Сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку
Обону: Мурзали Жээнбаевдики
Айлана, Жер шары, баары айлангөчөк,
Азгырып алыс жак алат тынчымды.
Бийикте булуттар калкып кайда көчөт?
Биз менен жолго чык, жолго
сыйкырдуу.
Кайырма:
Жүрү деп шамал шашылат,
Керемет көч жолго чакырат.
Татына болуп, акылга толуп,
Улам жаңы сырлар ачылат.
Дүйнөнү билгенге дайым кызыгабыз,
Күлкүбүз жаркыган күнгө жарашат.
Куш менен жарышып дүйнө
кыдырабыз,
Биз менен жомоктой сонун саякат.
Кайырма:
Жүрү деп шамал шашылат,
Керемет көч жолго чакырат.
Татына болуп, акылга толуп,
Улам жаңы сырлар ачылат.
Барасың көч менен жарык
жылдыздарга,
Табасың досторду өзүң издеген.
Катарга кошулбай, досум, жалгыз калба,
Сапарга чыгабыз, жүрү биз менен.
Кайырма:
Жүрү деп шамал шашылат,
Керемет көч жолго чакырат.
Татына болуп, акылга толуп,
Улам жаңы сырлар ачылат.
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg