«ТАМАШОУ» МОСКВАДАН КУРУ КАЙТКАН ЖОК

«Тамашоу» курама командасы 6-март күнү Москвада өткөн КВНдин Премьер-Лигасынын жарым чейрек финалында 3-орунду илип келишти.
– Салам, Эрмек, жеңишиңер кут болсун! Оюн кандай өттү?
– Рахмат, оюндан көңүлдүү кайттык. Албетте, кетип жатканда жеңебиз деген тилектер бар болчу, бирок азыркы жыйынтык деле жаман эмес. 3-орунду алганыбыз жакшы эле болуптур, анткени буга чейин жалаң биринчиликти ээлеп келип, «башка күчтүү команда жокпу?» деп, балким, кээ бир балдарда ой пайда болуп калгандыр. Ошол «жылдыз оорусу» менен жабыркагандар үчүн жакшы сокку болду. Балдар бирок андан сынып калбай, кайра чыгармачылык жактан күчтөнүп калышты. Чынында, жакшылап аракет кылса утса болот экен.
– Канча команда менен ат салыштыңар?
– Жалпысынан 18 команда болдук. 6-7-8-март күндөрү оюн жүрүп, биз алгачкы күнү эле 6 команда болуп чыкканбыз. Кубандырганы, биз жалаң күчтүү командаларга туш болуптурбуз. Бизди «өлүктөр командасы» деп атап жүрүштү. Анткени улам начар ойногондор «учуп» отуруп, биз менен 1-күндө ойногон бардык атаандаш командалар оюнда калдык.
– 3-орун баары бир биринчилик эмес да. Катачылык эмнеден кетти деп ойлойсуң?
– «Биатлон» сынагында кыска тамашаларды бир аз туура эмес тандап алдык окшойт. Бул сынак бир гана баладан көз каранды болуп калат да. Биз бир упайга 0,4 пайыз гана жетпей калдык. Андан кийин «неге антип окуп койдуң?» деп балдар ортосунда анча-мынча чыр болот. А бирок муну бир адамдын катасы катары көрбөшүбүз керек. Анткени баарыбыз чогулуп тамашаны жазганбыз.
– Эми алдыда кандай пландар бар?
– Кудай буюрса, алдыда «Тамашоунун» жарым финалы турат. Андан соң 22-23-апрель күндөрү кайра Москвага сапар тартабыз, чейрек финалга. Андыктан бизди колдойбуз деген патриот эже-байкелер болсо, кызматташууга чакырабыз.
«БИАТЛОН» СЫНАГЫНДАГЫ ТАМАШАЛАРДАН:
- Бардык Олимпиаданын урааны: «Батыраак! Бийигирээк! Күчтүүрөөк!» Ал эми Сочи Олимпиадасынын урааны: «Батыраак, сураныч, батыраак».
- Концертте Стас Михайлов тилин тиштеп алып, Стас Мифайлов болуп калды.
- Цейлон ую бир бергенде сүт менен чайды чогуу берет.
- Тажик мырзасы жашоосунда үч нерсени сөзсүз кылышы керек. Бак отургузуу, баласын чоңойтуу жана Москвага жөнөтүү.
- Кыргыз учкучтары акыры Америкага учушту, «Work And Travel» программасы менен...
- Жаңы ачылыш! Москва менен Бишкек аябай окшош. Себеби Бишкекте да кыргыздар аябай көп.
- Аябай тапкыч таракан ашканадагы жарыкты күйгүзөр замат плинтус боёп жаткан боло калат.
- Үнү бүтүп калган ит кайгылуу көзү менен машинаны узатып кала берет.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
азаматсынар "тамашоучулар". Силерге ийгилик!!!!!!
Дагы дагы коп коп ийгиликтерге жеткиле
3-орун да жаман эмес аста аста 1-геда жетишесинер аракет жасасанар жигиттер
Азаматсынар Кыргызымдын жигиттери!!!!Мындан кийин да чон-чон ийгиликтер коштоп турсун силерди!!Биз силер менен сыймыктанганыбыз!!!Алга!!1
азаматтар! Кыргыздын атагын чыгарып журо бергиле!
ийгилик силерге, алга Кыргызым алга,биз силер менен
Москвада Азия-микс командасынын куйормандары (Жаш Толкунчулар) Вконтакте сайтында атайы колдоо тобун тузуп, оюнга билеттер, футболкалар, желектер таркатылып, оюндан кийин клубда команданын катышуучулары менен жолугушуу болуп жакшы уюштурулган. Негедир Тамашоу ойногондо андай болгон жок... Эрмек. Нурбаев ушуга да конул бурса, колдон келген жардамыбызды беребиз...
Ийгилик мындан да онуго бергиле, тилеген максатынарга жеткиле. Кудайым колдосун Кыргыз эли силер менен.
ийгилик, ийгилик каалайбыз!
Дегеле кыргыз элинин сыймыгы болгондор Жараткан аллах озу колдоп кубаттасын,Ар дайым жузунуздордон кулку кетпесин,баарыбызды кулдуруп алдыды боло бериниздер!
Тамашоу азаматсынар ийгилик анан аранарда эмнеге Ош камандасынын жигиттери жок. Болсо жакшы болмок.