Ак-Суудагы Ак-Чий айылына барып, колго жасалган тракторду көрүп таң калдым. «Бүгүнкү кымбатчылыкта бирөөгө көз каранды болбоюн деп өзүм эле үй шартында трактор жасап алдым» деген айыл тургуну Бакытбек Купешовду кепке тарттым.
– Бул тракторду кантип жасап калдыңыз?
– Айылда баарыбыз эле жер иштетип оокат кылабыз. Жерди убагында айдатып, маалында түшүмдү жыйнап алуу үчүн өзүңдүн айыл чарба шаймандарың болуусу кажет. Бир айылда саналуу трактор, бирин-экин гана картошка отоп-түптөөчү соколор бар. Анын кесепетинен жер айдоодо, картошка отоодо аларга кезекке туруш керек. Ошондой күндөрдүн биринде айылдагы бир аксакал үч дөңгөлөктүү унаа айдап жүргөнүн көрүп калдым. Ал картошканы отоп-түптөгөнгө жарайт экен. Кадимки трактордун эле кичинеси. Аны көрүп, мен да жасап алдым. Өзүм техникага алтынчы классымдан бери аралашып жүрөм.
– Колдо бар тетиктерден гана чогулдубу же атайын каражат сарптадыңызбы?
– Биз муну атайын арзаныраак түшкүдөй, каражатты үнөмдөп жасайлы деп чечтик. Жарактан чыгып калган ар кандай автоунаанын тетиктерин колдонуп, кичинекей трактор жасайбыз. Бул трактордо Жигулинин коробкасы, Муравейдин мотору, алдыңкы бөлүгү Запорожец унаасыныкы, арткы мосттору Москвичтики, дөңгөлөктөрү болсо трактордуку. Алгач жасап баштаганда кызыгып кетип, айдап жүргөн машиналарыбыздын тетиктерин чыгарып алып жасаган күндөрүбүз да болду. Убакыт өтүп, иштин көзүн таап алдык, эскилиги жеткен машиналардын керектүү тетиктерин алабыз. Бир тракторду жасоо үчүн алгач 1,5 ай убакыт жумшасам, көнүп калгандан кийин 20 күндө жасап калдым. Биринчи жасаган тракторлорго азыр көп өзгөрүү кирди.
– Анда тракторуңуз бир топ эле керекке жарап жаткан турбайбы?..
– Албетте, гектарлаган картошканы отоп-түптөгөнгө, казганга жарайт, аркасына прицеп чегип, ар кандай жүктөрдү ташыйбыз. Мени көрүп, айрым айылдаштар дагы жасап жүрүшөт. Менин билишимче, айылда мындай 14 трактор бар. Арасынан экөө солярка, калганы бензин менен иштешет. Мисалы, бензин менен иштегендер 1 гектар картошканы отогонго 7-7,5 литр, солярка менен жүргөндөргө 3 литр кетет. Кардарлар бир гектар картошканы отоп же түптөгөнгө 400 сом өлчөмүндө акча жана 7 литр бензин куюп беришет.
– Бүгүнкү күнгө чейин канча трактор жасадыңыз?
– Биринен-бири көрүп, «жасап бер» деп кайрылып башташканынан суроо-талап менен жасап жүрөбүз. Жасаган трактордун үлгүсүнө жараша баасын бычабыз. Бензин менен иштегендер 60-70 миңге чейин, солярка менен иштегендер болсо 50-55 миң сом болот. Алты жылдан бери баш-аягы онго жакын трактор жасадым. Жыйырма күндө тапкан 60 миң сом каражаттын жарымы өзүнүн материалына кетсе, жарымы өзүбүздүн үй-бүлөбүзгө жумшалат.
– Азыр тракторлордун көбү Кытайдан алынып келинет. Сиз жасаган трактордун алардан айырмасы эмнеде?
– Кытай мамлекети чыгарган тракторлор көрүнүшү жагынан кооз, жүргөнү дагы жеңил. Бирок сапаты жагынан начар. Аны деле айдап көрдүк, бузулса тетиктери табылбайт. А биздин тракторлор жасалгасы кооз болбосо да, сапаты мыкты. Азыр жаңы трактордун баасы жүз миңдеген акчаны талап кылат, андан көрө биз колго эле минтип жасап алабыз. Кадимки чоң трактор кылган иштин баарын аткарат.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg