Чындык издеп чыркыраган Сапаргүл:«МЕН АТЫМДЫ, АБИЙИРИМДИ АКТАГЫМ КЕЛЕТ»

«Мен Сапаргүлмүн, баарын айтып берейинчи» деп телефон чалган айымга алгач түшүнгөн жокмун. «Кайсы Сапаргүл? Эмнени айтат?» деп. Саамга ойлонуп, анан Орусияда кыргыз жигиттеринен кордук көргөн айым эсиме келди. Арадан көп убакыт өтпөй маңдайымда отурган айым көкүрөк толо бугун, көөдөн муунткан жашын тыя албай, оор үшкүрүп, жүрөгүн улам мыкчый буларды баяндады. «Акыйкаттык таппай убарамын. Эми «Супер-Инфо» аркылуу элиме кайрылам, гезит аркылуу болгон чындыгымды, үнүмдү бийликке жеткирер бекем, аёосуз кордогондор жазасын алышар бекен?..» деп сыздады. Көз жашын көлдөткөн келинге кантип кайдигер карайлы? Ушул макаланы окуган намыстуу бир кыргыз «кой, ушул кыздын тагдырына кайдигер карабайм» деп чыгарына ишенебиз. Анткени чырылдаган келин дале акыйкаттык бар экенинен үмүтү үзүлбөй жашап жүрөт.

«АЛСЫЗ АЯЛЗАТЫ ЭКЕНИМЕ АРДАНДЫМ»
– 2010-жылдын апрель айында Екатеринбургга барып, жумушка орношуп, иштеп баштадым. Орусияга жыргаганыбыздан барбайбыз, бирөө балдарын, бирөө ата-энесин багып, акча тапканы барат. Мен да алардын катарында элем. Бир-эки ай дүкөндө иштедим, кийин кондуктор болуп орноштум. Жумушум таңкы 5те башталып, түнкү 1де аяктачу. Суткасына 16-17 саат иштеп жүргөм.
Ошол жылы 5-сентябрда, саат 6да курбум экөөбүз жолугуп, кафеде отурганбыз. Бизден арыраакта тажик улутундагылар тамактанып отурушкан. Бир убакта жаш кыргыз бала келип колумду кармап, өбүүгө аракет кылды. «Менин балам менен тең экенсиң, уялбайсыңбы, чоң эле эжеңе келип сүйлөгөндөн?!» дедим.»Энеңди урайын, силер тажик дегенде өлүп жүрөсүңөр да, тиги тажик менен таанышайын деп жатасыңар» дегенинен «Жогол ары, кет!» дедим. Тиги бала ары жактан эки жигитти чакырды. Алар келип ичиме уруп-уруп ийишти да, мени сыртка сүйрөй башташты. Кафенин жетекчиси таластык эже болчу, чуркап келип болуша кетти. Эжени сөгүп, мени сыртка алып чыгып, төрт жигит машинага салып жөнөштү.
Башымды көтөргөнгө чамам келбеди, улам ургулап келе жатышат. Бир убакта башымды булкуп сыртты карасам, шаардан чыгып бараткан экенбиз. Бир жерге алып барышты, ээн талаа, калың токой. Чоң лотоктордун астынан тепкилеп сүйрөп алып өтүштү. Кийимдеримди айрып чечип, мени зордуктаганга аракет кылышты. Ошол учурда тиги баланын телефонуна бирөө чалып калды, ал «мы на старом месте» деди. Булар ал жерге менден башка да кыз-келиндерди алып барып жүрүшкөн. Себеби алар өздөрү «сага окшогондун көбүн алып келгенбиз» дешти.
Тиги бала менен алышып жатам, ал мени тепкилеп, уруп жүрөт. Бирөөсү мени уят сөздөр менен сөгүп тепкилесе, экинчиси карап турду. Бир убакта төрт машина толтура балдар келишти. Ошончо баланы көргөндө дендароо болуп туруп калдым. Бирөөсү «Сиз Жалал-Абаддан болосузбу? Кара-Дарыяданбы?» дейт. «Ооба» десем, «коркпоңуз, сизге эч нерсе болбойт, мен да Кара-Дарыядан болом» деди. Мен ага «Сен кара-дарыялык болсоң, жардам берчи, эмнеге мени бул жакка алып келдиңер?» дедим. «Сизге жардам бере албайм, атым – Нурбек» деп айылын айтты.
Бир убакта Илхам дегени келди. Көрсө, ал ошол балдардын башчысы окшойт. Ал мени жаакка бир чапты. Аял киши ушунчалык алсызбы? Жыгылып калсам, ичиме тээп жатпайбы. Чачымдан сүйрөп тургузуп, «чечинткиле» деди.
Мени видеодон көргөндөр «ичип алыптыр» деши мүмкүн. Ээн талаада, жардамга кол созо турган эч ким жок жерде 15 бала сени тегеректеп турса... Бир убакта машинанын аккумуляторун чыгарып келишип, мени жылаңачтап туруп таманыма бир нерсени сайгылашты. Анысын улам баскан сайын ток тартат, мас эмес, нашаа тарткан адамга айланып калыш оңой эле экен. Өзүмдү жоготуп, жан чыдагыс кыйноодо болдум... Жандын таттуулугун ошондо билдим, башыма келген бир ой «эптеп аман калып, ушулардан өч алам» деген эле болду. Ардандым, алсыз экениме ичим ачышты...

«КЫЛЫМ КАРЫТКАН 13 МҮНӨТ»
– Миң аракет кылбайын, 15 эркекке күч-кубатым жетмек эмес. Жаным аман калсын деп жан далбаска түшүп, аларга жалдырадым. «Биз айткан сөздү кайталап айтасың» дешти, анысына макул болдум. Башка нерсени кыл дешсе да даяр болчумун, карыган ата-энемди, балдарымды ойлоп жаным сыздады, тирүү калыштын амалында элем. Үн-сөзсүз, алардын айтканын аткарбай, өлүп деле калсам болмок. Бирок МЕН АКМЫН! Зөөкүрлөрдөн ит көрбөгөн күндү көрүп өлүп калсам, анда айтышмак, «өзү ушундай үчүн өлдү» деп. Жок, мен анте албайт элем, мен абийиримдин ак экенин айткым келди.
Ошентип, улам тепкилешет, токко тарттырышат, кайра тепкилешет. Жыпжылаңач, энеден туума турам мен. Каалагандарын жасашты, ошол видео 13 мүнөт тартылыптыр. Ошол 13 мүнөт мен үчүн 13 кылымга созулду, жан чыдагыс азабым менен кайгымдын баарын 13 мүнөт өзүнө батырып алды, заматта 15 жылга карып кеттим...

«СУУГА ЫРГЫТЫП ИЙГИЛЕ...»
– Мага «Каяктан болосуң? Канча балаң бар? Неге тажиктер менен жүрөсүң?» деген суроолорду беришет. Тирүү калыштын аракетинде аты чыгып калган адамдардын атын сатып да ийдим. Кыйнап, кордоп бүткөндөн кийин «бутуна таш байлагыла да, сууга ыргытып ийгиле» дешти. «Мени кечирип койгула, силер мени көрбөйсүңөр» деп чырылдап ыйлап жүрөм. Ичимден Кудайга жалынам, «Жараткан, желмогуздардан аман алып калчы!» деп. Акыры бир балага «сууга таштаба» деп жабышып алдым. «Ушул көлдөн өтүп кетсең өттүң, кете албасаң өлөсүң» дейт. Эгер мага эч кордукту көрсөтпөй туруп «ушул суудан өт» десе өтмөкмүн. Ушунча кордукту көрүп, анан эми сууга түшмөк белем? Дарегимди сурап, «кийимиңди кий, өзүбүз менен кошо алып кетебиз» дегенинен «өзүм жетип алам» десем сөгүштү. Коркконумдан колго илинген кийимимди кийдим, сөйкө-шакек, сумка, телефонумду алар алып коюшкан эле. Эч нерсем калбады, кимге чалам, эмне кылам?
Ошончо бала кайра мени машинага салып келатышат. Илхам дегенине бир убакта айтышты. «Имам бар экен, кара-дарыялык, ушул кызды алып келгиле, тарбиялайм деп чалды» деди. Илхам, көрсө, кыздарды үйүнө алып барып 15 күн кармап, кааласа кетирип, кааласа билгенин кылганы, улуту өзбек экени кийин билинди.
Мени имамга алып барышты. Ал мени бир көрүп эле таанып, «бул кыз баланча абанын кызы го, андай жолго барбайт» деди. Балдардын бирөөсү келип мени тээп жиберди эле, алардан батыраак кутулайын деп «ооба, мен ушинтип...» деп жибердим. Имам «кызды тырмактайынан тааныйм, андай эмес. Таштап кеткиле, өзүм сүйлөшөм» дегенде балдар кетишти. Имамга баарын айтып бердим. Агамдын классташы болот экен, таксиге салып жашаган жериме жеткирип койду. Тигилер мага «түнү менен бул жерден чыгып кетесиң, болбосо өлтүрөбүз» дешкен.

«ТАМАК ЖЕГЕНДИ, ЭЛ МЕНЕН СҮЙЛӨШКӨНДҮ ТОКТОТТУМ»
– Чогуу жашагандарга учкай айттым. Алар «эже, убактыңыз келгенде салып коёбуз, коркпоңуз» дешти. Москвадагы сиңдиме «башымдан жаман иш өттү, сага жетишим керек» деп чалдым. Москвага келип, тамак жегенди, эл менен сүйлөшкөндү токтоттум. Ой, коркунуч менен гана жашап калдым. Жашоом тозокко айланды, бир күндө чачым аппак болуп агарды. Жинди болуп кетейин деп калдым. Сиңдим сүйлөшүп койгон жумуштарда иштей албай койдум. Жүрөгүмдү басып дубалды тиктеп эле жата бердим. Акыры окуяны сиңдиме айттым. Айтсам, жогорку билимдүү болуп туруп, азыр ойлосом, жетпептир да ага деле. «Башың аман калыптыр, ушуга сүйүнөлү» деп күйөө балам экөө жыт чыгарып койду. Мага ошол нерсе жагабы?
Кыргыздарды көргөн сайын корком, «эй, сен жылаңачтанып жүрөсүң» деп качан айтат деп. Мени таанып калып, өлтүрө тургандай сезилет эле. Сиңдим бир күнү "Сен минтип жүрсөң, ата-энемди ким карайт, аларга ким каралашат?" деп айтты. Иштейин деп аракет кылдым, бирок бирөө сүйлөсө эле бакырам, ыйлайм. Сиңдим жардам берип жүрдү, бирок алар да Кыргызстанга кетип калышты. Анан карызга батканымды сураба. Үйдөгүлөргө да телефон чалбайм, чалсам эле менин башымдан өткөн окуяны айтышабы деп корком. Убакыт өтө берди. Ноябрда бир жерге жумушка орноштум, баары орустар экен. Ошол жумуштагылар менин мүнөзүмө чыдашты. Чачым тутамдап түшөт, арыктап, тирүүнүн өлүгүнө айландым. Бирөө бир нерсе деп айтса эле кыйкырып ыйлайм.
Эртең Жаңы жыл деген күнү бир таанышым «сен интернетте жүрөсүң» деп чалды. Ушул жашка келип интернет эмне экенине кызыкпапмын. Менин коркконум, «телефондон көрөт мени» деп жүрөкзаада боло берипмин. Жумуштагы менеджериме ушундай окуяга туш болгонумду, ал окуя интернетте жүргөнүн айттым. Ал интернетти ачса, белгилүү сайттын биринчи бетинде мен жүрөм. Ошол жерден бакырып ыйлап жатам, ошондогу көөдөнүмдүн ооруганын сөз менен түшүндүрүп айта албайм азыр. Ушундай азап менен өлө тургандай абалда болчумун. Жетекчибиз: «Ыйлаганыңды токтот, ата-энең, балаң качандыр бир күнү сени түшүнөт. Сен бизди кечир, бирок силердин кыргыздарыңар килтейген мамлекеттин президенттерин кууп салып жатышпайбы, сен пешкасың да. Ушундан жыйынтык чыгар, адам болуп кетишиң же мындан ары жок болуп кетишиң өзүңдүн колуңда. Бизден кандай жардам керек болсо беребиз, жумушта иштейсиңби-жокпу, айлык жаза беребиз»,- деди. Мындайда эмне дейсиң? Ошону менен иштеп калдым, эки күндүн биринде менин бакырып ыйлаганым кампадан угулат... Бир жарым жылдан ашты, ыйлап жүрүп көзүмдүн кызылы кете элек.

«КОЛУ МЕНЕН КӨРСӨТҮП, КӨӨДӨН ТЕШЕ ТИКТЕГЕН КӨЗДӨР...»
– Жаңы жыл күнү квартирабызга келсем, баары ошол видеону тиктеп отурушуптур. 30 адамдын көзүнө кантип туруштук бериш керек мындайда? Мени намаздан башка эч нерсе сактабай тургандай болуп калды. Жумуштан келем, өтүгүмдү чечем да, жайнамазга баш урам. Жайнамазга жатсам бүт азабымды унуткансыйм. Өтө кыйынчылык менен баарына чыдадым. Адамдын жан дүйнөсү да сынбастан, бүтүн организми тири укмуш азапка туруштук бере албай калат экен.
Бир күнү жумуштан келатып карга жатып калдым же тура албайм. Көзүмдөн аккан жаш куюлуп карга түшөт. Канча жатканымды билбейм, бир орус абышка тургузуп койду, анан араң үйгө келдим. Ушинтип кыйналып жүрсөм, мага айтылган сөздөр сөөгүмө жетти. Колу менен көрсөтүп, «тиги, тиги» деген көздөр көөдөнүмдү өрттөйт. Адам экенбиз, чыдайбыз. Кийимдеримди жек көрүп ыргытып ийдим. Бир күнү бирөө айтат, «сени телевизордон көрсөтүптүр. Чыдабай өлүп калыптыр дешиптир» деп. Сиңдиме чалсам, «атам инфаркт болуп калды, эми сен чыдап актыгыңды далилде, болбосо ата-энебизден айрылабыз» дейт.
Ушундай күндөрдө дагы бир видеону көтөрүп келишти, ноокаттык кызды мендей кылып кордошуп, «Сапаргүлдү тарткан биз болобуз» дешиптир. «Качанкыга чейин менин атым ушинтип жүрө берет, качанкыга чейин кыргыздын шордуу кыз-келиндери кор болот?» дедим. Жумушка келип, арыз жаза турганымды айтсам, алар кантип жазышты көрсөтүп беришти. Орусиянын президентине, Башкы прокуратурасына, ИИМине жана Кыргызстандын элчилигине, «Азаттыкка» арыз жаздым. Медведевден 3 күндүн ичинде жооп келди, Башкы прокуратурага бул ишти дайындаптыр.
Ар жактан мага чалып башташты. Бизди Екатеринбургга жөнөттү. Консулдуктан Улан Кошматов деген милиция кызматкерин кошуп беришти. Ошол Уланга деле ишенбей калдым. Ал балдар ошондо эле кармалмак. Бул иш каралып жатканда Илхамдын, Нурбектин дарегин табышты. Мени алып чыгып кеткен айдоочу балдардын бирөөсү кармалды. Илхамдын ата-энеси уяты жок адамдар экен. Анын аялы, энеси мени коркутуп, «арызыңды ал» дешти. «Илхам кармалган күн өмүрүмдүн аягы болсун, мен өкүнбөйм» дедим. Кийин Улан аркылуу акча сунушташты. Уланга «мага эч нерсенин кереги жок, кызын берсин. Мен аны урбайм, сөкпөйм, болгону жылаңачтап интернетке чыгарам» дедим.

«БИЗ ЧЫКСАК, СЕНИ ӨЛТҮРҮП КЕТЕБИЗ»
– Атам «кек сактаганды Кудай каапырга берген. Кек сактаба, балам» деп айтат. Бирок мен анте албайм, аларга. Жүзү жок адамдар көп экен. Мени кордогондордун бирөө кармалып, мага айтат, «Сапаргүл эже, менин 3 кызым бар, ошолордун тагдырын ойлобойсузбу?» деп. Мени жылаңачтап интернетке жайып, тепкилеп урганда алар канчалык оор болорун ойлошту беле?! «Мунун абийири кетип жатат» деп ойлогон эмес, мен алардын тагдырын неге ойлошум керек?! «Биз чыксак, сени өлтүрүп кетебиз» дешти.
3 бала кармалды, берки экөө кармалса, сот болот. Кудайга ишенем, алар сөзсүз кармалышат, мен алар менен жолугушам. Мага кимдин боору ооруду эле? Мейли, мени өлтүрүп кетишсин, бирок мен актыгымды далилдейм.
Күйүнгөнүм, орустар бул жакка тиешелүү органдарга сурак жөнөтүштү, бир ай күттүк, Кыргызстандан эч ким жооп берген жок. Нурбек менен Илхам Кыргызстанда деп укканбыз. Орустар ушул күнгө чейин чалып жатышат мага. Анастасия деген кыз бар, ошол жерде. Мага адвокатты да, психологду да ошол акчасын төлөп жалдады. Мен тааныбаган эле бирөө, башка улут. Ал ушул окуяны көрүп, «мен бул иштин аягына чыгам» деди.

«МЕНИ ПАЙДАЛАНЫП ӨЗДӨРҮНӨ ПИАР ЖАСАШТЫ»
–  БУУнун Өнүктүрүү программасындагылар (ПРООН) журналист Аида Касымалиеваны жөнөтүшүптүр. «Кыргызстанга келсин, өзүбүз жардам беребиз, баары камсыз болот» деп алып келишти. Баары чакырып сурайт да, эч кандай жардам жок. «Биз Сапаргүлгө минттик, тигинттик» деп өздөрүнө пиар кылышат. Ыргал Кадыралиева, Дамира Ниязалиева жана дагы эки депутат аял мени чакырышты, бардым, айткандарымды диктофонго жаздырып отурушту. Баарын укканда Дамира Ниязалиева «Сен ушул балдарды таап алгандан кийин оюңду өзгөртүп салбайсыңбы?» дейт. Мен ага «ушул суроону өзүңүзгө берсеңиз болмок» деп айттым. Ыргал «менден силерге жардам болсун, жер тилкесин берем» деген. Москвадан элчиликтегилер Аидага чалышыптыр, «Жер берилдиби?» деп. Аида ал депутат айымга чалса, «мени аралаштырбагыла» дептир. Аида «сизге мынча акча түшүп жатат. ПРООНдон 1000 доллар бөлүнгөн» деген. Кийин акча керек болуп алардан сурасам «берген адамдар кайра алып койду» деп жооп беришти.
Мекениме келгениме он ай болду. Мына бул спорттук кийим сиңдилеримдики.  Жиндиканага 2 ай жатып чыктым. Дарыларга оңой эмес акча кетет экен, атам менен апам тоогуна чейин сатып беришти. Азыр селсаяктай болуп жашап жүрөм. Ар туугандарымдын үйүнө барам.
Атам туугандарыма бир гана талап коюптур, «көчөдөгү сөздөр үйгө келбесин» деп. Атам мага гана ишенди, «менин балам таза» деп. Эми мен ушул тазалыгымды далилдеш үчүн кайрылбаган жерим калбады, президентке, Аялдар конгрессине, ИИМге, акыйкатчыга, Отунбаеванын фондуна жаздым, бир айдан бери жооп күтөм. Президенттик аппарат катымды жоготуп, жообун сурап чалганымда «президент сенин сурооңо жооп бербейт, барып ИИМ менен чечишип ал» деп коюшту. Акыйкатчыга чалсам, «сен бизге арыз жаз» деди. «Мен Сапаргүлмүн, арыз жазгам» десем, «Сапаргүл болсоң эмне кылайын, биз иштеп жатабыз...» деп телефонду коюп салды. Отунбаеванын фондунан телефонду бир кыз алып «Отунбаева бошобой жатат» деди. Бошогондо жолугайын десем, «сени эч ким киргизбейт, 12де жооп беребиз» деп ошол бойдон жооп жок. ИИМдегилер «Бул иш качан эле жабылган, дагы деле ызы-чуу салып жүрөсүңбү?» дешет.
Кирбеген тешигим, какпаган эшигим калбады. Мындай окуяларга мамлекет кайдигер караса, жарандарын коргой албаса, акыйкаттык болбосо, биз, кыргыздар, кайда барабыз, кимге кайрылабыз? Менин суроолорума ким жооп берет, калайык? Мага акча, байлыктын кереги жок, актыгымды далилдешим керек. Азыр Орусиядан чалып жатат, «Кыргызстандын колунан эч нерсе келбеди, биз бул жактан бүт телеканалдарга беребиз» деп.
Бир дарым 1200 сом турат, 20 дарысы 5 күнгө жетет, 1 жыл 7 ай ичишим керек. Муну ичпесем адам болбой калам. Мени Орусияда күтүп отурат. «Бул жакка кел, дары-дармегиңди алып берели» дешти. Мени актап, Сапаргүл деген атымды актап бергилечи. Көчөдөгү денесин саткан кыз эмесмин, мени актап бергилечи, суранам, эли-журтум?! Эки балам чоңоюп калды, эртең келин ала турган адаммын. Менин атымды, абийиримди кайтарып бергилечи?! Мени кордогон жексурлар азаттыкта жүрүшөт.
Менин окуямды угуп-көргөн энелер көз жаш төгүп мен үчүн ыйлашты, аларга рахмат. Карамат деген жазуучу эже «кечирчи бизди, Сапаргүл» деп кат жазды, укук коргоочу Азиза Абдрасулова «сенин кайгыңды мээримим менен жууймун» деди, Москвадагы Амантур деген бала үй-бүлөсү менен жардам берди, мага карата жазылган жакшы пикирлердин ээлерине, мен үчүн убайым тарткан адамдарга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мени билбей туруп мага карата жаман айткан адамдарга айтарым, «өзү ушундай бузулган айым» деп айтпагылачы!
Дагы бир Айжамал деген кызды да мендей кылып кордошкон экен, дарегин таап барсам, тилекке каршы, анын асынып өлүп алганын айтышты. Качанкыга чейин кыргыз кыз-келиндери ушинтип кордолуп, боздошу керек? Көкүрөгүмдү ушул кайгы жеп койду...

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Орусияда кордолгон Сапаргүлдүн арманы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (255)
Numi
2013-03-24 18:27:38
Ал эми кыз кордогон эркекте энеси,эжеси,карындашы,кызы болот жок дегенде ошолорго ушундай тагдыр жазbaсын!бироонун beтине тукургонду койуп кочугун жакшы тазалай алышканды билбейт,еще кыздар деп куноолошот,ошол кыздарды бузган силерге окшогон мээси жоктор кылат!Ненавижу тушунугу жок эркекти!Айдан тушконсуп айал кишини кордойт!
0
Anake_85
2013-03-24 19:31:50
булар деген патриот эмес эле кылмышкерлер го. Сапаргулду булар тарбиялагандай эмне акысы отуп кетиптир. Ал Сапаргулдун жеке жашоосу.Буларды кармак туруп бычыш керек.
0
jasminka
2013-03-25 01:52:51
Сабыр кылын Сапаргул эже! Аллах сабырдуулар менен!
0
bekzat.4496
2013-03-25 07:51:37
кыздарга

ошол да аздык кылат москвадагы айрыкча
-6
Seckretgul
2013-03-28 06:24:16
bekzat.4496, эркектер кыйратып атасынарбы?кыргыздын эле кыздарын бозутуп коюп,ал байкуштар аборт кылып журбойбу???москвада
0
Rostov-on-Don
2013-03-25 20:45:10
Байкуш коруп айткандарын угуп буткучо ыйладым!Боорум аябай ооруду.Иштериниз коксогон максатынызга жетиниз демекчимин!
