БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИНЕ ДАЯРДЫГЫҢЫЗ КАНДАЙ?

“Кош эмесе, мектебим, кайра келер бекенмин...” демекчи, 10 жыл бирге окуган классташтар мамлекеттик сынактарды тапшырып бүтүп, бүтүрүү кечесине даярданып жаткан кези. Кеченин ханышасы болууну бардык эле кыздар каалашат. Бул салтанатта “кантип боёнуп, чачымды кандай жасасам, эмне көйнөк кийсем?” деп, албетте, жигиттерге караганда бийкечтер көбүрөөк баш катырышат. Ошондуктан мындай кечеге барышпаса да үч ырчы кызыбызды жана ырчы жигитибизди стилист Замира Молдошева боёнуу, чач жасалгалоо, кийинүү жагынан бүтүрүү кечесине даярдады.


Айгүл Чалова

Бул тегерек бет ырчы кызыбыздын чачын чогултуп, төбө жагына түйүп жасоону туура көрдүк. Анткени кара чачтуу, кара көздүү Айгүлдү бул чач жасалга тыкан аялзаты катары көрсөтсө, кийип турган сары түстөгү кече көйнөгү өзгөчө көрк берип, ырчынын өңүн ачат.


Айпери Кубик кызы

Айперинин силер көрүп турган чач жасалгасы классикалык стилге кирет. Бул стиль дайыма модада. Ыңгайлуу дагы, ошону менен бирге кыздарды сулуу да көрсөтөт. Бул чач жасалганын артын коё берсек, спорттук стиль, ал эми кулак тушуна гүл тагып койсок, испан кызына айланат. Ал эми бет боёгу боюнча Айпериге калың макияждын кереги жок.


Бегимай Эсенгулова

Назик көрүнгөн бул ырчы кызыбызга кайсы чач жасалганы ыйгарба баары жарашат. Өзүңүз көрүп тургандай чачтын төбө жагын жыйнап, арткы бөлүгүн коё бергенде оригиналдуу чач жасалга пайда болот. Анан, албетте, чачынын өңүнө төп келген көйнөк кийген Бегимайды бир кеченин ханышасы болот деп ишенимдүү айта алабыз.


Иса

Учурда жай мезгили болгондуктан, Исанын моюну ысып кетпеши үчүн кежиге жагын кыска, төбө жагын узун кылып, чачын кыскарттык. Андан соң ырчынын сырткы көрүнүшү токтоо, олуттуу болгондуктан, чачтын алдыңкы бөлүгүн тургузуп, заманбап жасоого туура келди. Ал эми кийим болсо Иса салтанаттуу кечеге жөнөп жаткандыктан, албетте, классикалык стилде болгону туура.


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан