АТА-ЭНЕНИН КӨЙГӨЙҮ БАЛА БАКЧАБЫ?

Учурда кичинекей баласы бар ата-эненин көйгөйү – баласын бакчага орноштуруу. Бирок бул медалдын бир эле жагы. Бир орунга үч баладан туура келген бакчалардын абалы да суктанарлык эмес.

Балдар бакчалары менчикке өтүп...

90-жылдардагы өткөөл мезгилде балдар бакчалары сатылып, ордуна башка мекемелер курулуп, саны кыскарып кеткени эч кимге сыр эмес. Ошол нерсенин азабын бүгүнкү күндүн жаштары тартып жатат десек жарашчудай. Мезгилдин талабы менен энелер бала менен үйдө отурганга шарты жок. Ал эми бала багуучулардын маянасы асмандын башы. Ошентип, бала бакчаларга күн түшүп, буту үзүлгөнчө бала бакчага “издөө” салат.

Мындай жайлардын босогосун аттаары менен тарбиячылар бир ооздон “орун жок” деген жоопту айтышат. Эгерде тарбиячылардын көңүлүн таап, ортого киши салып көрсө, орун табылышы мүмкүн. Эреже боюнча бала бакчага кезекке турган ата-энелер да толтура. Бирок эпчилдер эбин таап, кезектен аттап, акча менен киргизип кетишет.

Бүгүнкү күндө шаарыбызда 80ге жакын муниципалдык бала бакча бар. Бул бакчаларда балдардын саны тиешелүү сандан эки эсеге көп. Бул тууралуу тарбиячылардан сурасак, алар минтип жооп беришти: “Биз да ата-энебиз. Аларды түшүнүүгө аракет кылып, нормадан тышкары балдарды алууга макул болобуз. Балдардын көптүгүнөн бир балага ченелген керебеттерге экиден бала жатууга туура келсе, айрым бакчаларда бир шкафка үч-төрт баланын кийимин илгенге аргасыз болосуң. Кээде ата-энелер “үйдөн керебет алып келебиз” деп жалдырашат. Учурда бир тайпада 35-40тан бала бар. Бизде деле ушундай көйгөйлөр жок эмес”.
Айтор, байкашыбызча, өгүз өлбө­сүн, араба сынбасын деген абал.

Сен ооруба, мен ооруюн...

Баланы бергенде ата-эненин биринчи маселеси – баланын ден соолугу. Анткени бала бакчага биринчи барган бала тез-тез ооруп турат. Буга чейин коллектив менен аралашпагандыктан, ошого жараша организми чабал болгондуктан, жаңы ооруларга каршы күрөшө албайт. Дагы бир себеби үй­гө көнгөн балдарга бакчада анчалык көңүл бурулбайт. Бир тайпада 40 балага көңүл бурганга тарбиячынын да шаасы жетпейт. Ошентип, сыз жерге уктап же терезе ачык калганда балдар көп оорушат. Албетте, энесинин биринчи маянасы баланын дарысына эле кетет.

Балдар бакчасында кеминде бир педиатр болушу керек. Тилекке каршы, врачтар аз маянага иштегиси келбегендиктен, айрым бакчаларда врач жок. Балдар көп оорубасы үчүн мезгилди туура тандаш керек. Анткени күз мезгилдеринде жана жаз мезгилдеринде жугуштуу оорулар көп болгондуктан, колдон келсе бул мезгилдерде баланы бакчага бербей эле коюу туура.

 Баалар, баалар...

Ал эми бала бакчалардын баалары тууралуу төмөндөгүдөй маалыматка ээ болдук. Расмий түрдө мамлекеттик бала бакчаларда бир бала үчүн айына 500-700 сомго чейин төлөнөт. Расмий эмес акчаларга келсек, баланы жайгаштыруу үчүн эле “шапкесине”  3000 сомдон 5000 сомдун тегерегинде берүү керек болот. Айрым жерлерде “бул акча бала бакчанын керектөөлөрүнө жумшалат” деп шылтоо айтышат. Көп­чүлүгүндө анын кайда кетери тууралуу айтышпайт деле.

«Шапкесин» бергенден кийин төмөнкү тизмеге туш болосуз:

Бакчанын ремонтуна –700 сом;
Оюнчуктарга – 400 сом; 
Балдардын самын-сумунуна –200 сом;
Тайпанын ремонтуна – 500 сом.

Булар биринчи келгендеги талаптар. Ал эми жеке менчик бала бакча­лардын баалары булардан эки эсе кымбат. Өзгөчөлүгү, “шапкесин” сурабайт. Айына бир балага 3000 сомдон 7000 миң сомго чейин. Жакшы жери, муниципалдык бакчалардан айырмаланып, алар бир тайпага 10-12ден ашык бала алышпайт. Айтымдарына караганда, беш маал ысык тамак берилет. Балдарды мектепке даярдоо да үч тилде жүргүзүлөт (кыргызча, англисче, орусча). Мына ушундай артыкчылыгы болгону менен, мамлекеттик деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөйт. Мисалы, санитардык жактан, юридикалык жактан бул мекемелер талапка ылайык көзөмөлдөнбөйт.

Энелерге кеңеш

 Шарт болсо, эненин баласы 3-4 жашка чыкканча жанында болгону туура.
 Мындай мүмкүнчүлүк болбосо, баланын көзүнчө эне өзүн токтоо кармоосу керек. Энесинин ыйлаганын көргөн бала бала бакчадан ого бетер коркуп калат. 
 Баланын иммундук системасын көтөрүү үчүн бир нече ай мурун балага витаминдерди берип, жайкысын жылаңаяк бастырып, алдын-ала даярдоо керек.
 Баланы бакчанын режимине көндүрүү керек. Негизгиси, горшокко отурганга жана өзү тамак ичкенге үйрөтүү зарыл. 
 Баланы бакчадан алгандан кийин ага өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени эч кандай тарбиячы энесин алмаштыра албасын бала сезгени зарыл.
 Балаңызда сасык тумоонун белгилерин байкасаңыз, бала бакчага алып барбаңыз. Башка балдарга жугуп, сиздей эле ата-эне кыйналарын унутпаңыз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан