БИШКЕКТЕ ЖЫЛЫНА ОН МИҢДЕЙ ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОН УУРДАЛАТ

Азыркы жашообузду уюлдук телефонсуз элестетүү кыйын. Адамдын убактысын үнөмдөгөн бул каражаттын Кыргызстанда пайда болгонуна 15 жылдай болду. Учурда уюлдук телефон эң керектүү буюмдардын катарында. Бул эле эмес, эң көп уурдалган буюм катары да белгилүү. Орточо эсеп менен Бишкекте эле күнүгө 20-25 чөнтөк телефон уурдалат.

Маалыматтарга таянсак, өлкөдө 3,5 миллион уюлдук абонент бар. Бул 10 жашка чейинки балдарды жана чет элде жүргөн мекендештерибизди чыгарып салсак, ар бир жаранга бирден уюлдук телефон туура келет дегендик. Чөнтөк телефондордун арзандап калганына карабай, алардын көп уурдалып жана көп жоголуп жатканын тана албайбыз. Борбор калаабызда эле орто эсеп менен (такталбаган маалыматтарга караганда) жылына 10 миңден ашуун чөнтөк телефон уурдалат. Алардын 50 пайызга жакыны гана табылат.
Бишкек шаарындагы ар бир РИИБге күн сайын чөнтөк телефон уурдаткан же жоготкон адам (орточо эсеп менен 2ден 8 адамга чейин) арыз менен кайрылат. Ал эми уурдатып же жоготуп, милицияга арыз бербегендер канча. Уурдаткандардын көпчүлүгү чөнтөк ууруларына алдырат. Каракчыларга да тоноткондор көп эле кездешет.
Уурдоолор коомдук унааларда, базарларда жана эл көп жерлерде болот эмеспи. Уурдалган аппараттардын көпчүлүгү адамдар аркылуу аймактарга тарап кетип, табууга кыйын болуп калат. Ошондуктан уурдалган чөнтөк телефонуңузду изин суутпай табайын десеңиз, уурдалганын билер замат жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуу керек. Себеби ал жерден аппараттын “imei” коду (телефондун идентификациялык кодун) такталып, оперативдик кызматкерлердин жардамы менен (алар өз аймагында учётто турган, уурулук иштери менен мурда колго түшкөн адамдарды жакшы билишет) ууруну көп узатпай кармап калуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Телефон уурдаткан болсоңуз, дароо эле 102 номерине чалыңыз. Алар чакырык боюнча бат эле келишет. Мурдагыдай “бензин жок, бош эмес” деген шылтоо жок. “Imei” коду такталган соң чөнтөк телефон башка сим-карта салынып колдонулуп жүргөн болсо да, уурдалган аппарат аймактык базалык станциядан билинет. Ошондуктан телефон сатып алганда сөзсүз документи, кутусу менен алган оң.

Чөнтөк уурулар топ-топ болуп жүрүшөт

Сиз аялдамада уюлдук телефонуңуз менен сүйлөшүп жатканда эле чөнтөк уурулар сиздин телефонуңузду, чөнтөктөрүңүздү, сумкаңызды байкап, кантип уурдоо керектигин пландап коюшат. Чөнтөкчүлөр жалгыздан эмес, ар дайым эки-үчтөн жүрүшөт. Сиздин телефонуңузду изилдеп бүтүшкөндөн кийин коомдук унаага түшүп жатканда илип кетүүгө аракеттенишет. Ошондуктан унаага түшүп баратып айланадагы шектүү адамдарга көңүл буруп, өзүңүзгө сак болуңуз. Эгер алар унаага түшүп баратканда ала албай калышса, анда сиз менен кошо унаага кирип, ичкериден алууну пландашат. Экөө элди алаксытып, аны-мунуну божурап сүйлөшүп турушат. Ал эми үчүнчүсү абалдан пайдаланып, сиздин телефонду (же акчаны) алганга жетишет.
Телефонду алдыртып жибербеш үчүн ар дайым сак болуп, сумкага бекем салып же колго кармап алган туура. Кээде чөнтөкчүлөр түз эле унаада бараткан жериңизден телефонуңузду жымырууга аракеттенишет.
Эгер сиздин чөнтөккө кол салып жатканды байкап калсаңыз, алар сизди коркутуп-үркүтүүгө алышат. Мындай абалда коркуп, унчукпай калуунун ордуна ызы-чуу көтөрүп, уурулардын жүзүн ачып бериш керек.

“Телефон сатам, аласызбы?”

Шаарыбыздын кайсы соода борборуна барба, уюлдук телефон саткан түйүндөр жайнайт. Ага карабай соода борборлорунун алдынан, мындайча айтканда, “арзан” дешип көчөдөн, колдон эч кандай документтери жок телефондорду сатып алган көп эле мекендештерибиз кезигет. Негизи, жакшы иштебеген же уурдалган телефондорду көчөдөн арзан сатышы мүмкүн. Эгер сиз алган телефон уурдалган болуп чыкса, анда сиз уурдаган эмес болсоңуз да, өз эркиңиз менен телефонду акттын негизинде кайрып берүүгө аргасыз болосуз. Ошондуктан телефонду колдон алып калсаңыз, жок дегенде сатып жаткан адамдын аты-жөнүн, жашаган жерин жазып алыңыз.
Аппараттын кандай иштей тургандыгын да текшерип алганыңыз оң. Сим-карта салып, башка номерлерге чалып, угулушун текшерип көрүңүз. Телефонду 3-4 жолу өчүрүп, кайра жандырып көрүү да туура. Эң жакшысы, соода түйүндөрүнөн документи, кепилдиги бар телефон алган оң.

Оңдотуу да сактыкты талап кылат

Чөнтөк телефонуңуз бузулуп калса, үйдө оңдоп алууга чамаңыз келбеси анык. Атайын оңдоочу жайга алып жөнөйсүз. Ал жерге барганда аппаратыңыздын керектүү тетиктерин өзүнө алып калып, “оңдолбойт экен” деп кайрып берип койгон оңдоочулар да аз эмес. Ошондуктан “тигил жакка алып барып каратып келейин, жарым сааттан кийин кел” деген сөздөргө макул болбой, сиздин көз алдыңызда оңдоп берүүсүн талап кылыңыз. Оңдоп жатканда тетиктерин алмаштырып койбоосун көзөмөлдөңүз.

Телефон уурдаган адам 2 жылдан ашык убакытка камалат!

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча, уурулук кылган адам кармалса, 2 жылдан ашык убакка эркинен ажыратылат.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 346, 19-25-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан