КИРЕШЕ САНДЫГЫН АЧКАНДА...

Баарыбыз эле айлык акыдан сырткары кошумча акча табууну каалайбыз. Ырчылар ырдагандан сырткары кантип, каяктан киреше алары бардык күйөрмандарга кызык. Ошондуктан биз бүгүн айрым жылдыздарыбыздын каражат казынасына саякатка чыгып, киреше кайдан келерин иликтеп билдик.


Айчүрөктүн капчыгы ырларына жараша

Ырга чапкенедей жабышып 20 жылдан бери сахнадан түшпөй келе жаткан Айчүрөк эжебиз ырчылыктан сырткары акча табууга кызыкпайт экен. “Мен бүгүнкү эмес, эртеңки күнүм, артымда калчу түбөлүктүү ырларым үчүн гана эмгектенип келем. Салон, дүкөн ачкандын ордуна китеп жазып, элдин жүрөгүндө кала турган ыр жаздырганды өйдөрөөк коём”,- дейт ырчы. Эжекебиздин минтип актанганына, мактанганына койбой, “анда кантип кымбат үй алып, кантип кымбат машина айдап, кантип үйбүлө багып келе жатасыз?” деп жатып, кичинекей дүкөнү бар экенин таап чыктык. Ырчы соода-сатыкка эч аралашпайт, себеби “акчага азгырылып, артынан кууп кетсем, чыгармачылыгым өксүп калат” деп коркот. Үйбүлө десе үйрүлүп түшкөн, ырларым – ырыскым деп түшүнгөн ырчыга акча ажылдак абысындай сезилет экен, тобо.


Съездбек маяна менен жашайт

Үнү да жумшак, мүнөзү да жумшак ырчыбыз Съездбек көп акча табуу үчүн бизнестин учугун чубап, учун таба албай жүргөн кези. Ошентсе да ырчылык менен эле чектелбестен Съездбек Ички иштер министрлигинин алдында түзүлгөн ансамблде да эмгектенет. Туура кылат, үйдө отурса бирөө бир сом бермек беле?! Андан көрө “кыймылдаган кыр ашат” деп аракеттенип жумушка кирип алды эле, мына ай сайын айлык акы алып жыргап эле калды. Бул жумушуна ырчыбыз күнүгө барбайт. Болгону, даталуу майрам күндөрү гана барып ырдап коёт.


Бакытты чет элдиктер байытууда

Чыгыш бийин тытканда айрым бийчилер эс алган Бакыт киреше табуу жагынан кыйын. Бул жигиттин каражат жагын чукуп отуруп бир кезде чет жактан машина алып келип сатканын, “Бакыт Байсариев” деген бий мектебинен сырткары дагы бир чоң бизнеси бар экенин таап алдык. Көрсө, Бакыт чет элдик коноктор менен иштешет тура. Тактап айтканда, Германия, Түркия, Кытай, Америка, кыскасы, дүйнөнүн төрт бурчунан келген туугандар кандай гана жардамга муктаж болбосун түптүз эле Бакытка кайрыла алышат. Бриллиант, алтын алып келип сатабы, эс алууга муктажбы же үй сатып алып кайра сатабы, мүмкүн документ иштериби, кыскасы, Бакыт заматта чече салып, жашыл долларларды чөнтөккө салат.


Айгүлдүн сулуулугу бизнеспи?

“Сарт санаасы менен байыйт” болуп үйдө жатып эле кыялында чоң-чоң бизнестерди ачып салган ырчы кызыбыз Айгүл экен. Ал го бир күнү болбосо бир күнү ишке ашуучу кыял. Ал эми чындыгында эле ырчы кызыбызга ырдаса да, ырдабаса да киреше кадимкидей эле кирип турат. Анткени ырчыбыздын “крутой джентльмен” жигити бар. Жигити тапкан каражат кандайча Айгүлгө тиешелүү деп таң калып жатсаңыз, түздөн-түз тиешелүү демекчибиз. Себеби андай жигитти табуу, анын жүрөгүн багындыруу түшүнгөн кишиге чоң эмгек да. Демек, пайдалана билсең атактуулук, сулууулук да чоң киреше алып келе турган бизнес.


Гулнаранын күлкүсү акча алып келет

Кайгы-капа дегенди билбеген, каткырыкты дегдеген ырчы эжебизге дагы ырдап тапкан каражаты жетпейт. Ошондуктан ар кандай корпоративдик кечелерди уюштуруп акча табат. Андан сырткары, ырчы тойлордун, кечелердин сценарийин түзүп, өзгөчө идеяларды жаратып тойго тиешелүүлөрдүн баарын даярдап эмгектенет. Булардын баары ырчынын “Күлүп кой” деп аталган “ишканасында” ишке ашат. Эжебиз өзүнө ылайык чакан кеңсе ачып койгон. Мына көрдүңүзбү, күлүп коюп деле акча таба берсе болот. Болгону, күлгөндүн жолун билиш керек. Бул эжебиздин кызматынан пайдалансаңыз, тоюңуз берекелүү болуп, закускасына да, устуканына да күлкү берилмекчи.


Бактыгүлдүн капчыгын Кытай жемиштери кампайтат

Ой-бой, суйкайган сулуубуздун колунан баары келет. Шоу-бизнесиңби, жөн бизнесиңби семичкедей гана тарсылдата чагат дейсиң, оозуң ачылып отуруп каласың. Караган көздүн карегин алган кызыбыздын бардык бизнестерин жыйыштырып туруп, бүгүн жаңы баштаган бизнеси жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Прикинь, ырчыбыз кытайдан КамАЗ-КамАЗ товар алып келип “оптом” өткөрөт экен. Бактыгүлдүн өзүнө окшоп Кытайдын куртсуз, сулуу жашылча-жемиш, кургатылган жер-жемиштери кардарларды кайдыгер калтырбайт. Ал эми "чек арадан кантип өтөт?" деп тынчсызданбаңыз, анткени ырчынын сулуу Бактыгүл Бадыева деген эч ким тосо алгыс документи бар.


Дайырды алтын колу багууда

Корей жигитине окшогон көзү бүтүк жигитибиз Дайыр бойдок экенине карабай, көп акча табууга умтулат. «Ырчы кызды сүйүп калыптыр» деген ушактын чындыгы бар көрүнөт. Анткени ырчы кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн да бир топ каражат керек экенин баарыбыз эле билебиз. Ошондон уламбы, айтор, Дайыр сахнадан сырткары үйлөрдү кооздоо боюнча дизайнер болуп эмгектенет. «Бул кесибим менен тапкан акчам, кудайга шүгүр»,- деп мактанып да өттү. Бул кызматтан пайдаланам десең, бир ай мурда кезекке турушуң керек. Себеби ырчынын кардарлары аябай көп.


Аиданын кирешеси шабашкада

Сүрдүү, сындуу көрүнгөн ырчы кызыбыз Аида Кулуева Бишкек шаарындагы Мамлекеттик салыктарды башкаруу комитетинде инспектор болуп иштейт. Концерттен, кафеден тапкан акчасына ичи чыкпаган айымыбыз айлык акысына да алымсынбайт экен. Себеби ырчы жөн иштебей жумушунан отчёт бергендерден кадимкидей “шабашка” да иштейт экен. Элдер жашырып, бекинип шабашка кылса, Аида коркпой эле минтип өзү айтып берип отурат. Коркпогонуна караганда, бул ырчыбыздын ишенген бирөөсү бар же жүрөгүндө жалы бар. Көрдүңүзбү, кирешенин булагы кайсы жакта жатат.


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 346, 19-25-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан