КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮ ТИГҮҮЧҮЛӨРГӨ 1 МИЛЛИОН СОМ КАРЫЗ

Күч түзүмдөрү тигүүчүлөргө 1 миллион сом карыз экени тууралуу журналисттерге «Aiko Seiko» ЖЧКсынын башкы менеджери Саид Жусуев билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы Коргоо министрлиги 800 миң сомго, УКМК 200 миң сомго кийим тиктирип, акчасы эмгиче бериле элек.
Белгилей кетсек, аталган ишканада 100 адам эмгектенет. Ишкананын 4 филиалы бар. Алар күч түзүмдөрүнүн кийимдерин, ошондой эле тоо-кен тармагына жана тейлөө кызматтары үчүн да атайын формаларды тигип беришет. Ишкана жылына 30-40 миллион сомдук продукция чыгарат. Атайын буйрутмалар жалпы республика боюнча келип түшөт. 2012-жылы ишкана мамлекетке 5 миллион 292,2 миң сом салык төлөгөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mi-li-na
2013-03-13 09:32:24
бир эле чет олколордон карызбы десем эми бул шумдуктуулар эми озубуздун элден карыз болуп башташтыбы?)))
0
baibolot71
2013-03-15 07:42:56
Кийим тигип бербей коюш керек эле да бул КУЧторго.Жып жыланач журо берсе,денелери окшош болуп,ошол форма сонун болмок да буларга.
0
jhanibek
2013-03-27 14:54:31
baibolot71, ха ха брат айрыкча менттерди ошондой кылыш керек
0
allan
2013-03-15 14:16:49
айлалары кеткенде байкуш швеялардан карыз ала башташкан го?Бийликтегилерде уят калбай калган.ошолорго тигип бербей эле койушса болмок.Кидайщиктер экенин кантип билишпей калсын?Алар кидайщиктер да..
0
Aelina
2013-03-15 17:32:05
чонтоктордон арпай жатат та, карыз болгон жакшы да аларга
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан