Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча рейтингде 2013-жылы 179 мамлекеттин ичинен 106-орунду алып, КМШнын кээ бир өлкөлөрүн артта калтырды. Рейтингде өткөн жылга салыштырмалуу 2 позицияга көтөрүлгөн.
Постсоветтик мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын алдында 100-орунду ээлеген Грузия бар. Ал эми Украина 126-орунду, Орусия 148-орунду алышкан. Андан кийинки орундарда Азербайжан 156, Казакстан 160 жана Өзбекстан 164-орунда. Рейтингде биринчи орунга үчүнчү жолу катары менен Финляндия чыкты, ал эми Улуу Британия 29-орунда болсо, АКШ 32, Франция 37-орунда.
Аналитиктер демократиялык өлкөлөрдөгү сөз эркиндиги авторитардык өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча жакшыраак экендигин белгилешкен. Тизмеден Түркмөнстан, Кытай, Эритрея өлкөлөрү четтеп калган. Эритрея – журналисттердин өлүмү жана камакка алынышы боюнча лидер. Ал эми түркмөнстандык бийликтин реформа тууралуу айткандары сөз боюнча калып, иш жүзүндө ЖМКны көзөмөлдөө жоюлбай келет.