«ЗАМАН ЖАҢЫ – ЭЛ ЖАҢЫ»

Президенттик шайлоо жакындаган сайын жарышка түшкөндөрдүн штабдарында иш кызып турган кези. Бийлик тарап “биз жакшы иштеп жатабыз, элдин жашоо­су оңолуу жолунда, эл бизди шайлайт” десе, оппозиция тарап “биз жаңы идея, жаңы лидер менен келе жатабыз, эл бизди колдойт” деп күүлөнүүдө. БЭКтин шайлоого даярдык көрүү боюнча штабынын жетекчиси, ЖКнын депутаты, СДПК фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов жана штабдын бир катар мүчөлөрү биз менен байланышып, даярдыктары тууралуу кеп салып беришти.

Бакыт Бешимов:

«Кыргыз эли 18 жылдан бери жаңыланууну күтүп жатат»

– Бакыт мырза, саламатсызбы. Президенттик шайлоо жакындап келе жатат. БЭКтин штабынын шайлоого даярдыгы кандай? Шайлоо программасы даярбы? Негизги идея эмне болмокчу?
– Стратегиялык идеябызды 18-июндан тартып элге сунуштайбыз. Урматтуу мекендештерибизге мен толук ишенем. Алар биздин идеябызды жүрөгү, акылы менен кабыл алышат. Анткени биздин идеябызды элдин идеясы деп эсептейм. Негизги урааныбыз “Заман жаңы – эл жаңы” болот. Эмне себептен? Анткени коомубуз жаңыланышы керек. Адамдарыбыз башкача, бири-бирибизге өтө мээримдүү мамиледе болушубуз керек. Менин каалоом, кыргызстандыктар баарыбыз бир идеянын алдында биригип туруп, жаңылануу жолунда турмушту баштасак. Биз азыркы күндө жалганчы саясатчылардан тажадык, коррупциячыларга тойдук, уурулукту жок кылууга убакыт келди. Биз Кыргызстандын коому таза болуусун тилейбиз. Жалпы эл да дал ушуну күтүп жатат. Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болгонунан бери 18 жыл өттү. 18 жылдан бери ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө “качан биз таза коом болобуз? Качан биз бири-бирибиз жөнүндө адамгерчиликтин негизинде гана ойлонобуз?” деген суроо турат. Ошондуктан биздин максат жөнөкөй эле бирөөнү президенттикке алып баруу эмес. Коомубузду, элибизди жакшылыкка чакыралы деген ой менен шайлоого баратабыз. А.Акаев, К.Бакиевдер тарыхта калышсын. Болду, алардын заманы өттү. Биз Кыргызстандын соңку тарыхында жаңы баракча ачышыбыз керек.
– БЭК экономиканы көтөрүү, өндүрүштү өнүктүрүү багытында кандай программаларды иштеп чыгат?
– Эң биринчиден, Кыргызстандын байлыгы Кыргызстандыкы бойдон калыш керек. “Бала төрөп эне болом” деген жаш айым “кантип багып алам, баламдын келечеги кандай болот?” деп ойлонбосун, чечкиндүү эле “мекеним, коомум ошол баланын камын көрөт” деген ойдо болсун дейбиз. Жогорку билими бар такси айдоочулар “качанга чейин өз кесибим менен иштей албайм” деп ойлонбош керек. Биз кесиби бар адамдарды татыктуу жумуш орундары менен камсыз болсун дейбиз. Мектеп окуучулары базарларда араба тартып иштебестен, билим алсын, ата-энеси балдарын татыктуу бага алсын деп ойлойбуз. Дыйкандарыбыз кылган мээнетинин пайдасын алсын, мамлекет колдоо көрсөтүп, кам көрсүн деген пикирдебиз. ЖОЖдордогу студенттерибиз “экзаменге кайдан акча таап берем?” деп ойлонбош керек. Караңыздар, биздин экономикалык көз карашыбыз, жөнөкөй адамдын кызыкчылыгына багытталган. Ошол карапайым адамдын маселеси чечилсин дейбиз. Муну чечкенге биздин күчүбүз жетет.
– Сиз шайлоо өткөрүү боюн­ча штабдын жетекчиси катары шайлоонун таза өтөрүнө ишене­сизби?
– Бийлик эч качан таза шайлоого барбайт. Анткени ажонун 2005-жылы шайлоо алдында берген убадаларынын бирөөсү да аткарылган эмес. Азыр элдин басымдуу бөлүгү учурдагы бийликти колдобойт. Болду, токтотсун. Канча жылдан бери өлкөнү үйбүлөлүк кландын башкаруусу тажатып бүттү. Бизде шайлоонун таза өтпөшүн алдын-ала билдирген эсепсиз фактылар бар. Добуштар бурмаланып, элдин укугу тебеленери анык.
– “Таза өтпөйт” дейсиз. Анда БЭКтин кадамы кандай болот, өз добуштарыңыздарды кантип кор­гойсуздар?
– Мен Кыргызстандын ар бир жараны келе жаткан шайлоого жооп­кер­чиликтүү мамиле жасайт деп ишенем. Ошол эле учурда ар бир адам өзүнүн кадыр-баркын, укугун тебелетпейт деп ойлойм. Элдин укугун коргоого көмөк көрсөтүүгө биз даярбыз. Учурда бийлик админстративдик ресурстарды колдонуу жолу менен бизге тоскоолдуктарды кылууда. Ошондуктан биз бүтүн мүмкүнчүлүгүбүздү колдонуп, элдин добушун уурдатпоого аракет кылабыз. Бийликтин бул аракеттерин токтотуу максатында биздин штаб Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен да тыгыз иштеп жатат. Алар да шайлоодо байкоочу катары көз салышып, өз бааларын беришет. Эгер расмий кыргыз бийлиги эл аралык коомчулуктун астында өз абийрин төккүсү келбесе, добуштарды бурмалоого барбаса керек.
Мен 1-2 күндүн ичинде азыркы президент К.Бакиев президенттик жаңы шайлоо башталганга чейин сая­сый партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото турушу керекпи же жокпу – ушул маселени чечип берүүнү өтүнүп, Конституциялык сотко расмий түрдө кайрылам.

Улан Орозалиев, штабдын мүчөсү:

«Басмайылдын кысканын
жигит билбейт, ат билет.
Эр жигиттин мыктысын
жакын билбейт, жат билет»

– Улан мырза, саламатсызбы. Шайлоого даярдыктар кандай жү­рүп жатат, элдин маанайы кандай?
– Мен акыркы бир жуманын ичинде Ысык-Көл, Жумгал, Кочкордо болуп келдим. Эл коом алдында өз пикирин ачык айтпаса да, бетме-бет сүйлөшкөндө учурдагы бийликке нааразы экендигин байкаса болот. Бийлик “көл окуясын” экинчи жолу кайталады. Бийликтин бул кадамын көлдүн элин мазактап-шылдыңдап жатканы деп эсептейм. Эл келе жаткан шайлоого барат, өз добушун берет. Бирок ошол добуштарды бурмалатпастан, ачык-айкын эсептөө керек. Ал эми учурдагы шайлоо технологиясы мурдагы А.Акаевдин убагындагыдай эле. Болгону, бир артыкчылыгы бар. Буларга криминал кошулду. Мунун аягы эмне менен бүтөт? Артын ойлогон киши жоктой. Бийликтин түбүнө криминал жетет деп ойлойм. Кыргыз эли менен ойногонго болбойт. Эл бир силкинсе аягы жаман болот. Муну бийликтегилер такыр эле түшүнбөй коюшту. Ошондуктан учурдагы бийлик келечегин ойлосо, Көлдөгү окуяларды кайталабашы керек. Шайлоону таза өткөрүүгө оппозиция эмес, бийлик өзү кызыкдар болушу керек. Анткени 23-июлдан кийин эле Кыргызстандын тарыхы токтоп калбайт. Кыргыз эли дагы канчалаган кылымдарды карытат. Түндүк-түштүк болуп бө­лүнүүнү да күчөтпөй, тескерисинче жоюуга аракет кылуу керек. Элди бөлгөн жакшылыкка алып келбейт. Биримдик керек. Биз ушул идеяларды көтөрүп жатабыз.
Кыргызда “Басмайылдын кысканын жигит билбейт, ат билет. Эр жигиттин мыктысын жакын билбейт, жат билет”,- деген жакшы макал бар. Бүгүн кыргыз эли добушун кимге берерин жакшы билет. Ошондуктан добуштар бурмаланган күндө дагы шайлоочуларыбыз менен чогуу өз укугубузду коргогонго аракет кылабыз.


Жыргалбек Турдукожоев, штабдын өкүлү:

«Жаштардын учурдагы тилеги – жаңылануу, өзгөрүү»

– Жыргалбек мырза, шайлоо алдында жаштардын көз карашы кандай? Жаңы шайлана турган президенттен жаштардын күткөнү эмне?
– Жаңыланууну жана жаңы заманды колдогон жаштарыбыздын маанайы жакшы. Жаштардын учурдагы эңсегени – жаңылануу болсун, жаңы адам келсин, жаңыча сапаттуу жакшы өзгөрүүлөр болсун деген тилек. Алардын каалоосу – татыктуу жашоо. Жаштар жаңы көз караш күтүп жатышат. Жаңы көз караш жаңы президент менен гана келиши мүмкүн. Алар Европада жашагыбыз келет деген жок. Ошол батыштын жашоо деңгээлин Кыргызстанда жаратууну күтүп жатышат. Жаштарыбыз чет өлкөгө барып жашайбыз деген жок. Ушул жерде төрөлүп, ушул жерде жашап, ушул жерде бул дүйнө менен кош айтышууну самап турат. Канчалаган жаштарыбыз учурда жумуш издеп өз карынын, бала-чакасын багам деп чет өлкөдө тентип жүрөт. Кыргыз бийлиги ишке жарамдуу жаштарыбызды тентитпей, аларга татыктуу иш орундарын камсыздап берүүгө милдеттүү. Биздин штаб ушул көйгөйлүү маселелерди жоюу максатында өзүнүн концепциясын иштеп жатат. Муну биз 18-июлдан тарта элибизге жарыялайбыз.
Балдарыбыз, жаштарыбыз мамлектибиздин келечеги баарынан маанилүү. Ошол үчүн биз биринчи кезекте, жаштарыбызга татыктуу келечек түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Менин ишеничим, жаштарыбыз биздин жаңы идеяны колдоп, өлкөдө жакында боло турган жаңыланууга өз салымдарын кошот. Ошондуктан жаштар жаңылануу стратегиясын колдоп жатышат.
– Маегиңерге чоң рахмат.

Ринат Акматов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан