КРнын Президенти Курманбек БАКИЕВ:«ААЛАМГА КАРАЙ ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ»
1949-жыл. Алаамат согуштан кийин өлкө акырындап бутка тура баштаган кез. Жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде, так айтканда, 1- августта Сузак районунун Масадан айылында ата-энесин чексиз кубанычка батырып бир уул төрөлдү. “Жетинин бири кыдыр” деп коёт кыргызда. Жаш бүлөнүн бул тун уулу 7 биртуугандын улуусу да, эл башкарган курчу да болду.
Бүгүн айрым замандаштар учурдагы бийликти түп тамырына жеткире сындап, жамандашса, айрымдар кыска мөөнөт ичинде өлкөдө оозго аларлык бир топ жакшы иштер болгондугун айтып келишет. Кандай болгон күндө да журт башы болуу ар бир эле пенденин колунан келер иш эмес. Анан да мындай милдет ар бир эле адамдын маңдайына буйрубаган. Биз учурда журт атасы болуп турган Курманбек Салиевич Бакиевдин саясатчы эмес, адамдык бейнесине көз салып көрдүк.
Балалыктын айылында
Ажонун балалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу алакандын отундай болгон Масадан айылында өткөн. Азыр ал айыл Тейит деп аталып калган. Алакандын отундай дегенибиздин да жөнү бар. Ал кезде айылда ашып кетсе 70-80 түтүн болгон дешет. Көп өтпөй Бакиевдердин үйбүлөсү Жалал-Абад шаарына жакын жерге көчүп келишет. Ошентип, биздин каарман Жалал-Абад шаарындагы №3 орус тилдүү мектепке окууга кирет. Атасы НКВДнын кызматкери болгондуктан, Бакиевдердин үйбүлөсү бир жайга көпкө токтолбой, улам орун которуп жүрүшөт. Андыктан Курманбек Бакиев Кочкор-Ата шаарчасындагы мектеп-интернатта да билим алып, аягында кыргыз тилдүү мектептен окуусун аяктайт. Ажо өз эскерүүлөрүндө эмгекчилдикти атасы Салиден энчилеп алганын айтып калат. “Кызыл-Мээнет” колхозунун башкармасы болуп да эмгектенген атасы “эркек киши жаш кезинен кара жумушка бышышы керек” деген пикирди бекем тутуп, балдарын да турмуштун ушул жөнөкөй, бирок зарыл шартына үйрөткөн.
Студенттик күндөрү Куйбышевде өткөн
СССР аттуу ири держава күчүнө кирип турган кезде өнүп-өсөм деген жаштар борбордук ЖОЖдордон билим алууну эңсешчү. Ал жаштардын катарында биздин каарман да болгон. Мектепти аяктаган соң ал Куйбышевдеги Политехникалык институтка тапшырган. Аталган институттун Автоматика факультетинин Электрондук эсептөөчү машиналар боюнча адистигине ээ болгон жигит дагы бир нече жылга бул шаарда иштеп калды.
Нике кайып...
Жашоодо эч нерсе кокусунан болбойт. Курманбек Салиевичтин ушул турган Кыргызстандан Куйбышевге (азыр Самара) барып окуп калышын жубайы тагдырдын буйругу деп билет. Татьяна Васильевнанын айтымында, алар февраль айынын ызгаардуу таңында таанышышкан. Ал күнү Татьяна алыскы Фергана өрөөнүнө кеткен курбу кызын тосуп алганы вокзалга барган. Анын курбусу менен поездде чогуу келген жигит жүктөрдү түшүрүүгө жардам берип, такси кармап дегендей, сый-урмат көрсөтөт. Ал жигит Курманбек Бакиев болчу. Жубайынын айтымында, экөөнүн баш кошуусуна алгач ата-энелери каршы болушкан. “Бир жарым миллиондой калкы бар, түгөл орустар жашаган шаарда жашап туруп, кыргыз жигитти кайдан таап алдың?”- деп ал кезде Татьяна Васильевнанын апасы түшүнө албай таң калган экен. Бакиевдин Жалал-Абаддагы ата-эне, туугандарынын арасында анын орус кызга үйлөнүшүн жактырбагандар да, жактагандар да болуптур. Бирок каршылыктарга карабай, үйбүлө очогун тутанткан бул 2 инсан бүгүнкү күнгө чейин балдарды, неберелерди бирге тарбиялап, турмуштун катаал жолунда чогуу келишет. Ажонун жубайы өз интервьюларында: «Майрам Акаевадай болуп жолдошумдун мамлекеттик иштерине аралашпайм», - деп келет.
Баары жөнөкөйдөн башталат
Театрда “сахнага карай жол кийим илгич жайдан башталат” дешсе, ал эми күч органдарында “генерал болууну каалабаган солдат, солдат эмес” дешет. Анын сыңарындай, Курманбек Салиевич да КРнын Президенттигине алып келген эмгек жолун жөнөкөй жумушчудан баштаган. Дозатор, балык комбинатында жүк түшүрүүчү, электромеханик, инженер-математик жана башка кызматтарды аркалап жүрүп отуруп, 1990-жылы КПССтин Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи катчылыгына шайланат. Ошондон тартып биздин каармандын коомдук ишмердиги башталат. Тоо коюнундагы Тогуз-Торо районунун акими, Жалал-Абад облусунун губернатору, Чүй облусунун губернатору, КРнын Премьер-министри, ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, КРнын Президентинин милдетин аткаруучу жана Премьер-министр. Ал эми 2005-жылдын 10-июлунан тартып КРнын Президенти.
Бул жылдар аралыгында...
Курманбек Бакиев бийликке келген 2005-жылдан бери өлкөнүн тарыхында калар бир топ алгылыктуу иштер, опурталдуу окуялар болду.
Өлкөнүн Баш мыйзамына реформа жасалды. Бул ишке байланыштуу атуулдук кагылышууларга чейин алып келген окуялар болгондо журт атасы өзүнүн жанда жок сабырдуулугун көрсөтүп, реформаны ишке ашырып тынды.
Курманбек Бакиевдин өзүнүн саясый оппоненттери менен иштөө стили, аларга карата айкөлдүгү да коллегаларынын таңдануусун жаратып келет. Ажо менен сүйлөшүүгө келип, мамлекеттик кызматты аркалаган оппозициянын үлкөн өкүлдөрү А.Атамбаев, Ө.Субаналиев, М.Эшимканов, Ө.Бабановдор буга мисал боло алат.
2005-жылы бул инсан өлкө башчылыгына келгенде мамлекеттик бюджет 18 миллиард сомду түзсө, быйыл бул сумма 52 миллиардга жетти.
Өзгөчө белгилеп көрсөтөр нерсе - “Камбар-Ата” ГЭСинин курулушу. Туш-тараптан ар кандай сындар айтылганына карабай, Курманбек Бакиев башында турган Кыргызстандын өз күчү менен бул ири долбоорду ишке ашырууга бел байлаганы тарыхта ири тамгалар менен кала турган иш.
Биртууган Бакиевдер
Курманбек Бакиевдин көп балалуу үйбүлөдөн экени көпчүлүккө маалым. Адатта, көпчүлүктү өлкө башында турган адамдын жасап жаткан иштери менен катар анын үйбүлөсү, биртуугандары да кызыктырары анык. Ал түгүл бул кызыгуу ар кандай ушактардын жаралышына түрткү болот. Мындай көрүнүштөн Бакиевдердин үйбүлөсү да четте калган жок.
Белгилүү болгондой, ажо бүлөдө 7 биртуугандын улуусу. Андан кийинки иниси
Жусупбек Бакиев. Эмгек жолун пионер вожатыйдан баштаган бул инсан Жалал-Абад шаардык кеңешине 2 ирет төрагалыкка шайланган. Агасы өлкөнүн президенттигине шайланганда ар кандай кеп-сөздөрдүн болушун каалабай, бул адамдын мамлекеттик кызматтан баш тартканы тууралуу айтылат. Көзү өтүп кеткен бул инсандын атында учурда кайрымдуулук фонд иштеп келет.
Экинчи иниси
Каныбек Бакиев. Биртуугандардын арасынан бул адам тууралуу ММКларда көп жазылбайт. Анткени Каныбек Бакиев
кичи мекенинен алыс кетпей, ата-энеси жашаган айылда калып, дыйканчылык менен алектенип калган. Учурда ал өзү жашаган айылда айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенет.
Жашы боюнча ажонун үчүнчү иниси көпчүлүккө белгилүү генерал-лейтенант
Жаныбек Бакиев. Карагандыдагы Жогорку милициялык окуу жайында билим алган бул инсан эмгек жолун катардагы кылмыш иликтөөчүдөн баштап, учурда Мамлекеттик күзөт башкармалыгын жетектөөдө. Башкача айтканда, президент

агасынын коопсуздугуна толугу менен жооп берүүчү чиновник.
Өлкө башчысынын төртүнчү иниси
Акмат Бакиев маалыматтарга караганда жеке бизнес менен алектенет.
Бешинчи иниси
Адыл Бакиев учурда Тышкы иштер министринин кеңешчиси.
7 эр жигиттин кичүүсү
Марат Бакиев учурда Германияда. Ал Кыргызстандын Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси.
Атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул...
Катардагы пенделерден айырмаланып, ажонун балдары көпчүлүктүн көңүл борборунда, элдин сынында жүрөрү бышык. Курманбек Бакиевдин 2 уулу бар. Улуусу Марат Бакиев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте кызмат өтөп келет. Үйбүлөлүү.
Ажонун экинчи уулу Максим Бакиев. Жеке ишкер, бизнесмен. Агасынан айырмаланып, бул жигит жөнүндө эл ичинде түркүн кеп-сөз айтылып жүрөт. Үйбүлөлүү.
Төлөгөн Жакып
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.