«Уулубуз оозангандан өрүк жечү,
Умтулуп, там-туң басып терип жечү.
Баланын тили таттуу, аттиң арман,
Өрүккө тили келбей, өлүк дечү...»
КРнын Эл артисти Роза Аманова созгон айтылуу «Өрүк комуз» дастанын кимдер гана уккан эмес?! Бул дастан өзгөчө көөдөнүндө жоготуунун арманы бар пенделердин көңүл чордонунан орун алып, азыркы күнгө чейин ырдалып келет. Аталган чыгарма качан, кантип жаралган?
-Мен үчүн бул окуяны эстеш өтө оор. Бул жалгыз уулумдун күйүтүнөн, аны сагынганымда чыгарылган, жан дүйнөмдү сыздаткан обон. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн окуяны башынан айтып берейин.
Өзүм Талас шаарында жашайм. 1965-жылы тун уулубуз Тынчтык төрөлдү. Артынан татынакай карындаштары келди. Ата-энелик милдетибиз экен, жалгыз уулубузду Бишкектеги окуу жайлардын биринен окуттук. Окууну аяктагандан кийин Тынчтык бизге каралашып Таласка келип иштеп жүрдү. Союз учурунда жумушчуларды чарба жумуштарына тартышчу эмес беле. Аны Токтогулга, күзгү тоют топтоо ишине жиберишти. Тагдыр экен, ал жактан өзү эмес, сөөгү келди. Сууга чөгүп каза болуп калыптыр. 22 жаш! Кандай курак?! Оюн десе оюнга, күлкү десе күлкүгө тойбой турган кез... Ошентип, бүгүн-эртең үйлөнөм деп турган кырчындай курактагы уулубуздан айрылып, сыздап кала бердик. Көпкө кыйналып жүрдүм. Бир күнү отурсам мага бир кайрык келип, дароо обонго салдым. Жыйынтыгында ушул обон жаралды. Кийин бул обонго Мидин Алыбаевдин «Сулууга», Жолон Мамытовдун ырларын салып эл арасында ырдап жүрчүмүн.
Бир жолу Таласка акындар Акбар Рыскулов, Шайлообек Дүйшеев, Райымжан Курбанов жана жаңыдан ырдап чыгып келе жаткан Роза Аманова эмгекчилер менен жолугушууга келишиптир. Өзүм жолугушууга бара албай калган элем. Ошол жерде, дасторкон үстүндө баягы менин обонумду жергиликтүүлөрдүн бирөөсү ырдаптыр. Обон Розага аябай таасир калтырса керек, эртеси мени сураштырып таап, «байке, бул обон кайдан жаралган, өтө эле муңдуу экен?» деп сураганынан, баламды жоготуудан улам жаралганын айтып бердим. Ал «тексти мага анча жаккан жок. Обонун ырдап жүрөйүн, уруксат бериңиз» деп сурап кеткен эле. Бир күнү эле радиодон Розанын аткаруусундагы менин баягы обонум кетип жатат. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла! «Өрүк комуз» чыгары менен элге тез алынып кетти. Бул үчүн Акбар Рыскуловго да, Роза Амановага да ыраазычылык билдирем.
Акбар Рыскулов, акын:«КААРМАНДЫ ЖАШ БАЛА БОЛСО КЕРЕК ДЕП ОЙЛОГОМ»-1989-жылдары болсо керек, «Кыргызстан жазуучулар уюмунун» уюштуруусу менен Таласка, эмгекчилер менен жолугушууга барып калдык. Арабызда музыкалык окуу жайда окуп жүргөн Роза да бар эле. Бир күнү ал комузунда муңдуу кайрыкты кыңылдатып жатат. «Кайдан алдың?» десем, «ушул жердеги Кожакмат деген зоотехниктен алдым. Баласы кайтыш болгондо арман кылып чыгарган күүсү экен. Буга текст жазып берсеңиз, мен ырдайт элем» деп калды. Менде мындан башка маалымат жок эле. Каза болгон баланы жаш бала деп элестетип алып, адегенде өрүктүн дарагын элестетип, андан кулап далысын сыйрыткан кичинекей баланы сүрөттөп, акыры ырды трагедиялуу бүтүргөн элем.
Негизинен, бул дастан бир жумада жазылып бүттү. Эч бир жеринен такалып, кыйналган учурум болгон жок, шыр кетти. Бул да болсо менин баласын жоготкон адамдын жан дүйнөсүн терең түшүнүп, образга кирип кеткендигимден улам болсо керек. Ыр бүтүп, Роза комузга салды. Көп өтпөй эле Роза ушул дастаны менен Нарындагы дастанчылардын сынагына катышып, баш байгеге ээ болду. Ошондогу Розанын бул дастанды көзүнөн жаш чыгарып, ийине жеткире аткарып бергени азыр да элдин эсинде болсо керек.
Кийинчерээк Кожакмат аке менен Бишкектен кезиктим. Ал мага «рахмат, ошондогу жоготуудан, сагынуудан жаралган обонума тил киргизип бергениң үчүн» деп ыраазычылык билдирген эле.
Нургүл Чабдарова
star@super.kg