“Жашоо, турмуш өзгөрүлөт турбайбы, жаштыгымда ойлобопмун мындайды...” деген ырды уксаңыз керек. Бул ыр таланттуу жигит Алишер Тоотаевге таандык. “Бишкекке көп келбегендиктен, сиздер менен байланыша албай жүрчү элем. Эми биротоло көчүп келдим”, - дейт Алишер биз менен болгон маекте.
– Алишер мырза, кош келипсиз.
– Сиздер менен аманчылыкта жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын.
– Алишер, айтсаңыз, ыр дүйнөсүнө кантип аралашып калгансыз?
– Мектепте окуп жүргөндө эмнегедир эл алдына чыгып ырдоодон уялчумун. 9-классты аяктаганда атам “балам, сенин талантың бар. Ошол талантты катпай, чыгар” деп Оштогу Музыкалык окуу жайга тапшыртты. Ошентип, окуп калдым. Студент кезде ата-энемди сагынып, куса болуп отуруп, “Ата-эне” деген ырымды жазгам. Сөзүн жазсам эле обону өзү чыгып калбаспы. Ошондо музыка дүйнөсүнүн керемет экенин сезгем.
– Ыр жазсаңыз, акын турбайсызбы. Акындар учурдагы ырчылардын ырын катыра сындашат го...
– Өзүмдү толук кандуу акынмын деп эсептебейм. Азыркы ырлар боюнча айтсам, албетте, арасында жакшы ырлар бар. Ошону менен биргеликте котормолор да толтура болуп жатпайбы. Биз, ырчылар, кыргыз маданиятына аз да болсо салым кошушубуз керек. Элдик музыкабызды унутуп, Европаны туурап жатканыбыз, менимче, туура эмес.
– Сизге көбүнчө илхам кандай учурда келет?
– Абдан жакшы суроо экен. Мага илхам ар кандай учурда келет. Мисалы, “Ачып койчу эшигиң” деген ырым автобус менен айылга баратканда жаралган. Бирөөдөн калем сурап, текстин гезиттин бетине эле чиймелеп жазып салгам. “Балалыкты” балалыгымды сагынганда жазгам. Негизи, ыр жүрөктөн жаралат. Кээде түшүмдө да ыр жазып, обон чыгарам. Ошол убакта ойгонуп, жазганга үлгүрөм.
– Сиздин ырларыңызда көбүнчө балалык, жашоо, турмуш баяндалат. Эмнеге сүйүү темасына кайрылбайсыз?
– Сүйүүнүн көп түрү бар. Ошонун эң ыйыгы, өзгөчөсү – аял-эркек сүйүүсү. Сүйүү жөнүндө не бир керемет саптарды, чыгармаларды залкар инсандар жазып кеткен. Ошолордой сүйүүнү даңазалаш кыйын. Ошондуктан сүйүүнү жайына койдум.
– Өзүңүз сүйүүгө кабылдыңыз беле?
– Ооба, үйдүн кенжетайы болгондуктан, эрке болбосом да өз сөзүмдү берчү эмес элем. Эч кимдин айтканын укпай сүйүп жүрүп, Мырзаке айылынын сулуусу Калимага үйлөнгөм. Анда 20да болчумун. Учурда, Кудайга шүгүр, Перизада аттуу 5 жаштагы кызым, Акжол аттуу уулум бар. Уулум 1,5 жашка чыкты.
– Башка ырчылар сизден ыр сураган учур болду беле?
– Бир жолу Борончу Кудайбергенов агабыз “Күтүшкөн күндөр” деген ырымды “мага жакты, ырдап жүрөйүн, бербейсиңби?” деп сураганынан бердим. Кайран Бокем, дисктерге, радиолорго “өзүмдүкү” деп чыгарып жибериптир. Анан “ээ, Боке, бул кылганыңыз эмне? Сизден сураныч, радиолордон алыңыз” деп, өзүм чуркап жүрүп, бардык радиолордон алдыргам.
– Ырчылыктан сырткары эмне менен алектенесиз?
– Кээде той-топурларга чакыруу алам дегендей. Жаңырган жылдан бери ЭлТР телеканалында алпаруучу болуп иштөөдөмүн.
– Кантип журналист болуп калдыңыз?
– ЭлТРдин журналисттери маектешүүгө чакыргандыктан, баргам. Мурдагы директору Мамырайым агай чакырып, “бизге иштебейсиңби?” деп калды эле, макул болдум. “Алтынчы күнү кечинде”, “Талант таңшыйт” программаларын алпарам. Жакында “Музыкалык саат” программасын алпарышым мүмкүн.
– Борборго келишиңизге эмне түрткү болду? Үйдүн кичүүсү болсоңуз, үйдө калышыңыз керек да....
– Биринчи себеби, борбордон үй алдым, экинчи себеби, биртууганымдай көргөн агам Бек Борбиевдин да айтканын уктум.
– Эмне, Бек байке сизге колдоо көрсөтөбү? Дегеле, чыгармачылыгыңызга ким демөөрчү?
– Бек агам жөнөкөй, адамгерчиликтүү, талантты сыйлаган инсан. Ага-инидей болуп мамилебиз жакшы. Мага моралдык колдоо көрсөткөндөргө Бек Борбиевди, ЭлТРдин башкы директору Нурланбек Шакиевди кошсом болот. Албетте, ата-энемди, биртуугандарымды, ырымды сүйгөн кыргыз элимди, жердеш агаларымды да айтпасам болбос.
– Чыгармачылыгыңызды колдогондор, ырларыңызды сүйүп уккандар көбөйө берсин деп маекти аягына чыгаралы.
Алия
Мирбек Атабековдун “Күндөр жаңырат” клибин көрбөгөн жан болбосо керек. Мына ошол клиптеги бир жигитти сыртынан сүйүп, так секирген секелек кыз, «Супер TV» теледолбоорунун алпаруучусу – Алия. “Клиптеги Алия менен жашоодогу Алиянын айырмасы кандай?” дегенге төмөндөн жооп аласыз.
– Алия сулуу, өзүң жөнүндө эки ооз кеп...
– “Сулуу” деп мени кубантып салдыңыз го. Өзүм жөнүндө айтсам, мен көп нерсеге умтулган, ачык мүнөздөгү кыялкеч кызмын. Учурда студентмин. Ошону менен биргеликте “СуперTVда” алпаруучулукту аркалайм.
– Алпаруучу болсоң, кесибиң журналистпи?
– Жок. Кыргыз Техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетинде 1-курста окуйм. Кичинемде эле эркек балдар менен көп ойночумун. Ошондуктан ушул кесипти тандап калгам.
– Анда алпаруучулук – хоббиң турбайбы?
– Ошондой десем да болот. Негизи, менин хоббим – кийим тигүү. Кечеге барчу кийимдерди өзүм эле тигип алам.
– Демек, мыкты тигүүчү экенсиң да. Алпаруучулукка кантип келип калгансың?
– Үйдө телевизор көрүп отургам. Титрдан “алпаруучулукка кастинг жарыялайбыз” деген жарнаманы көрүп, кызыгып калдым да, телефон чалдым. Чалсам, келип кастингге катышуумду айтышты. Барсам, “сүйлөп көрчү” дешти эле коркуп кетип “кыргызчабы?” десем, “орусча алпарасың” дешти. Мен кыргызча түшүнөм, бирок өз деңгээлинде сүйлөй албайм. Карасам, сиздердин гезит турган экен. Андагы шоу-бизнес жаңылыктары дегенди окудум да, ошону айтып бердим. Андан кийин видеопробадан өттүм. Мына ошентип иштеп калдым.
– “Кастингден өтпөй калам” деген жоксуңбу?
– Бир аз корктум. Бою узун кыздар келгенин көрүп, “ий, мени алышпайт го” дегем. А фотопробадан оңой өтөрүмдү билгенмин. Себеби бир учурда фотограф да болуп иштегем.
– Сени КВНден да көргөндөй болдум эле...
– Мен өзүм окуган университеттин “Мартини клаб” командасынын мүчөсүмүн. Бул командага кошулгандан бери көп эле жолу сахнада оюн көрсөттүк окшойт. КВНде ойноп жүрүп, Ассоль Молдокматовадан эки жолу “Мыкты аялзатынын образы” деген наам алдым.
– Атабековдун “Күндөр жаңырат” аттуу клибине кандайча тартылып калдың?
– Канат байке экөөбүз чогуу иштейбиз да, бир күнү эле “Алия, күлгөндөй образ көрсөт. Алия, кайгыргандай кабак бүркөп көрчү” деди, мен окшоштуруп салдым. Анан эле клипке тартылуумду суранды. Клипке тартыларда жаз болчу, мен жука кийинип алгам. Ий, абдан үшүгөм...
– Шоу-бизнестен кимдер менен катыштыгың бар?
– Алихан, Даниель, анан Мирбек Атабеков менен таанышмын. Булар “святой” жигиттер да.
– Ошондой “святой” жигиттер артыңдан чуркашса керек...
– Азыр мен жашмын. Сүйлөшкөнүм жок. Келечек көрсөтөт го...
– Бизде “ала качуу” деген салт бар, билесиңби?
– Мени ала качып кетүүлөрүнө ата-энем жол бербейт, өзүм да макул эмесмин. Угуп калам, “карыган апалар босогого жатып алат” деп. Андайдан сактасын деңизчи, кокус туш болсом, түшүндүрүп отурбай, кете берем.
– Ырчы болгуң келеби?
– Бош отурганда эле “Сары-Ойду” созуп калам. Үйдөгүлөр абдан күлүшөт. Үйдө баарыбыз орусча сүйлөйбүз, кыргыз тилин кадырлайбыз, түшүнөбүз. Ильяз Адамов деген продюсер байке менен таанышып калсам, “ырдабайсыңбы?” деген сунушун айткан. Кийин телефонун жоготуп алдым.
– Алия, маек куруп бергениңе рахмат. Ушундай талантың менен мүмкүн, ырчы да болорсуң.
Бурул Исмаилова
star@super.kg