Социалдык өнүктүрүүнүн мурдагы министри, эл аралык бала асырап алуу боюнча чет жердик уюмдун өкүлүнөн пара алуу боюнча айыпталган Равшан Сабировду Бишкек шаардык соту 5 жылга катаал режимдеги колонияга эркинен ажыратты. Аны менен экс-министрди актап чыгарган Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгарды. Ал эми анын жардамчысы Тахир Мирзахмедов 3 жылга соттолду.
3-октябрда болуп өткөн соттук отурумда экс-министрдин жардамчысы баштапкы көрсөтмөсүн өзгөртүп, башчысынын күнөөсү жок экендигин айткан. Бирок Тахир Мирзахмедов көрсөтмөсүнө кайра өзгөртүү киргизип, «анын да бул иште күнөөсү бар» деп чыккан.Ал эми Сабировдун жактоочусу Бишкек шаардык сотунун чечимин мыйзамсыз деп айтып, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди.
Социалдык өнүктүрүүнүн мурдагы министри, эл аралык бала асырап алуу боюнча чет жердик уюмдун өкүлүнөн пара алуу боюнча айыпталган Равшан Сабировду Бишкек шаардык соту 5 жылга катаал режимдеги колонияга эркинен ажыратты.Эскерте кетсек, Равшан Сабиров УКМК тарабынан 2012-жылы 5-июлда паракорчулукка шектелип кармалган болчу.