Акыркы алты айдан бери дайыны чыкпай калган мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жазга бир күн калганда үн катты. Узак убакытка созулган баарлашуунун жүрүшүндө экс-премьер өзүнүн тегерегинде орун алган айың-кептерге ачык-айкындык киргизип, ошол эле учурда Жогорку Кеңеш менен азыркы министрлер кабинетинин ишине өз пикирин айтты. «Алты ай унчукпай отурдум. Анткени ким кызматка келбесин, ага убакыт берүү керек. Бирок мына жарым жыл өттү, бул өкмөттүн «реформа» деген сөзү жок! Эмне кылдыңар десе, «биз стабилдүүлүктү сактап калдык» дейт. Аны өкмөт эмес, эл сактап калды. Биз баштаган көп реформалар токтоп калды»,- деди Өмүрбек мырза маек учурунда.
Жаздын келиши менен Бабанов митингге чыгабы? Президент Алмазбек Атамбаев менен болгон мамилеси учурда кандай? Ишкердик менен бутуна турган Өмүрбек мырзанын байлыгы чынында канча? Ушул жана башка суроолордун жоопторун эмки саныбыздан окуңуз.