Көпчүлүктүн фобиясына айланган жөргөмүштөрдүн мүнөзү, жашоо образы кандай болду экен деп бир ирет ойлонуп көрдүңүз беле? Ойлонбосоңуз, анда мен баяндап берейин, а сиз окуп таанышыңыз. Анткени алардын жашоосу кызык.
КЫЗЫКТУУ
ҮНДҮ БУТТАРЫНДАГЫ ТҮКТӨРҮ МЕНЕН СЕЗЕТ
Дүйнөдө көзгө кунарсыз көрүнгөн жөргөмүштөрдүн 42 миңге жакын түрү бар. Кызыгы, булардын кулагы жок. Алар үндү жана даамды буттарындагы майда түктөрү аркылуу сезет. Кээ бир түрүнүн 8 көзү болсо, кээ бирлериники 6, дагы бир түрлөрүнүкү экиден. Ал эми Кыргызстанда 140 түрү кездешет. Биздеги трихолатис реликт жөргөмүшү кызыл китепке кирген.
ЖЫРТКЫЧТАРЫ КЕСКЕЛДИРИК, ВЕГЕТАРИАНЫ ЖАЛБЫРАК ЖЕЙТ
Жөргөмүштөр жырткычтарга кирет. Көптөгөн түрлөрү курт-кумурска (чымын, көпөлөк, чегиртке, курттун личинкасы жана башка) менен азыктанышса, кээ бир түрү чымчык, майда кескелдирик, чычкан сыяктууларды да жешет. Бир гана Киплинг кабыланы аттуу жөргөмүштүн тамагы акациянын жашыл жалбырактары болуп эсептелет.
Жемин желесинин жардамы менен кармагандар аны уусу менен өлтүрөт. Анан курмандыгына ашказанынан бөлүнүп чыккан маңызды бүркүйт. Бир нече сааттан кийин тигинин ички органдары былжыраган маңызга айланып калат да, жөргөмүш аны соруп тоюнат.
УРГААЧЫСЫНА ЖАГУУ ҮЧҮН БИЙЛЕП БЕРИШЕТ
Кээ бир түрлөрүнүн ургаачысы жупташкан соң эркегин жеп коюшат. Андыктан куулары сактанып, «белекке» көпөлөк же чымын кармап алып барышат. Ургаачысы ал жемге алаксып калганда качып кетишет. Куу эместери өлүмгө башын байлашат.
Айрым түрүнүн мырзалары бийлеп беришет. Ургаачысы жактырса, атайын белги берет. Жакпаса, мырза тагдырын башка жактан издегенге аргасыз.
Жөргөмүштөрдүн арасында балдарын тирүү туугандары да, жумурткадан чыгаргандары да жолугат. Жумуртка туугандарынын кээлери алгач желеден пилла (кокон) токуп, ага жумурткасын тууп, желе пилланын оозун бүтөп көтөрүп жүрүшөт. Кээ бирлери пилланы желеге асып коюшат.
Ысыкта пилланы сууга салып, нары-бери оодарып салкындатса, жамгыр жаап, суук болгондо ылымта жерге шашат. Көтөрүп баратып бир жерге түшүрүп алса, аны тапмайынча кетпейт.
Бирок кээде ачкадан балдарын жеп койгондору, тескерисинче, ачка балдары апасын жеп койгон учурлар кездешет.
СУУЧУЛУ ДА, ИЙИН КАЗЧУСУ ДА БАР
Жөргөмүштөрдүн түрлөрү абдан көп болгондуктан, айрымдарына гана токтололу.
Арканчы жөргөмүш. Булар Америка, Австралия, Африкада жашашат. Алар эки бутактын ортосуна желе токушат. Анан ал желенин так ортосунан өзүнчө ылдый көздөй узун желе (жазы арканга окшош) токуп чыгарат. Ылдыйкы учун бези бөлүп чыгарган жабышкак маңыз менен чаптайт. Ошентип, жөргөмүш жазы арканын алдыңкы буту менен кармап, жемин күтүп отурат. Курмандыгы тушуна келгенде арканын ыргытып, кармоого аракет кылат.
Ийин казчу жөргөмүш. Булар Европа, Африка, Түштүк-Чыгыш Азияны мекендешет. Көбүнчө дарактын түбүнө чакан ийин казып, анын оозуна диаметри 2,5 сантиметрдей келген узун, түтүкчөдөй желе токушат. Өзү күндүз ошонун ичинде жүрөт да, өтүп баратып кокустан үстүнө отуруп калган курт-кумурсканы кармап калууга аракет кылышат.
Суучул жөргөмүш. Америкада жашаган бул жөргөмүштөр сууда өскөн өсүмдүктөрдү кармап алып, суунун ичине чумкуганды да билет. Курт-кумурскалардан тышкары көнөк баштарды, балыктын икрадан жаңы чыккан майда чабактарын жешет.
Уулуулары. Кээ бир түрлөрү уулуу болушат. Өзгөчө уулуулары – күрөң дербиш жана кара курт. Уусу адамды өлтүргөнгө чейин жетет.
«ЭЛҮҮДӨН АШЫК ЖӨРГӨМҮШ БАГАМ»
Жөргөмүш багууну хобби кылгандар да арабызда бар. Алардын бири бишкектик 30 жаштагы НУРЛАН НИЗАМУДИНОВ: – Мен 12 жылдан бери жөргөмүштөрдү багып келем. Үйүмдө учурда 50дөн ашыгы жашайт. Көбү чымчык жегичтер. Дос кызымдын зоодүкөнүнө койдуруп, саттырып да турам. Азыркы сатылып жаткандарынын баалары түрүнө жараша 3700 сомдон
55 миң сомго чейин. Бирок коопсуздук үчүн жашы 18ге толо электерге сатылбайт. Чымчык жегичтердин мекени – Африка, Түштүк Америка, Австралия, Океания. Аты айтып тургандай, чымчыктарды, алардан тышкары чымын, бака, чычкан, балыктарды жешет.
Биз буларды Москвадан желе пилла түрүндө сатып алабыз. Бир желе пилладан 25тен 1500гө дейре жөргөмүш чыгат. 40 күн дегенде алар жөргөмүшкө айланышат. Жаңы чыкканда ачкалыктан бири-бирин жеп коюшат. Андыктан ар бирин пластикалык идиштерге жайгаштырабыз. Жеми үчүн мрамор сымал таракан менен зофобастарды (коңуздун личинкасы, курт) сатып алып, аларды өзүнчө багабыз. Чоңдору 1 айда 1 чоң таракан жесе, майдалары жумасына 1 таракан жейт. Уулуу чаяндарды (скорпион) берсең, аларды да жеп коюшат.
Уусу адамды өлтүрбөгөнү менен, күчтүү эле. Мисалы, чаккан жер шишип, оорутат. Чакканда дароо 5 мүнөткө жетпей ууга каршы укол сайыш керек. Укол жок болсо, чаккан жерди ошол замат тилип, канды уусу менен агызып салуу кажет. Анан ширеңке чагып, чагылган жерди күйгүзүү, дарыгерге тез кайрылуу зарыл. Мени бир ирет чагып алган, ошол жерде азыркыга чейин так жүрөт.
Жөргөмүштөрдү кичинесинен колго кармап үйрөтсө көнүп калышат.
Чымчык жегичтердин эркектери 3-4 жыл, ургаачылары 20 жылга чейин жашашат. Булар өтө ысыганда эле суу ичишпесе, башка учурда суу ичпейт. Өтө ысыганда өлүп калышат. Андыктан температурага көз салып, аптапта жер төлөгө түшүрөм. Булар салынган пластикалык идиштерге кокос жаңгагынын кабыгынын майдаланганын салып, жасалма таштардан аң-дөң кылып коём.
Грибок оорусу менен оорушат. Оору жукканда 3-4 ай тамак жебей, кыймылдабай калышат. Сырткы кабыгы жарылып өлүшөт. Андыктан бул ооруга чалдыктырбай, таза кармап, башка жөргөмүштөргө кошпош керек.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg