Биз социалдык тармакта

ОКУУЧУЛАР СЕРГЕК ЖАШОО ҮЧҮН!

Жакында эле Талас шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мектеп рэкетин жоюу максатында футболдук турнир өттү. Ага шаардагы №6,7,9-орто мектептердин окуучулары,  Талас
ШИИБинин жетекчилиги баш болгон кызматкерлер, Миграция жана жаштар министрлигинин Таластагы өкүлчүлүгү жана 180 мектеп окуучусу катышты.
Футбол боюнча 4 курама команда түзүлүп, таймаш кызыктуу өттү. Жыйынтыгында биринчи орунга Сагын Абдыллаев атындагы №6-орто мектеби ээ болуп, кубок жана 1-даражадагы диплом, атайын сыйлыктар менен сыйланды. Ал эми 2-орунга Жолчубек уулу Урмат атындагы №9-орто мектептин курама командасы жетсе, 3-орунду облустук чет тилдер багытындагы лицейдин курама командасы багынтты. Таймашта «Эң мыкты оюнчу», «Эң мыкты бомбардир» наамдарынын жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланышты.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан