Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЫМЫРКАЙДЫ КАНТКЕНДЕ ООРУТПАЙ БАГУУГА БОЛОТ?

№542 22-28-март, 2013-ж


Төрөт үйү... Мына ушул жерде ата-энени 9 ай күттүргөн ымыркай жарыкка келет. Бирок аны кантип оорутпай чоңойто баштоо керек? Эне алгачкы айда эң жөнөкөй эмнелерди билүүсү кажет? Булар тууралуу Бишкектеги Перинаталдык борбордун №1-төрөт бөлүмүнүн жетекчиси, педиатр Майя Мергембаева кеңеш берет.

БАЛАНЫН ЭКИ ЭМГЕГИ БОЛОТ
Ымыркайдын баш сөөктөрү бирикпеген абалда болот. Андыктан үч-төрт сөөктүн кошулган аралыгында жумшак бөлүкчөлөр (эмгеги) орун алат. 3 айында кичине эмгеги (баштын арт жагында) катат, маңдайындагы чоң эмгеги 9-14 айында жетилет. Эмгектери былкылдап билинип тургандыктан, башын бир нерсеге уруп албоого тырышыңыз. Башына шапке кийгизип коюу керек.

БАЛАГА ЖАЗДЫК ЖАЗДАЛБАЙТ
Жаздык аба өткөрбөй, баланы ысытып, жүдөтөт. Кокус тоголонуп кетсе, тумчугуп калышы да мүмкүн. Андыктан балага жаздык жаздалбайт. Жок дегенде 7-8 айына чейин жаздабоо туура. Башы ылдый болуп калса, анда жумшак жалаягын же жумшак сүлгүнү 2-3 кабаттап жаткырып койсо болот.

КИНДИКТИН ЧЫГЫП КАЛУУСУ ЭМНЕДЕН?
Киндиктин чыгып калуусу (грыжа) тубаса болот. Курсак булчуңдарынын алсыздыгынан келип чыгат. Мындай балдарды хирургга көрсөтүп, кеңеш алуу кажет. Адатта хирургдар лейкопластырды кат-каттап чапташат. Энеге баланы көбүрөөк кыймылдатып, курсагынын булчуңдарын чыңдаш керектиги тууралуу көрсөтмөлөр берилет. Мисалы, баланы көмкөрөсүнөн жаткызса ал кыймылдап, тыбырчылайт. Муну бир күндө бир канча ирет кайталоо кажет. Ушунун өзү курсак булчуңдарынын чыңдалып, чыгып калган киндиктин ордуна келишин шарттайт. Киндиги чыкпаган баланы деле күнүгө ушинтип 4 жолудан көмкөрөсүнөн жаткызып, кыймылдаганга шарт түзсө бала сергек, кыймылдуу болуп чоңоё баштайт.
Киндигинин грыжасы 2 сантиметрден чоң болуп чыгып калган айрым учурда гана операция жасалышы мүмкүн.

ИЧИНЕ ЖЕЛ ТУРСА...
Ичине жел турган бала чиренип, чырылдап ыйлайт. Жел туруу адатта эмчекти туура эмес салып эмизгенде, баланы жуунткандан кийин кеч кийинткенде же бөтөлкөдөгү аралашманы туура эмес ичиргенден пайда болушу мүмкүн.
Жел туруунун алдын алуу үчүн бала эмип жатканда жел кошо кирип турбагыдай кылып эмчекти оозго чаптап, ал эми жасалма сүт менен тамактанган балага бөтөлкөнүн ичиндеги суюктук упчуга толуп тургандай абалда шашпай ичирүү керек. Жуунткандан соң батыраак кийинтүү зарыл. Ал үчүн кийимдерин алдын ала бири-бирине кийгизип койгон оң. Мисалы, ички жука көйнөгүнүн жеңдерин сырткы кофтасынын жеңдерине салып, кийгизип.
Жел турганда бир кичине кашыктан укроп суусун берсе да (дарыканада сатылат) болот. Жел туруудан бала ыйлай баштаса массаж жасаңыз. Ал үчүн баланы чалкасынан жаткырып, киндигинин айланасын саат жебеси боюнча айлантып сылаңыз. Эгер үйдө баланын атасы болсо, ал үстүн толук чечип (майкасын да) жылаңач денесине баланы тик абалда боорго кысып кармап, баланын курсак тушун сылап-сыйпаса бала жел чыгарып, кекирип, эс алып калат. Баланын ичин жука жалаягы менен жылуу ороп көтөрсө да жакшы.
Жел туруу эненин алгачкы сүтүн саабай эле эмизип салганынан да болот. Алгачкы сүттө көмүртек көп болот, андыктан ал оңой менен аш болбой, ичти көптүрөт. Андыктан ар убак эне баланы эмизер алдында алгачкы сүттү бир аз саап салып, анан сүтү менен эмчегинин үрпүн тазалап туруп эмизүүсү керек.

ООЗУЛ
Оозул (стоматит)– ооздун былжыр челинин сезгениши. Бала оозул болбошу үчүн анын упчусун, аралашма тамак берген шишесин жууп туруу керек. Оозул үчүн чыгарылган нистатин таблеткасы, дары майы бар. Дарыгердин көрсөтмөсү менен аларды колдонсо болот. Эгер өтүшүп кетсе, дарыгердин көрсөтмөсү менен тиешелүү антибиотиктерди кабыл алуу зарыл.

ИЧ ӨТКӨККӨ КАБЫЛСА...
Ич өткөк ымыркайды колду жуубай эмизгенден, упчуну тазалабай бергенден келип чыгат. Эне туура эмес тамак жеп алып ичи өтсө, баланын да ичи өтүүсү күтүлөт.
Ымыркайларда ич өткөк 2-3 сааттын ичинде эле күчөп кетет. Андыктан педиатрга көрсөтүү, дарыларды алуу керек.

БАЛАНЫН ИЧИНИН КАТУУСУ
Жаңы төрөлгөн балдарда ичтин катуусу 2-3 себептен улам келип чыгат: баланы аз эмизүү же эмчек сүтү тойгузбай, балага жасалма тамактарды (атайын аралашма) берүүдөн. Эгерде баланын энесинин ичи дамамат катып жүрсө, баланын да ичи катат. Анткени эне жеген тамак-аш сүт аркылуу балага барат. Эне суюк тамактарды, жашылчаларды, кургатылган жемиштерди, дегеле витаминдүү тамактарды жесе, бала да бат торолуп, организми керектүү витаминдер менен камсыздалып турат. Анемия да, итий да болбойт.
Баласын сүтү менен тойгуза албаган энелер уйдун сүтүн беришет. Дарыгерлер уйдун сүтүн берүүгө каршы. Анткени ал кеч сиңет, курамында балага керектүү витаминдер да аз. Андыктан атайын чыгарылган даяр аралашма тамактарды берүү кажет. Анда керектүү заттар да, витаминдер да бар. Жасалма тамактарды бергенде баланын ичи катпагыдай кылып өлчөмү жана убагы менен берүү шарт. Муну педиатрлар баланын салмагына, абалына жараша айтып беришет.

УПЧУГА ЖАНА ШИШЕДЕН ИЧҮҮГӨ ҮЙРӨТПӨҢҮЗ
Балага упчу бербөө, ага үйрөтпөө керек. Кээ бирөөлөр бала ачка ыйласа эмизет да, анан бала эмчекти оозунан чыгарса тойду деп эмизбей коюшат. Бала кайра ыйласа оозуна упчу салышат. Бул жаңылыштык, анткени кичине баланын жаак булчуңдары өнүкпөгөндүктөн, эмгенде бат эле жаагы карышып, чарчап калат. Андыктан бала эс алсын үчүн күтүп, анан эмизүүнү улантуу кажет.
Куру упчу эмгенде баланын ичине жел кирет, анын үстүнө ашказаны куру иштей берип, эмчек сүтүнүн сиңиши начарлайт. Упчудан тиштер кыйшык чыгып калат.
Баланы бөтөлкөдөн ичүүгө да үйрөтпөө зарыл. Андан көрө кашык, чай пиаладан ичүүгө үйрөтүү оң.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg



Ымыркайды канткенде оорутпай багууга болот?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
Super TV
22.03.2013. 23:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
16-03-2013
Соӊку аракети:
11-06-2013 05:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
rahmat !
Super TV
23.03.2013. 04:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-03-2013
Соӊку аракети:
06-04-2016 11:03
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz bolgondon kiyin kirgizcha suyloso bolmok ( ne udobniy ) debey < ingayluu > dese bolmok , kop ele orusscha aralashtirip tir
Super TV
23.03.2013. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
19-06-2018 18:27
Жынысы:
Белгисиз
0
кенештерге рахмаааат!
Super TV
23.03.2013. 13:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
05-04-2018 11:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
туура тамактаныш керек болбосо ичи отуп кетет ошо айтып жатпаймбы туура тамактаныш керек... эмне мумкун эмне мумкун эмес ошону айтпайсызбы туура питанияларга эмнелер кирет энелер кайдан билсин

25.03.2013. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
28-02-2017 09:14
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кенеш экен,бирок уйдун суту сатылып жаткан кургак сутторго караганда ишенимдуу анан кошулмасы жок таза болуш керек.Анан дагы кайынэнелер уйдун сутун бербейм десен кооп соз айтат да анан аларга тушундуруп кор.
25.03.2013. 17:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын пшеазанында уйдуе сутун аш кыла алгыдай энзим жое ошондуктан берилбейт.
25.03.2013. 23:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
24-08-2011
Соӊку аракети:
28-04-2014 16:59
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23, Эмне деп эле койгонсун кыргызча жазчы.
26.03.2013. 00:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, мен да тушунбодум эч нерсе:-)
25.03.2013. 22:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
21-12-2012
Соӊку аракети:
11-09-2013 14:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенешинерге чоон рахмат
26.03.2013. 22:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
27-02-2013
Соӊку аракети:
25-04-2013 21:19
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы, керектуу маалымат экен. Рахмат
27.03.2013. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
22-09-2012
Соӊку аракети:
19-03-2018 03:13
Жынысы:
Белгисиз
0
(Аалага упчу бербөө), эмес балага эмеспи?
27.03.2013. 16:59 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
438
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 17:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Mirko.93,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
27.03.2013. 17:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
13-02-2013
Соӊку аракети:
16-04-2013 14:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат экен. Энелерге кенеш!
27.03.2013. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
19-01-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 16:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Казань
0
Абдан маанилуу жана керектуу кенеш экен.Биз кобунчо кыргызчылык кылып чонойтуп коебузда кыргыздар коп нерсеге маани бербей.рахмат чоон дагыда коп жазыныздарчы,мен даярданайын...
01.04.2013. 16:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
19-09-2012
Соӊку аракети:
13-02-2014 02:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланын ичи катса не кылуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: