Гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй. Бул адамды чоң бизнеске алып келген идея да жөпжөнөкөй болчу. Кадимки эле кыргыздын суусундугу. Аны кыргыздар нечен кылымдар бою жасап келишкен. Бирок суусундук алып келүүчү чоң кирешени ушул инсан гана көргөн өңдүү. Биздин маек “Шоро” компаниясынын президенти Таабалды Эгембердиев менен.
– Таабалды мырза, сизди “кыргыздын максымын даярдап сатуу идеясын эжесинен алган” дешет, ошол чынбы?
– Эжемден албай эле мектепти бүткөн соң шаарга келип, чаңкаганда максым таппай карайлаган учурларда келген ойлор болчу. Анда 1968-жылдар. Мен 17 жаштамын. Политехникалык институтка тапшырып, окуй баштадым. “Орто-Сай” базарынын акыр-чикирге толгон жерлерине эки-үч келин фляжка менен алып чыгып, милициялардан бекинип максым сатышчу. Мен атайын издеп келип, максым ичип кетчү элем. Ошондо “эмне үчүн Кыргызстанда туруп, кыргыздын суусундугун коркпой-үркпөй сатууга болбойт?” деп ойлочумун.
– А өзүңүз үйдө максым жасай аласызбы?
– Өзүм жасаган эмесмин. Бирок кенедейимден максым ичип чоңойгом. Максым биз үчүн жөн эле суусундук эмес, үйдүн ырыскы-берекеси болчу. Эт, атүгүл, нан жок калган күндөр да болгон, бирок максымы жок бир да күн болчу эмес.
– Алгач бул бизнести эмнеден баштагансыз?
– Бул идея 87-жылдары эле келген. Жүрүп отуруп 1992-жылы жасай баштадык. Кыргыздын илгертеден келе жаткан улуттук суусундуктарынын баарын чыгарсак деген максатыбыз толук ишке ашып отурат. Азыр биз максым, жарма, чалап, кымыз, бозо чыгарып жатабыз.
– Бул бизнеске чейин да ары-бери урунуп көрсөңүз керек?
– Албетте, баары эле бир күндө боло калбайт да. Өзүм кесибим боюнча инженер-куруучумун. Алгач институтта окутуучу болуп иштедим. Маяна аз, анан Нарынга прораб болуп кеттим. Ойлоп көрсөм, маяна менен жан баккан мага окшогондор аз болсо керек эле. Айтор, антип-минтип жүргүчө 29 жашка келип, эки балалуу болдум. Ошол жылдары менин өмүрүмдө оор сыноолор башталды. Аял дегенди кыйратып бага албасаң, туруп алып басып кетмейи бат эле экен. Келинчегим таарынып кетип калды. Ошондо билдим, жашоодо таза маянасы менен гана өкмөттү карап отурган адам бааланбасын. Ал күндөрү мен орус адабияты менен жакын болуп кеттим. Адабият менен “ооруп”, баш-аягы 13 жылдай жүрдүм.
– Азыр көпчүлүк жаштар арасында “кыйналып окубай, дипломсуз деле ийгиликке жетсе болот” деген түшүнүк калыптанып бараткандай. Сиздин пикириңиз кандай?
– Жаштардын билимге умтулбаганы чоң трагедия. Мен өзүм жетим өстүм. Байкаганым, жетим балдар бардык шарты белен теңтуштарына караганда тың келишип, көп ийгиликтерге жетишишет. Балалыгым Суусамырда кой кайтармай, тезек термей менен өттү. Кой кайтаргандан ушунчалык тажап, андан биротоло кутулгум келчү. Ошол үчүн оюнга, башкага алаксыбай, жаш кезимден билимге умтулгам. «Эптеп койдон кутулуп, окууга өтүү керек» деген максат менен жашачумун.
– Ал максатка жетиптирсиз. Андан кийинчи?
– Эл катары окуй баштадым. Ал кезде “эртең эмне болот?” деп баш оорутмай жок, өкмөткө ишенип жүрө берчү эмес белек. Ошондой өкмөткө ишенген максатсыз жашоо менен бир канча жылдык өмүрдү өткөрдүм. Ал ортодо КДКнын курамында демократ болуп, саясатка да аралаштым. Анан баш-отум менен бизнеске киришип кеттим.
– Бизнес жүргөн жерде кримчөйрө канатташ жүрөт эмеспи. Кримчөйрө менен тирешкен, же салык төлөгөн учурларыңыз болду беле?
– Салыгын го төлөгөн жокмун. Бирок кайрымдуулук кылып, түрмөлөргө суусундук тараткан күндөрүм көп эле болду. Аны бирөөлөр коркутуп, кысмакка алган үчүн эмес, атайын келип суранышканы үчүн сооп иш деп жасайм.
– Азыр акчасы, бизнеси бар адамдар арасында депутат болуу модага айланды. Көпчүлүгү «бизнесин коргоо үчүн депутаттыкка умтулушат» дешет. Сиздин да бул агымга аралашкыңыз келди беле?
– Жок. Мындай ишке мүнөзүм туура келбейт. Мен эркиндикти сүйгөн, чыгармачыл адаммын. “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” деп коюшат эмеспи. Ошонун сыңары ар бир адам өзүнүн колунан келген, мүнөзүнө туура келген ишти жасашы керек деп ойлойм. Ал эми бизнести коргоо боюнча айтсам, ишти нөлдөн баштап, өз күч-аракетим менен ушул деңгээлге жеткем. Таза бизнеске тийишкен күндө деле илинчек таба алышпайт.
– 2005-жылы 24-мартта «Ала-Тоо» аянтына чогулган элге бекер “Шоро” тараткан элеңиз. Ошондо “Шорону” Айдар Акаев тартып алган экен. Эгембердиев Акаевдин бийликтен түшкөнүнө кубанып, суусундук таратты” деген кеп тараган. Туңгуч ажонун эрке баласы чын эле тартып алды беле, же...
– Андай болгон эмес. Мен Аскар Акаев менен жакшы эле мамиледе болчумун. Айдар менин бизнесиме тийишкен эмес. Эми айрымдар “Максим Бакиев “Шорону” тартып алды” дей башташыптыр. Бул сөздөрдүн баары калп.
24-мартта аянтка чогулган эл чаңкап турганы үчүн суусундук таратканмын. Ал күнү «демократиянын майрамы болду!» деп кубанып, ошол ишти жасагам. Анткени шайлоодогу мыйзам бузууларга абдан нааразы болгон элем. Бирок эл Ак үйгө кирип, тоной баштаганда аябай ирээнжигем.
– Азыр төбөсү көрүнгөн мырзалар арасында төшөк жаңыртмай адат болуп баратат. Бул көрүнүштү эмнеден деп ойлойсуз?
– Аны туура деп да, туура эмес деп да болбойт. Анткени жүрөк маселесин эч ким, эч качан кайсы бир эрежеге сала алган эмес. Анын үстүнө, экинчи, үчүнчү аялды байкасаңыз, колунда бар, ошончо бүлөнү багууга мүмкүнчүлүгү жеткен эркектер алууда. Бизде аялзаты эркектерге караганда көп. Анан кыздарыбыздын багын ачып, бүлө кылып кеткендин эмнеси жаман?
Мына мен өзүм экинчи аялдын баласымын. Балалуу болбой жүрүп, чоң апам атама менин апамды алып берген экен. Атамдын эки аялы барын, мен чоң апа деп жүргөн аял атамдын байбичеси экенин тээ чоңоюп, 8-класста окуп калганда билгем. Айрымдар мени «эки аялы бар» деп ойлошот экен. Чынында, мен бир эле аял менен ырыс-ынтымакта жашап келем.
– “Ийгиликтүү, иши жүрүшкөн мырзанын артында акылдуу аял турат” дешет. Сиз буга кошуласызбы? Жеңебиз кандай киши?
– Жеңең менден акылдуу болсо керек. Себеби ал мага күндө акыл айтат. Мен болсо күнүгө үйрөнө албай, тил угам. Экөөбүздүн тең жылдыз белгибиз – текечер. Бирок жеңеңер сүзөнөөк, мен жоош текемин. Тамашасы жок айтсам, чын эле тың жеңеңер бар. Мага жардамы чоң. Бүлөнүн жумуштарынын баарын өзү бүтүрөт. Үйдө мен коноктой элемин.
– Өзүңүздү “баймын” деп эсептейсизби?
– Ооба. Руханий жактан да, материалдык жактан да баймын деп эсептейм. Салыштыра келсек, таразанын ташы рухий байлыкка ооп кетсе керек.
– Эгер “Ийгилик сыры” деген китеп жазсаңыз, кириш сөзүн эмне деп баштаар элеңиз?
– Эмгек жана да эмгек. Жөн эле тытына бергенден майнап чыкпайт. Максаттуу эмгек болушу зарыл. Ага кошо чыдамкайлык, өжөрлүк керек.
Ар бир кадамы кыргыз жыттанат
Биз Таабалды мырзаны шаардын сыртында жаңыдан салдырып жаткан эс алуу борборунан таптык. Жумушчулар менен бакылдаша иш үстүндө жүргөн ага бизди ээрчитип, комплекс менен тааныштырып чыкты. Илгерки очоктор, саман менен ылай аралаштыра салынган үйлөр, жыгач үкөктөр, суу тегирмен, боз үйлөр, ордо... Айтор, курулуп бүтө элек бул жайдын ар бир кадамы кыргыз жыттанат. Өз ишине сыймыктанганын жашырбаган ишкер төмөнкүлөрдү айтып өттү:
– Көптөн бери бир нерсеге нааразы болуп жүрчүмүн. Азыр шаарыбызда каалаган оюнга ылайык жайлар бар. Тенниске корт, футболго талаа, бильярд, фитнес клубга өзүнчө жай. Бирок кыргыздын эң негизги, саясый мааниси бар оюну, ордо ойнолчу ылайык жер жок. Ошол нааразычылыгым мени бул жайды салууга түрткү берди. Илгери апаларыбыз кандай очок, кемегеде тамак жасашса, биз да дал ошондой куралы деп турабыз. Атүгүл, мынабу жашыл чөп да тоонуку. Атайын Суусамырдан чым алдырып келип өстүрдүм. Мына кадимки ышкын, көкөмерен, бетеге, сары гүл. Максатым, биздин балдар ал заманды көрбөсө да, ушул сыяктуу борборлордон бабалардын көргөн күнүнөн кабар алышса, ошол күндөрдү, ата-бабаларды унутпаса дейм.
Шаиста Шатманова
koom@super.kg