0
Samiev.kg
2013-03-25 21:10:47
бул видеолорду кайсы сайттан жуктоп коргону болот сураныч айтып койунуздарчы?
0
Seckretgul
2013-03-26 06:18:32
Сапаргул эже сабырдуу болунуз!!!алар патриоттор эмес,они тупые уродды!!!алла тааланын астында ак,таза болсонуз болду.ПАТРИОТМУН-деген эшектерден оч алыш керек!!!возможность болсо аларды таап...сизди кандай кыйнаса андан да жаман кылып кыйнамакмын...
0
Seckretgul
2013-03-26 06:22:00
Сапаргул эже сиз менен кантип байланышса болот?
0
flicka94_kg_kyz
2013-03-26 18:03:28
Алгач элдин сынынан коркуп,адамдын бетине карай албай,акыры чындыкка умтулганы,турктордун ''Фатмагул'' деген сериалын эске салды. Албетте оз козун менен корбогондон кийин кимге ишенееринди,эмне дешти так айтууга болбойт. Канткен кундо да эчкимдин бироонунун жашоосуна кийгилишууго укугу жок. Сапаргул эже чындындыкка жетет деген ишеничтебиз!
0
Seckretgul
2013-03-28 06:14:02
Сапаргул эже?Нурбек,Илхом деген балдар озу Санкт-Петербургдабы?сиз аларды суроттоп бере аласызбы?аларды кармадыбы?если алар еще кармалбаса...1)сиз суроттогондой Жалалабаддык Нурбек дегенди сыртынан тааныйм...аны менен чогуу жургон балдарынын ичинде озбекке окшогон да бироосу бар.бирок алар Санкт-Петербургда эмес!!!сиз менен кантип байланышса болот?
0
shaitanmoskvalik
2013-03-30 18:10:33
корбогондон кийин айтыш кыйын бирок шамал болбосо терек кыймылдабайтта
0
Pearl.06
2013-04-11 15:45:34
Мен сизди табалагандан алысмын,бирок эмнегедир эч нерседен эч нерсе жок эле ушунчалык акмакчылыкка баргандарына бир жагынан ишенип, бир жагынан ишенбей кетип жатам.Кунаажын көзүн сүзбөсө,бука боосун үсөбү дегендей сиз тараптан да бир нерсе болгон жок беле?...Айтыш кыйын.Катуу тийсе мени кечириңиз.
-1
aitysha-91
2014-08-14 22:50:08
Аида Касымалиеваданда интервью алып суроо жооп кылып коргулочу суппер инфо мумкун болсо москвага келип акты аталган ада дар мн суйлошуп коргулочу журогум ооруп кетти
0
Boldukan86
2014-08-15 06:48:54
бир уйдун муйузу сынса 10 уйдун муйузу зыркырайт дейт. бир кыз бузук болсо бардык кызды бузук деп ойлойсунар. бул эжеда актыгынан ызаланып жаткандыр уят болдум тушунгуло мен акмын деп. Эгер бузук болсо мынчалык актанбаса керек. коруп билгендер болсо алдаба журнонунду коргонбуз деп айтаар эле. же коргонунор барбы. силер айтмакчы реклама болуп болсо да актыгын далилдеп жатат жардам сурап.
0
rayimo
2016-06-27 19:16:27
Сен ак таза болгон болсоң сага убал болгон экен башкалардын жасаган ыпылас иштери үчүн сен азапка калабылыптырсың.Мүмкүн сага бирөөлөр өчөшүп атайын сени жазалатыш керек болгондур Ошол патриот жигиттер эмне күнөөсү жок адамды мынчалык мыкаачылык менен кордошту? Алар патриоттор эмес!Бирок кыргыздын намысын да тебелеген болбойт Сени күнөөлөбөйм сен аксың!Ак караны териштирбеген сени ушунча азапка салгандар ылайым оңбосүн.
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан