КҮРӨШ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН ЧЫГАБЫ?

Жакында Эл аралык Олимпиада комитетинин алдында түзүлгөн топ олимпиадалык спорт түрлөрүн карап чыгып, «күрөш спортун 2020-жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын программасынан чыгаруу керек» деген билдирүү жасады. Дүйнө элин ордунан козгогон бул маселе боюнча сөз кылбай коё албадык.

ЧЕЧИМДИ 8 КИШИ ЧЫГАРДЫ
Күрөштү Олимпиаданын программасынан чыгаруу тууралуу чечим чыгарган ЭОКтун алдындагы топто 14 киши бар. Алар алгач 25 негизги олимпиадалык спорт түрүн иргеп алышкан. Ал эми күрөш, пятиборье (беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш) жана чөптө ойнолуучу хоккей спортторунда Олимпиаданын катарынан чыгып калуу коркунучу пайда болгон. Андан соң 4 раундга созулган добуш берүүнүн жыйынтыгында «күрөш Олимпиада оюндарынын катарынан чыксын» деп 8 киши добуш берген.
Негизи, күрөштүн күн санап начарлап жатканы сөз болуп, анын телевизиондук рейтинги, билеттердин сатылышы, допингге байланышкан чырлардын саны, ММКлардын кызыгуусу жана дүйнөдөгү популярдуулугу каралган. Мындай спорт түрүнүн Олимпиададан чыгып калуусу туура эмес көрүнүш. Демек, ЭОКтун президенти Жак Рогге күрөштүн өнүгүүсү үчүн эскертүү катары ушундай маалымат таратты деген пикирге ишенсек деле болчудай. Буга чейин да Рогге күрөштө тез-тезден эреже алмашып, быт-чыты чыгып жатканы тууралуу айтып келген.

ЧЕЧИМ СЕНТЯБРДА ЧЫГАТ


Бул 8 спорт түрүнүн ичинен кайсынысы Олимпиадага барары тууралуу чечим быйыл майда Санкт-Петербургдагы жыйында каралат. Акыркы чечимге сентябрда ЭОКтун Аргентинадагы отурумунда кол коюлат. Күрөш олимпиадалык спорт түрлөрүнүн катарында калуу үчүн бейсбол, каратэ, роллер-спорт, сквош, спорттук аскага чыгуу, вейкбординг жана ушу спорттору менен катар каралат. Эгерде чын эле күрөш олимпиадалык спорт түрлөрүнүн катарынан чыкса, жогорудагы спорт түрлөрүнүн бири Олимпиаданын программасына кирет. 2013-жылдын сентябрь айында 2020-жылкы Олимпиаданы кабыл алчу шаар белгилүү болуп, ошол күнү күрөштүн тагдырын чечкен акыркы сөз айтылат.
Эң беделдүү спорттук саамалыкты өз үйүндө өткөрүү үчүн азыр Токио (Япония), Стамбул (Түркия) жана Мадрид (Испания) шаарларынын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Эгерде күрөш аталган оюндардын катарынан чыга турган болсо, анда Мадрид олчойгон упай алат. Анткени Түркия менен Япониянын негизги ишеничи күрөшкө ыкталган спорттук базалар жана ушул спорт менен машыккан балбандары болууда.

ДЕРЖАВАЛАР АРАЛАША БАШТАДЫ
Билсеңиз, күрөш искусствосу адам баласына акыл бүткөндө калыптанып, биздин заманга чейин Грецияда алгачкы Олимпиада оюндарында ойнолгон. Азыркы тартипте өтүп жаткан Олимпиаданын программасына 1900-жылы кирген. Башта эркин күрөш менен грек-рим күрөшү гана болсо, «Афины-2004» Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшү да кошулган. Акыркы 10 жылда анын эрежелери катуу өзгөрүп, техникалык ыкмалар дээрлик колдонулбай калганы айтылып келген.
Бул спорт түрү биздин өлкөбүздүн негизги ишеничи болгондуктан, маселе оң жагына чечилет деп үмүт кылабыз. Бир чети күрөш боюнча ири державага айланган Орусия, АКШ жана Ирандын бийлик төбөлдөрүнүн бул маселеге тереңден аралаша баштаганы үмүт отун жандырууда. Күрөштүн Олимпиада оюндарынан чыгып калышы, эң ириде Кыргызстанга залакасын тийгизери белгилүү. Бирок күрөш кимге керек, кимге керек эмес экени эми эле айкын болуп калды. Америкалык басылмалардан тартып, дүйнөнүн бардык жеринде «мындай чечим чыкпоого тийиш» деген пикир айтылууда. Айрымдар болсо «саясий оюн» деп сындаса, айрымдар «УОК өзүнө көңүл бурдуруу үчүн ушундай кадамга барып жатат» деген пикирде. Эң негизгиси, күрөштүн өнүгүүсү үчүн, илгертеден келаткан улуу спорт түрүнүн сакталып калуусу үчүн дал ушундай эскертүүлөр болуп турганы жакшыдыр деген ойдобуз.

Бизде күрөш тармагында иштегендер төмөнкүдөй пикирлерин билдиришти."РОГГЕ ФИЛАГА СӨӨМӨЙҮН КЕЗЕДИ..."

КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВ, «Бээжин-2008» Олимпиадасынын күмүш медалчысы, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу:
– Бул чечимди мен туура эмес деп эсептейм. Байыркы Грецияда Олимпиада оюндарынын башында дал ушул күрөш спорту болгон да. Азыр ЭОКтун эмне деген сунуш киргизип, эмне кылып жатканы түшүнүксүз. Негизи, ушунун баарына
ФИЛАнын (Дүйнөлүк күрөш искусстволорунун комитети) президенти Рафаэль Мартинетти күнөөлүү. Күрөшкө акчаны аралаштырып, эрежени каалагандай өзгөрттү. Эреже бат-бат өзгөрүп жатса, эрежени түшүнө албай калган элге күрөштүн эмне кызыгы бар? Азыр Орусиянын президенти Владимир Путин баш болуп, бир топ ири саясатчылар ичтен аралаша башташты. Биздикилер деле баш көтөрсө болмок... Негизи, кыргыз спортун күрөш эле таанытты да. Эгерде күрөш Олимпиада оюндарынын катарынан чыгып калса, анда Кыргызстан көп убакытка чейин жакшы жыйынтык көргөзө албайт...

ШАРШЕН КАСЕНОВ, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу:
– Чынында, бул кабар коркутуп койду. Антсе да мен муну ЭОКтун президенти Жак Роггенин эле кадамы деп билем. Ал күрөштүн мындан ары да өзгөрүп, такыр кызыксыз болуп калуусунун алдын алып жатат. Жанагы Рафаэль Мартинетти эреженин баарын бузуп, күрөштү талкалап кетти. Негизи, мен 1971-жылдан бери эркин күрөштө жүрөм. Мурун техникага көңүл бөлүнчү. Азыр болсо балбандар бир жарым мүнөт атаандашы менен сүзүшүп коюп, шар тартылуусун күтүшөт. Анан калыстар шарды тартып, грек-рим күрөшүндө партерге жаткырат. Ал эми эркин күрөштө бутун карматып коёт. Бул деген жаман-жакшы күрөшкөнүнө карабай, жеңишти бирөөгө берет дегендик. Бул кадамы менен Рогге ФИЛАга сөөмөйүн кезеп, «күрөштү өнүктүргүлө» деген эскертүү берди деген ойдомун. Күрөштүн Олимпиаданын курамынан чыгып каларына көзүм жетпейт.

 Кыстарылган видео 
Күрөш олимпиаданын программасынан чыгабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kurguz...
2013-03-10 17:28:37
Курошту алгыча башкасын же озун башын алсын!
0
iliyas88
2013-03-25 20:17:30
курош эч убакта олимпиада оюндарынан алынбайт.
0
iliyas88
2013-03-25 20:18:22
курош №1
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан