6-март күнү Нурлан 8-Март майрамына карата Санкт-Петербург шаарына «Эркелетсемби?» деген концерти менен кыргыз айымдарын эркелеткени учуп кеткен эле. Концерттин уюштуруучулары Нурланга сюрприз кылып, ал жерге белгилүү рэп ырчысы Тиматини да чакырышыптыр. Бул кабарды ырчы жигит концертке аз калганда гана билгенин айтат ырчынын продюсери Канат Кадыржан. Эми Тиматиден таасирленип келген Нурлан рэп ырдайм деп чыкпаса эле...