ПИЛДИН УЗУН ТУМШУГУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫК

Пилдин тумшугунун салмагы 120-150 килограммга, узундугу бир жарым метрге жетет. Баш жагындагы эки тилчеси тамак жегенге, ар кандай оор нерселерди көтөрүп, жыттарды сезгенге ылайыкташкан. Тумшугу менен суу ичип, ысыкта денесине суу чачып салкындайт. Кызыгы, тумшугу менен бир жутканда 6-7 литр сууну шимирип алышат.
Кичинекей пилдер тумшугуна көп чалынышкандыктан, энелери бир нече ай аны туура алып жүрүү эрежелерин үйрөтүшөт. Ал эми улууларына бул мүчөсү душмандарынан сактанууда жана балдарын коргоодо эң мыкты жардамчы болуп бере алат. Пилдер тумшугун шилтөө менен душманын өлтүрүп же болбосо катуу жаракатка кабылтышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
abu_kg
2013-03-20 13:06:30
Укмуштар сырыго
0
otin
2013-03-21 12:29:08
адашкан жоксунарбы кантип эле тумшугунун салмагы 120-150кг болсун тактап койсонор модерлер....
0
admin_media
2013-03-21 12:41:01
otin,
Саламатсызбы! Бул такталып жазылган маалымат.
0
Rostov-on-Don
2013-03-25 22:32:27
Анан да унду, дабышты бутунун таманы менен угуп, сезип турушат.
0
№ 541, 5-21-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан