ЧЕК АРА ЧЫРЫ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?

Анжиян менен Ханабаддагы окуялардан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чектеш аймагын жылчыксыз жабуу аракетине киришти. Кээ бир жерлерге 7 метр бийиктиктеги бетон дубалдарды орнотуп, адам түшсө чыга алгыс терең аңдарды каза баштады. Күн алыс чек арадан келип жаткан кабарлар эки өлкө ортосундагы абал кыйла курчуп баратканын айгинелөөдө.

Чырдын башы – суу

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы суз мамиленин пайда болушун серепчилер СУУ-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК проблемаларга байланыштырууда. Ханабаддагы окуялардын изи сууй электе өзбек расмий бийлиги “милиция постуна кол салган боевиктер Кыргызcтан тараптан келишкен” деп маалымдап жиберди. Андан мурдараак Чек айылындагы кыргызстандык жарандардын үй­лөрүнүн тинтүүгө алынышы, чек араны бойлой терең аңдардын казылышы божомолдун чыгышына негиз берүүдө.

Анжиян-Ханабад жардыруулары

26-майда 2-3 адамдан турган куралчан топ Ханабад шаарынын милиция жана коопсуздук кызматынын имаратына кол салып, күч органдары ортосунда ок атышуу болгон. Такталбаган маалыматтар боюнча, атышуу жана жардыруулардан 7 адам каза болгон. Айрым серепчилер бул окуяны “Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү тарабынан ишке ашырылды” деп болжолдошсо, расмий Ташкент “куралчан топ Кыргызстандан келген” деп жар салып, кыргыз-өзбек чек арасын жаап салды. Бул божомолду кыргыз бийлиги четке кагып: “Эч кандай топ кирген эмес. Өз­бек­стандын аймагында болгон окуяга өзбектер өздөрү жоопкер”,- деп жооп кайтарды.
Ошол эле учурда айрым батыш басылмалары: “Баткен окуясы кайталанышы мүмкүн. Пакистан жана Ооганстандан 40 адамдан турган куралчан топ кыргыз-өзбек чек арасын көздөй жолго чыкты”,- деп кабарлашты. Эскерте кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен облусуна Тажикстан тараптан куралдуу топ кирип, кыргыз аскерлерин кыйла жүдөтүшкөн. Ал кезде да “Кыргызстанда жашырынып жүргөн куралчан топтор Өзбекстанга өтүүгө аракеттенип жатышат” деген шылтоо менен Өзбекстандын согуштук учактары Чоң-Алайдагы Кара-Тейит айылын бомбалап салышкан.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи

Ханабаддагы куралчан адамдар жөнүндөгү кинеге чейин эле расмий Ташкент менен Бишкектин ортосундагы мамиле сууп кеткени белгилүү. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна Орусиядан 1 миллиард 700 миллион доллар кредиттин бөлүнүшү маселени ого бетер курчутту. Чек араны аныктоо-тактоо иштери мыйзамдуу түрдө баштала электе Өзбекстан Чек айылына тосмолорду коюп алганына байланыштуу Кыргызстан нааразычылык нотасын жөнөтүүгө чейин барды.
Өзбекстан энергетикалык кризистин оорчулугун башынан өткөрүп жаткан Кыргызстанга ири гидрокурулуштарды эл аралык экспертизадан өткөргөндөн кийин гана куруу талабын коюп келет. Кыргызда “журт башы болгуча, суу башы бол” деген кеп бар. Балким, табият берген ушул байлык кыргызды кыйын абалдан чыгарып кетер...

Чек талаш... Бишкектен Ташкентке кат

29-майда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Өзбекстандын Олий Мажилисине (парламентине) кайрылуу жолдоду. Анда чек араны аныктоо-тактоо жумуштарын эртелетүү, чек ара толук такталып бүткөнчө тосмо-бетондорду койбой туруу жөнүндө маселелер козголгон. Мындай өтүнүч чек араны тактоо аракеттери аягына чыга электе Чек айылына Өзбекстандын өткөрмө-тосмо белгилеринин коюлушунан улам чыккан.
Кыргызстандын Ноокен районуна караштуу Чек, Жаңы-Чек айылдары калк жыш жайгашкан кыштактардан болуп саналат. Эки өлкөнү ажыратып туруучу чек ара сызыгы жеңил машина араң жүргөн тар көчө аркылуу өтөт. Кыргыз паспорту бар 24 үйбүлө Союз убагынан бери эле Өзбекстан тарапта жашап келет. 19-апрелде Өзбекстандын күч органдары мыйзамсыз түрдө кыргыз жарандардын үйлөрүнө кирип, паспортторун текшерип, каяша айткандарды “көчүп кет” деп коркутушкан. Укуктук негизде кимге таандык экендиги тактала элек жерге ээ чыгып, өткөрмө-тосмолорун коюп алган өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын жарандарын күндө текшерип, укуктарын басмырлап жатышат.

Чек араны бойлой казылган аң

Ханабад окуясынан кийин Өз­бек­стан Кыргызстан менен чек арасын бойлото аң каза баштады. Кошуна өлкө мындай бир тараптуу аракети менен эки тараптуу келишимдерди жана эл аралык эрежелерди одоно түрдө бузууда. Өзбек тарап Кыргызстандын Сузак, Ноокат жана Кадамжай райондору менен болгон чек арасынан адам өтүүгө мүмкүн болгон жерлерин бойлото аң казып жаткандыгын Кыргызстандын Чек ара кызматы да ырастаган. Айрым аралыктарда казылган аңдын эни да, тереңдиги да 3 метрден. Казылган аңдан улам Сузак районундагы Атабеков айылында кыргыз тараптын 100 гектар жерине суу тартыш болуп калган.
Бүгүнкү күндө Өзбекстан тарап Кыргызстанга эч кандай маалымат бербей туруп, “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген маңызда мыйзамсыз аракеттерге барууда. Ошондой эле өзбек чек арачылары Кара-Суу шаарынын бир жаранын атып өлтүрүп, 1 жума дегенде араң сөөгүн кайтарып беришти. Ошол эле учурда Өзгөн районунун тургуну У.Миталипов Анжиян абагында жаткандыгы кабарланууда. Аталган жаранды кайтарып алуу үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн натыйжа жок.

Союз убагында Москва анклав маселелерин чечүүнү каалаган эмес

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен чек арасын аныктоо иштери узакка созулары жалпыга дайын болуп калды. Ага анклавдар маселеси да кошулууда. Анклавдар тарыхына көз сала турган болсок, Союз убагында эле Шаймерденде өзбек Сельсоветтери уюшулуп жатканда Абдыкадыр Орозбеков: “Ушул жерде мыйзамсыз иштер болуп жатат, жойгула”,- деп М.Калининге кат жазган. Бирок Москвадан жооп келген эмес экен.
Ошентип, Шаймерденде өзбек­тер, Сох менен Ворухта тажиктер жашап калышкан. Советтер Союзу жа­ңы түзүлүп келатканда Тажикстан Өзбекстандын алдындагы автономиялуу облус болчу. Кийин Тажикстан өзүнчө бөлүнгөндө Сох Өзбекстанда калып калган.

Чек араларды тактоо маселеси качан чечилиши мүмкүн?

Учурда тараптар отуруп сүйлөшүүгө барбагандыктан, бул маселенин жакынкы жылдарды чечилиши күмөн.
Баарынан мурда аталган үч өлкөдө саясый туруктуулук болушу керек. Үч мамлекет тең бай болушу керек. Себеби мамлекеттер байыганда элдин чек ара менен иши болбой калат. Европа Биримдигин буга мисал катары берсек болот. Ошондуктан аталган шартты күтүүгө туура келет. Ал шарт бизге качан келет, азырынча айтуу өтө кыйын.

Айбек Кочкоров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 346, 19-25-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан