КӨРҮНҮП КОЙЧУ БИР ЖОЛУ, БУЛУТТАН ЧЫККАН АЙГА ОКШОП...

Көңүл чөгүп же кубанып турганда керемет музыканы самап, дароо радио менен жолдош болушуңуз мүмкүн. Анан эле ди-джейлер сүйлөп киришет. Алардын өңүн көрбөгөнүңүз менен үнүн угасыз. Ушундан улам сизге «булар кандай адам болду экен?» деген ой келсе керек, ээ? Биз ошол «булбулдар» менен сырдашып отуруп, алардын жан дүйнөсү таза, шайыр мүнөз экендиктерин байкадык.


«Тумар» радиосу

Адилет Нурбеков

Москва районунун Мураке айлында союз тараган жылы төрөлгөн.
Үйбүлөдө – 3 биртуугандын ортончусу.
Боюнун узундугу – 183 см, өтө узун.
Учурда – Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун
Театр жана кино факультетинин 2-курсунун студенти.
Сүйлөшкөнү – Бар болчу, азыр жок.
Дайыма колдонгон макалы – “Аракет кылсаң берекет”.
Эфирде көп кайталаганы – Ал эми-и.
“Эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитинин жаңы санында.., “Супер-Инфо” – мезгилден артта калбаңыз!” деп жума сайын эфирде жаңырган үн ушул жигитке таандык. Адилеттин “Тумарда” иштегенине 1 жыл болду. Биринчи жолу эфирге 2008-жылы 22-мартта чыккан. Алгачкы эфири болгондуктан, абдан сүрдөгөн. Сүрдөгөнүнөн улам “Урмат Усее...” деген боюнча ырчынын аты аягына чыкпай калып кеткен. Ди-джей болуу – Адилеттин көптөн эңсеген тилеги болчу. Ошол үчүн айрым тоскоолдуктарга карабай, бул тилегин орундатканга жетишкен. Сейнегүл деген такай угарманы Адилетке белегин көтөрүп жумушуна чейин келген. Кыскасы, Адилеттин үнүн угуп, эстен танып кала жаздаган күйөрман кыздар көп. Кыздар, үнүн угуп сүйсөңөр, эми өзүн көрүп сүйгүлө.

Элиза Кененбаева

1987-жылы Кеминде төрөлүп өскөн.
Кыргыз-орус славян университетинин Архитектура бөлүмүнүн студенти.
Үйбүлөдө – 3 кыздын ортончусу.
Эфирде көп кайталаган сөзү – Мен, Элиза Кененбаева.
Учурда – Башы бош, бопбойдок.

«Эфирде «Тумар» радиосу, кутмандуу күнүңүздөр менен!» деп таттуу сүйлөгөн ди-джей кыз Элиза. Элиза аталган радио ачылгандан бери иштеп келет. Алгач кастингге анын эжеси катышкан. Эжеси менен бирге келген Элиза кастингге жөн эле кызыгып катышып көргөн. Ошентип, ди-джейликке эжеси эмес, Элиза өтүп кеткен. Үнүн угуп, өзүн көргүсү келген күйөрмандары көп. Ошолордун бирөө капысынан эфирден Элизага “мен сени сүйөм” деп айтып салган. Жанара Атабековадан өзүнө жаккан учкул сөз угуп калса, дароо жаттап алып бир күн кечке айта бермей адаты бар.

Бегайым Абдыкадырова

1983-жылы туулган.
И. Арабаев атындагы университетти аяктаган.
Ү
йбүлөдө – 4 биртууган.
Эфирде көп кайталаган сөздөрү – Мисалы, достор.
Учурда – Красавчик жигити бар.
Дайыма колдонгон макалы – “Сулууга суктанбаган жүрөк болбойт, таалайга талпынбаган тилек болбойт”.
“Ардактуу достор, бул “Тумар” радиосу” деген сулуу ди-джей Бегайым. Бегайым “Тумар” радиосуна чейин Пирамида телеканалында, Кыргыз радиосунда иштеген. Ошондуктанбы, бул жердеги ишине бат эле көнүп кеткен. Бегайымдын үнүнө тамшанган күйөрмандары көп. Жылдызбек аттуу угарманы Бегайымга дайыма чалып, ал-жайын сурап турат. Дагы бир күйөрманы жумшак оюнчук көтөрүп алып, Бегайымды жумушуна чейин издеп келген. Бир жолу эфирде “Ал Давай” тобунун жигиттери менен кыргызча маектешип отуруп, орусча сүйлөп салган.


«Кыргызстан Обондору» радиосу

Аскат Алдашев

1988-жылы 4-декабрда төрөлгөн.
Үйбүлөдө – 2 биртууган.
Киндик каны –Тоң районунун Көк-Сайында тамган.
Учурда – Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында 3-курста сырттан окуйт.
Учурда – Бойдок, телефону жок.
Эфирде көп колдонгон сөзү – Жа-акшы, албетте.
“Ыр дүкөндөн ыр десте, жүрөгүмдүн ээсине!” деген ураандан кийин “салам!” деген ди-джей Аскат Алдашев. Аскаттын радиодо иштегенине 5 ай болду. Аскат түгөй издеп, SMS жазгандарды жарыялап тааныштыргыч. Башкача айтканда, “Уя” берүүсүн алпарат. “Обондоруна” келген SMSтин 30 пайызы Аскаттын атына келет. Аскат өзүнө келген билдирүүлөрдү окубай калды. Себеби жакында эле угармандардан келген SMSтин башы келбей калгандыктан, «мага арналган турбайбы» деп окуп коюптур. Көрсө, ал башка эле жигитке арналган экен. Кыскасы, Аскат жашоодо шайыр, каткырыгы таш жарган жигит. Ал эми эфирде уялчаак. Айрыкча, микрофондон абдан сүрдөйт. Аскаттын эфиринде компьютер бузула бергендиктен, “компьютер эркелей баштады” деп көп айтат.

Мээрим Жыргалбекова

1988-жылы төрөлгөн.
Бишкекте төрөлүп өскөн.
Кыргыз-орус славян университетинин Философия бөлүмүндө 3-курста окуйт.
Учурда – Шамалдай эркин.
Иштегенине - 1 жыл 3 ай 5 күн болду.
“Жашоо кереметти” ар күнү кайталаган ди-джей Мээрим. Мээрим бул радиого келгичекти орус тилдүү радиодо ди-джей болуп иштеген. Өзү тээ бала бакчадан баштап орусташкан чөйрөдө жүрөт. Ошондуктан айрым кыргызча сөздөрдү акцент менен сүйлөп койгон учурлары болгон. Айрыкча SMS деген сөздү сонун айтат. Бул анын өзгөчө стили. Эфирде бир жолу “и-ий, жарнамага жетишпей калдым” деп жиберген. Жумушта отуруп, таенеси айткан макалдары эске түшөрү менен аны айтканга үлгүрөт. Анан да столунун үстүнө устаты ди-джей Эдил Эркинбаев менен апасынын сүрөтүн коюп алган. Анткени алардын сүрөтүн карап, алардан күч-кубат алып сүрдөбөй калат.


«Алмаз» радиосу

Роза Ибраимова

1987-жылы Кочкор районунун Чоң-Туз айылында туулган.
Үйбүлөдө – 6 биртуугандын улуусу жана сулуусу.
Таттууну танбай жейт, бирок толуп кетпейт.
Улуттук университетте сырттан окуйт.
Учурда – Бойдок.
“Жалпыңыздарга жагымдуу күн!” деп эл менен учурашкан Розанын аталган радиодо иштегенине 1 жыл 2 ай болду. Учурда радионун көңүл ачуучу программаларынын редактору. Ошону менен биргеликте “СуперTV” музыкалык-маанайшат теледолбоорунун алпаруучусу. Роза бир жолу ырчы Урмат Усенов менен маектешип олтурганда свет өчүп калат. Анан светтин күйгөнүн байкабай калып, “и-ий, Кудай, эми эмне кылабыз?” деп кейип жиберген. Учурда Роза эки жумушка үлгүрүп, буту-бутуна тийбей жүрөт.

Марат Мырзабеков

1987-жылы Шамалды-Сайда төрөлүп өскөн.
Эфирде көп кайталаган сөзү – Кудайга шүгүр
Үйбүлөдө – 3 биртууган.
ОшМУнун Эл аралык байланыштар факультетинде 4-курста сырттан окуйт.
Учурда – Сүйлөшкөн кызы бар.
“Ассалому алейкум, ардактуу угармандар, кетмен көтөрүп бараткандар же мага окшоп жумушта отургандар!” деп баштайт Марат. Мараттын ди-джей болуп иштегенине 7 ай болду. Марат бул радиого келери менен өз аудиториясын тапканга жетишкен шайыр жигит. Бир жолу Маратка бир күйөрман кызы байланышка чыгып, түз эле сүйүүсүн билдире баштаган. Анда Марат: “О-оо, мен баарыңарды сүйөм”,-деп кутулуп кеткен. Дагы бир жолу белгилүү бир ырчы менен 20 мүнөт маектешкен соң кесиптеши “эфирде жоксуңар” деп айткан. Көрсө, микрофон өчүп калыптыр. Алар берилип маектешип бүтүп калган экен.


«Түнкү белес» радиосу

Нуркыз Исакова

Зодиак белгиси – Балык.
Дайыма колдонгон сөзү – Мекенимдин быкшып чыккан түтүнү бал жыттанат.
1 уулдун сүйүктүү энеси.
“Түнкү белес” радиосунун ди-джейи Нуркыздын үнүн көп­чү­лүк тааныйт. Анткени анын ди-джей болуп иштегенине 8 жыл болду. Нуркыз патриоттук сезимдерин “Мен кыргызмын” берүүсүндө чыгарат. Ал эми сырдашуу программасында өлкөбүздүн аттуу-баштуу инсандары менен маектешип, алардын сыр сандыгын ачып, угармандарга жеткирет. Бир жолу микрофонду ачык таштап коюп, бир ырчы менен жарышып ырдап да жиберген. Азыр тажрыйбалуу ди-джей.

Самат Асанакунов

1987-жылы төрөлгөн.
Ысык-Көлдөн болот.
Үйбүлөдө – 9 биртуугандын бешинчиси.
Кыргыз улуттук университетинин Физика жана электроника факультетинин бүтүрүүчүсү.
Учурда – Сүйүүдөн көңүлү калган бойдок.
«Эфирде жаңылыктар программасы» деп жаңылыктар менен тааныштырган “Түнкү Белестин” серьёзный ди-джейи Самат. Саматтын радиодо иштегенине 3 ай 7 күн болду. Самат эфирге көчөдө кетип баратып деле даярдана берет. Мисалы, эфирде айтчу сөздөрүн маршруткада кетип баратып айтып алып, далай элди таң калтырган. Жаңылыктарды алып баргандыктан, өтө так болууга аракет кылат. Аба ырайын айтканда бүгүнкүнү айтам деп, эртеңки күндүкүн айтып салган учурлары болгон.

Окурман, булардын үнүн угуп жүрсөңүздөр, эми жүзүн да тааный жүрүңүздөр.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан