БЕЗГЕК ООРУСУН ЧИРКЕЙЛЕР ТАРАТАТ

Безгек оорусу, анын таралышы, жугушу, оорунун коркунучтуулугу, безгек менен күрөшүү жана башкалар тууралуу Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы Ашакеева Жыпаргүл төмөнкүлөрдү баяндайт.

Жер шаарында жылына 500 миллионго жакын адам безгек оорусу менен ооруйт. Анын ичинен 2 миллионго жакыны көз жумат. Бул оорудан өзгөчө 5 жашка чейинки балдар азап тартат. Оорудан көбүрөөк жапа чеккендерге Африка континентинин Сахара чөлүнүн түштүгүндө жашоочулар, Түштүк-Чыгыш Азиянын (негизинен Индия, Ооганстан), Таиланддын тургундары кирет.

Безгек (малярия) итальяндардын “malaria” – “жаман аба” деген сө­зүнөн алынган. Анткени мурда ооруну жаман аба чакырат деп эсептешкен. Безгек “саз калтыратмасы” деген ат менен да таанымал.

Чиркейлер – ооруну алып жүрүүчүлөр

Чиркей аркылуу жугуучу жугуштуу ооруларга безгек, боррелиоз (Лайма оорусу)кирет. Биз безгек оорусу тууралуу сөз кылабыз.
Безгек оорусун козгоочу мителерди алып жүрүүчүлөр болуп анофелес чиркейи эсептелинет. Бул чиркейлер мителерди безгек менен ооруган адамдардын канын соргондо жуктуруп алышат. Башка адамды чакканда чиркейлердин шилекейи аркылуу мите адамдын канына өтөт. Мителер кызыл кан денечелеринин (эритроциттер) ичине кирип чоңоюп, бөлүнүп, көбөйө баштайт. Мителер толуп кеткен кызыл кан денечелер жарылып, андагы мителер жана алардын топтолгон уулары канга кошулат. Ушундан улам чыйрыгуу жана калтыроо келип чыгат.
Безгек менен ооруган адамдын канын соргон чиркей безгекти дагы башка адамга жугузат. Ошентип, чиркей безгекти тарата берет. Анофелес чиркейинин көбөйүп-өөрчүшү башка чиркейлердей эле суу чөйрөсү менен тыгыз байланышта болгондуктан, саздуу, камыштуу жерлерди, суу агып чыкпаган көлчүктөрдү, тайыз көлмөлөрдү байырлашат. Алар жумурткаларын сууга ташташат. Ал жерден жумурткалар өсүп жетилип, чиркейге айланышат.
Безгек митесин алып жүргөн чиркей менен соо чиркейди ажыратууга болот. Анткени соо чиркей конгондо денесин түз кармаса, оорулуу чиркей жамбашын өйдө көтөрүп конот.

Безгек оорусунун түрлөрү

Негизинен 4 түргө бөлүнөт.
1. 3 күндүк
2. 4 күндүк
3. Тропикалык
4. Овале безгек

Кыргызстанда безгектин 3 күндүк түрү бар

Бишкекте чиркейлер көп байырлаган эл жашоочу аймак болуп сууга жакын жайгашкан Ак-Бата, Калыс-Ордо конуштары эсептелет. Аталган конуштагы жашоочулардын үйлөрүн чиркейге каршы дезинфекциялоо иштери (атайын каражаттарды чачып тазалоо) Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору аркылуу быйыл 15-июндан башталат.

Оорунун белгилери

3 күндүк безгекте оорунун жашыруун өнүгүү мезгили кыска (10-14 күн) жана узак (6 айдан 36 айга чейин) болуп бөлүнөт. Узакка созулган түрүндө оорунун белгилери кийинки жылы жазында же 2–2,5 жыл ичинде пайда болот. Бул аралыкта адам мителерди алып жүрүүчү болуп калат.
Алгач адамдын башы ооруп, чыйрыгат. Алы кетип, калтырап, дене табы көтөрүлүп, 39-40 градуска жетет. Денеси карышып, эсинен танат. Абдан тердеп, жөөлүйт, кусушу да мүмкүн. Дене табы түшкөн соң оору белгилери көп билинбей калат да, 48 сааттан кийин оору белгилери кайталанат. Оорулуу врачка кайрылып дарыланбаса, мителердин айынан көк боор 1 апта ичинде чоңоёт, 2-3 аптада аз кандуулук өнүгөт. Уйку бези менен боор да акырындап чоңоё баштап, бөйрөк, мээ жабыркайт.
Жаш балдардын тез-тез ичи өтөт, заңы күңүрт-жашыл түстө, кан аралашкан болот. Дене табы көтөрүлүп, муундары тырышат. Көк боору жана боору чоңоёт. Өз учурунда дарылатпаса, өлүмгө учуроо коркунучу бар.
Кош бойлууларда безгек оорусу түйүлдүк аркылуу балага да өтөт. Эгер оору катуу болсо, боюнан алдыруу, ара төрөп коюу же баланын өлүү төрөлүүсү күтүлөт. Төрөгөндөн кийин оорунун күчөшү же набыт болуп калуу коркунучу да бар.

Дарылануу

Эгер сизде оорунун белгилери байкалса, тезинен бейтапканага кайрылууңуз кажет. Өз алдынча дарылануу оорунун күчөп кетишине алып келет. Врач текшерип көрүп, анализ үчүн манжа учунан кан тапшыртат. Оорунун жукканы билинсе, анда жугуштуу оорулар ооруканасына жолдомо берет. Ал жерде адам 17 күн жатып, дарыланып, айыгып чыгат. Айта кетчү нерсе, безгекке каршы дары-дармектер дарыканаларда сатылбайт, бир гана жугуштуу оорулар ооруканасында болот.

Безгектин көбөйүшүнө эмнелер шарт түзөт?

1. Эл жашаган пункттарга жакын шалы (күрүч айдоо) аянттарынын көбөйүшү (түштүк жергесин­де).
2. Ирри­гация­лык-дренаждык системанын начар иштеши. Мурун эл жашаган саздуу жерлерге канал казылып, суунун канал менен агып кетишине көз салынып турчу. Учурда бул система начар иштөөдө.
3. Ички, тышкы миграция. Мисалы, биздин жарандар кайсы бир иштер менен безгек көбүрөөк жайылган Өзбекстанга, Тажикстанга барышып, ал жактан чиркейлерге чагылып, ооруну жугузуп келишет. Алардын канын соруп, чиркейлер ооруну соолорго жугузат. Же тескерисинче, ал жактын безгектин митесин алып жүргөн жарандары бизге келип, оорунун жайылышына көмөкчү болушат.
4. Суулуу, саздуу жерлердин эс алуучу жайга айланып баратышы. Мисалы, «Ала-Ар­ча» суу сактагычынын тегереги.
5. Таштанды жайлардын кө­бөйүшү ж.б.

Кантип күрөшүү керек?

Чиркейлерден коргонуу үчүн терезелерге чиркей өткөрбөөчү тор тартып, үй ичинде чиркейди кубалоочу каражаттарды колдонуу керек. Мисалы, дарыканаларда жана соода түйүндөрүндө электр фумигатору “Улетай-ка”, денеге сыйпоочу эритме “Горус”, ошондой эле “OFF!”, «Москито Киллер», «Раптор» жана башкалар сатылат. Тердеген адамга чиркейлер абдан жабышышат. Андыктан тердеген сайын самынданып жуунуп туруу зарыл. Эгер үйүңүзгө чиркейлер толуп кетсе, алардан кутулуу үчүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерин чакырып, тазалатууну унутпаңыздар.
Үйдү жайкысын кечки убак түтөтүп, аластоо зарыл. Жуунуучу жайларды таза жана кургак кармоо керек.

Чет элге баруучулардын эсине!

Чет элге (өзгөчө безгек жайылган өлкөгө) барууга камдансаңыз, кетерден 1 апта мурун Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна кайрылыңыз. Ал жерден безгекке учурабоо үчүн керектүү кеңештерди ала аласыз.

Безгектен каза болгон атактуулар: Александр Македонский, готтордун – байыркы германдардын падышасы Аларих, байыркы гунндардын кол башчысы Атилла, Чыңгызхан, ыйык Августин, Италия акыны Данте, Христофор Колумб, англиялык революционер Оливер Кромвель, Англия акыны Байрон жана башкалар.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rasul_Rahmanaliev
2016-04-25 19:54:46
өтө керектүү маалымат.Ушул маалыматты дал ушул убакытта дагы таратуу керек.Рахмат
0
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан