БАКЫЛДАГАН ТЕКЕНИ СУУ КЕЧКЕНДЕ КӨРӨБҮЗ, ЭРДЕМСИНГЕН ЖИГИТТИ СӨЗ ЧЕЧКЕНДЕ КӨРӨБҮЗ!

Эне тилибиз, байыртадан сактап келе жаткан каада-салтыбыз биздин мурасыбыз эмеспи. Кыргыздын айрым нукура сөздөрү акыркы убакта унутта калып баратат. Ошондон улам бул жолу кезекти элге төбөсү көрүнүп калган мырзаларга берип, алардан кээ бир сөздөрдүн чечмеленишин, маанисин сурап, сөз байлыгын текшерип көрдүк.


Султан Садыралиев

– Бүлөө деген эмне?
– Бүлөөбү? Кайдан уктум эле?.. Аа, эстедим, бүлөө менен бычак курчутат. Жылма таш болсо керек. Туурабы? (Туура)

– Саятчы деген ким?
– Кыраан куштарды тор менен кармоочу адам. (Туура)


Самат Дөөлөтбаков

– Жыдымак деген сөз кайсы оюнда колдонулат?
– Жыдымак... Мм-мм... менимче, бул ордо оюнда колдонулса керек эле. Ордонун чүкөлөр тизиле турган борбору.(Туура)

– «Жер баспай калды» дегенге кандай түшүнөсүң?
– Мурдун көтөрүү, башкача айтканда, теңсинбей калуу. (Туура).


Кайрат Примбердиев

– Желдик деген эмне?
– Желдик деген ат токулгасы. Тердиктин үстүнөн салынуучу ат жабдыгы. (Туура).

– Кол жиликтерге эмне кирет?
– Та-ак кол жиликтерге далы, кар жилик, күң жилик, анан... ушул эле го. (Туура).


Эркин Эгембердиев

– Даңкан сөзүнүн түшүндүрмөсү?
– Даңкан? Ал кампа да, эгиндер сакталган. Туура жообу: (Жылкынын туягынан ыргыган топурак, кар)

– «Чырпык башын сындырбайт» деген кеп эмнени түшүндүрөт?
Эч нерсе кылбаган, бекерчи, жал­коо адамдарды ушинтип аташат. (Туура).


Бекчоро

– 5-6 айлык жылкынын баласын эмне дейбиз?
– Тай. Туура жообу: (Жабагы)

– «Ийне жуткан иттей» дегенди кандай түшүнөсүң?
– Элибизде арык, илмийген кишилерди ушинтип коюшат. (Туура).


Борончу Кудайбергенов

– Алгыр куштар конуучу жай?
– Томого. Туура жообу: (Туур)

– Бекер ооз дегенди кандай түшүнөсүз?
– Бул сөз орунсуз, быжылдап көп сүйлөгөн адамдарга, ушакчыларга тиешелүү. (Туура).


Съездбек Искеналиев

– Канжыга деген эмнени билдирет?
– Ээрдин эки капталындагы боо. Ага бир нерселерди байлап алышат. (Туура)

– Мүнүшкөр деген ким?
– Менимче аракетчил, тырышчаак адамдарды мүнүшкөр дешсе керек. Туура жообу: (Куш таптаган адам)


Эмил Балтагулов

– Каргы деген эмне?
– Чынын айтсам, мындай сөздү мектепте да, университетте да укпаптырмын. Туура жообу: (Иттин моюнундагы чынжыр байлануучу кайыш)

– «Чычканга кебек алдырбайт» деген сөз кимге карата айтылат?
– Сараң, зыкым адамдарга. (Туура).


Камчы Сарыбаев

– Дөшү деген эмне?
– Үстүнө темирди коюп сомдоо үчүн ылайыкталган темир устанын аспабы. (Туура)

– Бетине түгү чыгуу деген сөздүн мааниси?
– Балакатка жеткенде түк чыгат да. Туура жообу: (Ачуулануу, каардануу)


Акбар Сүйүнбаев

– Сан жиликтерге кайсы жиликтер кирет?
– Жамбаш, кашка жилик, жото жилик. (Туура)

– Эчкинин пири эмне?
– Жылкыныкы Камбар ата, эчкиники мм-мм... билбейт экенмин. Туура жообу: (Чычаң ата)


Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан