умарова, ырчы:«ӨЗБЕКСТАНДЫК КЫРГЫЗ КОМУЗУМДУ ӨӨП, ЫЙЛАП ЖИБЕРГЕН»

Өрүкзарлуу Баткендин сыймыгы, таланты менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы Зуура Умарова бүгүн бизде конокто. Ал учурда Баткен райондук Маданият үйүнүн жетекчиси болуп эмгектенет.

– Зуура эже, алгач кепти балалыктан баштасак...
– Тегим өрүкзарлуу Баткендин Ак-Сай айылынан. Атам Тажикстандын Шороп шаарында кенчи болуп иштегендигине байланыштуу ошол жакта чоңойдук. Шороп шаарында орто мектепти аяктап, Жалал-Абад облусундагы Маданият техникумда окуумду уланткам.

– Чыгармачылык менен канча жылдан бери алектенесиз?
– Техникумду аяктаган соң Баткенге келип, Баткен райондук Маданият үйүнө жумушка орношуп, ырдай баштагам. Мектепте окуп жүргөн мезгилде да ыр, бий боюнча сынактарга катышчу элем. Чыгармачылык менен алектенгениме 28 жыл болду. Учурда өзүм иш баштаган Маданият үйүнүн директору болуп эмгектенем. Көп жылдардан бери маданият тармагында иштеп, бир топ эле шакирттерим, окуучуларым бар. Азыр эми ырчылардын аксакалы да, насаат берүүчүсү да болуп калдык. Убагында биз да өзүбүздөн улуу ырчылардан акыл-насаат сураар элек.

– Талант сизге ким тарабынан берилген?
– Мен жөнөкөй эле үй-бү­лө­нүн кызымын. Атам шахтёр болуп иштесе, апам үй кожойкеси. Аларда ырга эч кандай шык болгон эмес. Менин оюмча, бул талант чоң атамдан берилсе керек. Ал адам көп кырдуу, таланттуу киши болгон дешет.

Балдарыңыздын арасынан чыгармачылыкка жакыны барбы?
– Жалгыз эле кызым болгондуктан, аны көзүмдүн карегиндей караймын. Ал өтө эрке болсо да, сахнанын жоопкерчилигин сезет. Ырга караганда бийге жөндөмдүү. Маданият үйүнүн алдында комуз ойноо, ырдоо, бийлөө жана башка түрдүү ийримдер уюштурулган. «Айпери» деген бийчилердин тобун түзгөнбүз. Кызым ошол топто бийлейт. Мурда сахнага чыкканда мени көрүп эркелиги кармап кетип, бийлебей койбосун деп ага көрүнбөй турчумун. Жакында аталган бий тобу өз концертин берди эле, кызым бийлеп жатканда буту кайрылып кетти. «Бүттү, эми азыр ыйлап чыгып кетет» десем, жо-ок, жоопкерчилигин сезип, бийлөөнү уланта берди.

– Сахнада 28 жылдан бери жүрөт экенсиз. Гастролдоп жүргөндө кандай кызыктуу окуялар эсиңизде калды?
– Адамдын эсинде эң жакшы жана жаман көз ирмемдер калат эмеспи. Алгач эле жакшы көз ирмемди айтайын. Бир жолу Өзбекстанда жашаган кыргыздарга концерт бергени барып калдык. Ал жактагы кыргыздар бизден айырмаланышат экен. Мен комуз чертип ырдап жатсам, бир апа келип колумду, комузумду өөп, «айланайын кызым, рахмат! Комуздун үнүн жакындан эми угуп жатам» деп ыйлап жиберген. Ушул окуя эсимден кетпейт.
Дагы бир ирет Өзбекстанда жашаган кыргыз «баламдын тоюнда келип ырдап бергиле» деп чакырган. Биз барып ырдап, жигиттин башына кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты кийгизгенбиз. Калпакты тойдун аягына чейин кийүүдөн ардандыбы, чечип койду. Бул нерсе биздин көңүлүбүздү оорутканы да эсимде калыптыр.

– Учурда Баткендин жаңы чыгып келе жаткан ырчыларын кандай баалайсыз?
– Баткендин жаш ырчылары коңшу өзбек, тажик элдеринин ырларын которуп ырдап жатышат. Ал ырдын маанисине анча деле көңүл бөлүшпөйт. Андан көрө өзүбүздүн улуу акындардын ырларына обон жаратып ырдашса жакшы болор эле.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Knt
2013-02-18 17:53:18
ishinizge iygilikter!
0
prezent
2013-02-20 21:44:14
ким бул? 28 жыл болсо неге клиби же таанымал ыры жок...Баткенден Максат баткенди билебиз Биз тобун Саламат Садыкованы и Апаз ЖайнаковТемир Назаров,Чынгыз МЫрзаев Илияз,Абдразаков.эже аракет кылышыныз керек го!!!!!!!!!!!!
-1
kuba1985
2013-02-22 22:21:33
prezent, жон кишилер газетага чыгабы ???
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан