ПРЕЗЕРВАТИВДИ САРЫ МАЙ МЕНЕН МАЙЛАСА БОЛОБУ?

– Презервативди кошумча түрдө сары май же крем менен майласа болобу? Жана презерватив менен кошулгандан кийин жыныстык органды сөзсүз жууш керекпи? Салия, Кочкор.

– Презервативди кошумча майлоо үчүн секс-шопто, дарыканаларда сатылган май дарыларды пайдаланса болот. Ал эми сары май, крем, вазелин сыяктууларды эч качан колдонууга болбойт. Себеби, булар презервативдин түзүлүшүн бузат. Кошулгандан кийин жыныстык органды сөзсүз эле жуу керек эмес. Анткени, презервативдин өзүндөгү май да, сеск-шоптон сатылган майлар да атайын тазалоодон өткөзүлөт.


ТӨРӨГӨНДӨН КИЙИН АЯЛЫМ ТӨШӨК ЫРАХАТЫН СЕЗБЕЙ КАЛДЫ...

– Биз жакында эле балалуу болдук. Аял төрөгөн соң жок дегенде 40 күндөй кошулбоо керек экенин билсек да биз 23 күн дегенде эле кошулуп алдык. Ошондон уламбы, аялым кошулууда “эч жерим оорубаса деле төшөк ырахатын сезбей жатам” деп ыйлактоодо. Ушундан улам эмне кылсак болот деп сурайлы дедик эле. Кемел, Каракол.

– Негизи, төрөттөн соң жатын жыйрылып ордуна келгенчекти (40-60 күн) кошулбоо зарыл. Эрте кошулуу жатындын убагында калыбына келүүсүн кечеңдетет. Мындан тышкары микробдордун (эгер болсо) жатынга өтүп кетүүсүнө да шарт түзүшү мүмкүн.
Сезимдүүлүк жагына келсек, төрөттөн соң канча бир убакытка чейин аялдын төшөктөгү сезимдүүлүгү төмөн болот. Бул бала төрөлүп жатканда жыныс органдардагы нервдерге күч келгендиги менен түшүндүрүлөт.
Эми сиздерге берээр кеңеш, убакыттын өтүшү менен сезимдүүлүк калыпка келээрин эске алып, тынчсызданбай эле коюңуздар. Кошулууну болсо токтото турууңуздар талапка ылайык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан