УЙКУДАГЫ АБАЛ ЖАНА ТҮГӨЙЛӨРДҮН МАМИЛЕСИ

1. Мындай абалда көбүнчө бирге жашагандарына 3-5 жыл болгон жаш түгөйлөр укташат. Бул – түгөй­лөр­дүн жакындыгынын, бири-бирин коргогондугунун белгиси. Бул абалда уктаган түгөй­лөрдүн кө­бүн­чө эркеги аялын кучактайт. Эгерде аялы кучактаса, ан­да ал аялдын күйөө­сү үчүн жан берээрин кабарлайт. Түгөйлөрдө бул абал түнү менен бир канча жолу алмашат. Бирок, бири оодарылса экинчиси ко­шо оодарылып, түгөйүн дароо кучактайт.
2. Мындай абалда уктоодон эркектин же аялдын түгөйү­нө сезими жоктугун билсе болот. Мындай абалда көбүнчө сүйүш­пөй эле кандайдыр бир себептерден улам үйлөнүп алгандар же уруштан соң укташат.
3. Мындай абалда уктоо сейрек кездешет. Түнү бою ушундай абалда уктоо албетте, бир топ ыңгайсыз. Бири-бирине өтө бе­рилген, бири-бирисиз жашоо токтоп калчудай сезилген жаш тү­гөй­лөр түндө ушинтип жатышат. Кээде кубанычтуу окуядан кийин же төшөктө өзгөчө ырахатка батуудан соң түгөйлөр ушиндай абалда укташат.
4. Түгөйлөр таарынышып, кайра жарашкан учурларда же болбосо алардын жашоосунда кыйынчылыктар болгон кезде кө­бүн­чө түгөй­лөр ушинтип укташат. Эгер аял күйөө­сүн кучактаса, анда күйөө­сүнө кыйынчылык башына тү­шүп турган чакта жардам бергиси келгенинин белгиси.
5. Түгөйлөрдүн биринин керебеттен тү­шүп кетейин деп же таң калыштуу абалда жатып калганы өнө­гү­нөн мамилесин үзүү­нү каалап жатканын далилдейт. Бирок, буга тынчсызданбай эле түгөйүн мындай абалдан куткарып кетүүгө болот.
6.Үйлөнгөндөрүнө беш жылдан ашып калган түгөйлөр эркин жана ыңгайлуу болгон ушундай абалда укташат. Анткени, алар туруктуу жашоого өтүшүп, жашоосунун оңойчулук менен бузулбашына көздөрү жетип калат. Уктаганда алардын арасы алысыраак болсо да колдору же буттары аркылуу гана бири-бирине болгон байланышын билдирип турушат.
7. Жубайлар арасында кокусунан ойгонуп кетип, түгөйүн төшөктүн четинде ары карап жатканын көрүп калган учурлар болот. Демек, уйкуда болсо да ал бекеринен минтип жаткан жок. Мындай абал проблема пайда болгонунан кабар берет. Балким, капа болуу, тынчсыздануу, таарынуудур. Мындай абалда уктап жаткан өнөккө экинчи өнөктөшү башка абалда уктоого жардамын тийгизиш керек.
8.Эркек да, аял да чалкасынан жатып, аял түгөйүнүн ийинине башын жөлөп жатса, бул абал аялдын күйөө­сүнө кечиримдүү, карамдуу экенинен кабар берет. Ал эми күйөөсүнүн аялын ар дайым коргоп жана ага кам көрүп жүрү­шүн билдирет. Көп учурда мындай абалда уктаган түгөйлөр бири-бирине өтө ишеничтүү болушат да, бири-биринин көзүнө чөп салуу деген түшүнүк буларда болбойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Chiko.kg
2012-10-26 16:07:17
жакшы тема экен
+1
Rostov-on-Don
2012-12-16 20:02:56
Мен буга 100% ишенбейм и кошулбайм!
+1
kyz90burak
2012-12-31 00:18:21
биз 1 менен 4ко окшошбуз
-1
lady02
2013-01-19 16:00:41
биз кандай жатып уктайт болдук экен?)
+1
MISS.SOPIEVA
2013-04-12 17:39:34
BIZDIKI 3 mn 8 eken birok chynynda yshyndai eken!!!!
0
Culaiman
2013-04-25 14:16:48
ne maktanasinar чынын жашырып
0
janys
2013-06-26 16:03:28
Жакшы экен бирок, бизде кандай болоор экен кызык ....?
0
aizish
2013-07-08 04:02:24
а бизде баардыгы эле бар экен, мындай кезде кандай болуп калат. А 2чидей болсо......... койе ишенгим келбейт.
0
anara90asker
2013-07-14 14:18:54
жакшы маалымат экен
0
nazmar
2013-07-20 16:41:40
биз жатарда 8 болуп жатабызда анан турганда 7 болуп калганыбызды байкабай калабыз анан сразу иий деп 3 болуп алабыз))
+3
CHINKA
2015-12-11 23:32:50
nazmar,ха ха сынар го. биз да ошондой болуп калабыз..
0
tolgonai1121985
2013-07-28 22:50:40
Ммм бардык турундо жатабыз.
0
maanai2004.
2013-08-05 20:03:38
Мен ишене албадым
0
lovemam
2013-08-17 15:35:45
А биз бала барга болок болок жатабыз.
0
almagul_aravan
2013-08-19 23:15:21
lovemam, бала болгонго чейин ушинтип жаткансынарда!
0
kobra86
2015-11-15 02:33:58
1.3.4.8 бизге экен бул цифраларды эске албаганда деле бири бирибизди жакшы тушунобуз анткени урушуп калсакта 1.3.4.8 дегидей уктайбыз
0
Kaiyrma91
2017-07-27 13:53:28
биз 1, 6,анан 8ге окшоп жатабыз кобунчо
0
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан