«Акыркы жылдарда кутурма, эхинококкоз, бруцеллёз, сибирь жарасы, шарп ылаңдары көбөйүп баратат» дейт Баткен аймактык ветеринария башкармалыгынын башчысы Эркин Таштанов. Ошондой эле бул маселеге жергиликтүү бийликтегилер жетишерлик көңүл бөлүшпөй жаткандыгын кошумчалады. Ал «ветеринарлар же медицина кызматкерлери гана күрөшпөстөн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да уюштуруу иштеринде жардам берсе жакшы болот эле» деген пикирин билдирди. Анын айтымында, күз айларында эхинококкозго каршы дарылар келген. Жылына ит-мышык 4 жолу, квартал сайын эмделип турушу керек. Учурда кутурмага каршы эмдөөлөр, ошону менен бирге түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын да билдирди.