КАН КӨКСӨГӨН ЖЫРТКЫЧТАР

Дүйнө боюнча жырткыч-маньяктардын саны 45 (кээ бир маалыматтарда мындан көп). Алардын ичинде кытайлык Ян Синьхай (67 адамды өлтүргөн), орусиялык Андрей Чикатило (53 адам), АКШлык Жон Уэйн Гейси (33 адам) менен Гэри Риджуэй (62 адам), украиналык Анатолий Оноприенко (52 адам) жана башкалар бар.Бул ирет Николай Жумагалиев жана Андрей Чикатило тууралуу сөз кылабыз.

53 адамды өлтүргөн Чикатило

Маньяктардын атасы аталган Андрей Чикатило 1936-жылы Орусиянын Ростов облусунда туулган. Өзү жашаган жана кошуна жайгашкан облустарды 10 жылдай коркунучка камаган маньяк 53 адамдын өмүрүн кыйган. Курмандыктарынын баары аялдар жана жаш балдар болгон. Ал эми анын жашоосуна кайрыла кетсек, аскерде кызмат өтөп, 5 жогорку билимге ээ болгон. Коммунисттик партияга мүчөлүккө өтүп, үйбүлө күтүп, 2 баланын атасы болууга жетишкен.

Билим берүү тармагынын камсыздоо бөлүмүндө эмгектенип жүрүп, уурулук кылат. Аны байкап калгандар иш козготуп, партиядан чыгарып салышат. Ушундан улам жашоосу кыйынчылыктар менен коштолуп, адам өлтүрүүгө өтөт. Биринчи курмандыгы 9 жашар кыз болот. Андан кийин 2 жылдай тыныгуу жасап, кайрадан кандуу жолун улантат. 3 жылдын ичинде 20дан ашуун секелек кыздардын өмүрүн кыят.

Чикатилону кармоо үчүн атайын милициялык топ түзүлөт. Бирок кылмышкерге эч бир күбө чыкпагандыктан, иш кыйындайт. Ошентсе да 9 жаштагы кыздын денесинен эркектин уруктугун табышат. Уруктук изилдөөдөн өткөн соң «кылмышкердин каны IV группа» деген тыянак чыгарылат. 1984-жылы автобекеттен оперативдик топ “өзүн шектүү алып жүрөт” деген таризде Чикатилону кармашат. Текшерүүдө анын канынын группасы II болуп чыгат. Ошентип, илинчек жок Чикатилону коё берүүгө аргасыз болушат. 1990-жыл Чикатило үчүн “жемиштүү” болуп, 6 адамды өлтүрүүгө жетишет.

Бирок бекеттердин биринен укук кызматкери анын документтерин текшерип жатып, Чикатилонун келбетин жана кызыктуу фамилиясын эстеп калат. Жергиликтүү адамдардын маньякты сүрөттөөлөрү менен укук кызматкеринин сөзү дал келип, Чикатилону табышат. Бирок аны колго түшүрөрдөн мурда, байкоо жүргүзүшүп көрмөкчү болушат. Анын жаш балдарга кызыгып, алардын артынан байкап жүргөнү билингенден кийин колго түшүрүшөт. Чикатило тез эле 35 кылмышын моюнуна алат. Калган кылмыштары кийинки сурактарда чууруп чыга келет.

Үйбүлөсү Чикатилонун мыкаачы айбан экенин угушканда, “болушу мүмкүн эмес, атабыз жоош, боорукер адам” деп ишенишкен эмес.
Чикатилону сот атуу өкүмүнө буйруп, 1994-жылдын февраль айында өкүм аткарылат. Акыркы сөзүндө Чикатило: “Силер оорулуу-майып адамдын үстүнөн шылдың сотун өткөздүңөр”,- деген.

Адам этинен чүчпара жасаган Жумагалиев

Адам этинен чүчпара жасаган Николай Жумагалиев 1952-жылы Казакстандын Алматы шаарында туулган. Үйбүлөдө 4 кыздын арасында жалгыз уул болгон. Бардык советтик жаштардай эле мектептен кийин орто окуу жайында билим алып, андан кийин аскерге кетет. Аскерден кийин “университетте окуйм” деген тилеги ишке ашпай, дүйнө кезип, кемеде матрос, электрик, бульдозерчи болуп Чукотка, Мурманскка чейин барып иштеп келет.

1978-жылы Алматыга кайтып келип, өрт өчү­рүү­чү бөлүккө жумушка орношот. Ошол кезден тарта “аялзаты шарият жолу менен гана жүрүшү керек” деген тыянакка келет. Анын биринчи курмандыгы күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аял болот. Анын артынан 2 жыл жүрүп өлтүрөт. Денесин жиликтеп туруп, ар жерге көмүп салат. Бул мыкаачылыгынан аябай рахат алып, жашоосундагы башкы максатына жеткендей болот. Ошол күндөн баштап көз алдына аялдардын жиликтенген буттары, колдору көрүнө берет.

Экинчи курмандыгын издеп жүрүп, кесиптешин капыстан өлтүрүп алат да, түрмөгө кесилет. Бирок текшерүүдө психикалык оорулуу болуп табылып, тез эле эркиндикке чыгат. Кайрадан үйрөнгөн адатын улантууга киришет. Эбин таап, өлтүргөн аялдардын денесин жиликтеп, чоң идиштерге туздап салат. Этинен чүчпара жасап, келечектеги курмандыктарына жедирет.

Анын акыркы курмандыгы болуп айылына келген конок кыз эсептелет. Анткени ал кыздын башын кесип алган соң канын ичип, мас болгондой абалда айылдаш досторуна жетип барат. Аны көргөн досторунун үрөйлөрү учуп, качып жөнөшөт. Натыйжада, колго түшүп, медициналык текшерүүдө кайрадан психикалык оорулуу болуп табылып, Ташкенттеги атайын психикалык ооруканага дарыланууга жөнөтүлөт. Ал жакта 8 жылдык дарылоо курсунан кийин оңолуу байкалып, дарыгерлер катардагы психикалык ооруканага которууну чечишет. Жолдо баратып, Кыргызстандын аймагына жеткенде качып кетет.

Бүткүл союздук издөөгө берилип, кыргыз милицияларынын чоң күч жумшоосуна карабай табылбайт. Ошондон дайын чыкпай, 1,5 жыл жашырынып жүрөт. Аскерлердин, милициянын вертолёттор менен издөөсү да жыйынтык бербейт. Бул арада тоолордогу жапайы жашоодон тажаган эргул башка атка жамынып, өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көрөт. Бирок колго түшүп калат. Кайра эле Ташкенттеги атайын психикалык ооруканага жөнөтүлөт. Ал жерде 3 жыл дарыланып, толук айыккан соң үйүнө кетет. Бирок айылдаштары аны куугунтуктап, тынч жашоо бербей коюшкандыктан, кайра тоолорго качып, 1,5 жыл күн кечирет. Кайра Ташкенттеги көнгөн ооруканасына барып, башпаанек сурайт. Алар кабыл албай, Бишкекке келип туруп калат.

Борбор калаадан аны милиция кармап, туугандарын чакырып кошуп берип, үйүнө жөнөтүшөт. Айылынан дагы деле тынч жашоо таба албаган Николай башка жакка кетип калат. Азыркы кезде анын кайда экени белгисиз. Жумагалиевге “7 адамды мыкаачылык менен өлтүргөн” деген күнөө коюлган. Кылган кылмыштары тууралуу сурашканда: “Адамдар жандыктарга кандай мамиле жасаса, мен да адамдарга ошондой мамиле кылдым”,- деп жооп берген.

Маалымат интернет
булактарынан алынды.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан