ЧЫРМАЛЫП ӨСҮП ГҮЛДӨӨЧҮ БАДАЛДАР

Чырмалып өсүп гүлдөөчү бадалдарды баарыбыз эле корообузга тигип, өстүрүп алсак болот. Булар туурасында Бишкек шаардык «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын көчөт сатуучу – кеңешчиси Ирина Моноковская маалымат берди.

Кыргызстандын климаттык шартында чырмалып өсүүчү өсүмдүктөрдүн тропикалык түрүнөн башкасынын бардыгы өсөт. Алардын ичинде кеңири тарагандар:

  • Чырмоок роза
  • Кампсис
  • Шилби
  • Клематис
  • Глициния
  • Горец
  • Пираканта

Коргондордун, жайкы тапчандын четине тигип койсоңуз, ага оролуп өсүп, өзгөчө көрк тартуулайт.

БАГЫП ӨСТҮРҮҮ
Топурагы
Борпоң топурак менен кара чириндинин аралашмасы болсо жакшы. Көп жылдык өсүмдүктөргө жазда жана жайдын ортосунда кошумча жер семирткичтерди сээп азыктандыруу кажет. Ал үчүн 1 чарчы метр жерге 100 грамм суперфосфат жана 50 грамм аммиак селитрасынын аралашмасы төгүлөт.

Отургузуу
Алгач дубалдан же тирөөчтөн 30-40 сантиметр алыстыкта жер белгиленип, узун сызык сызылат. Анан сызык боюнча арык (эни 25-30 сантиметр) казылат. Көчөттөрдү 25-30 сантиметр аралыкта отургузуп, үстүн борпоң топурак жана кара чириндинин аралашмасы менен көмүп, суу куюу керек.

Атайын тирөөч, конструкциялар

  • Сабагы жоондорго, мисалы, розага, кампсиске, глицинияга чырмалып өсүүсү үчүн атайын конструкциялар да колдонулат. Айталы, көзөнөктүү пластика же көзөнөктүү темирлер.
  • Ал эми сабагы ичкелер шилби, пираканто, клематис, горецти өстүрүүдө ичке зымды, жоон жипти же торчо зымды пайдаланса болот.

Сугаруу
Күнөс жерде болсо 1-2 күндө бир ирет сугарып туруу абзел. Көлөкө жерде өстүрүлсө, бир аптада эки ирет сугарсаңыз жетиштүү.

Кыркуу

  • Роза, клематис жана глициния жылына эки ирет кыркылат. Алгач жазында, кийин гүлү күүлүп бүткөн маалда.

Кышкысын...

  • Кышкысын роза менен клематистин түбүнө топурагын калыңдап жаап коюу жетиштүү (сабагы ошол бойдон кала берет).
  • Кампсис менен шилби кыркууга муктаж эмес. Эгер сиз каалаган формадан четтеп баратса, кыркып койсоңуз болот. Кышкысын суукка чыдамдуу.
  • Пираканта жана горец кышкы суукка туруктуу. Пираканта жалбырагы жана мөмөсү менен кошо тура берет. Жазында кыркылат.

Формага салуу

  • Айрым гүлдөөчү бадалдар өтө тездик менен өсүшөт. Андай учурларда күнүгө атайын таягычка сабагын ороп туруңуз. Антпесе, формасын жоготуп, туш-тарапты карай өсүп кетет.
  • Жогору карай же капталды көздөй калың болуп өсүп кетсе, ашыкчасын атайын жукартып кыркууга мүмкүн.
  • Чырмалып өсүп гүлдөөчү бадалдарды балкондорго да өстүрүп жүрүшөт. Ал үчүн топурак салганга атайын бийиктиги 30 сантиметр, туурасы 20 сантиметрден кем болбогон жашик даярдоо керектелет. Калганы жогорудагыдай жолдор менен өстүрүлөт.

КАНДАЙ КӨБӨЙӨТ?

  • Тамыры аркылуу көбөйтүү. Ал үчүн тамыры менен казып келип отургузсаңыз болот. Бирок бадал жаңы топуракта өспөй да калышы ыктымал.
  • Калемче аркылуу көбөйтүү. Сабагынан калемче кылып кесип сууга салып койсо, тамырланат. Андан соң отургузулат.
  • Кээ бир гүлдөөчү бадалдар сабагынан тамыр чыгаруучу касиетке ээ болушат. Андыктан тамырлаган сабакты таап, аны топуракка көмүп коюу гана жетиштүү.
  • Атайын дүкөндөрдөн сатып алынган көчөттөр, албетте, эң коопсуз, сиз күткөн жыйынтыкты берет жана сиз отургузган топуракка оңой көнүп кете алат.
  • Көчүрүп отургузууга ылайыктуу мезгил эрте жаз болуп эсептелет.
  • Марттын акыркы күндөрү жана апрель айы толугу менен ыңгайлуу.

ПАЙДАСЫ

  • Көбүнчө ар кандай ландшафттык дизайн түзүүгө колдонулат.
  • Дарбаза, тосмолорго жакын өстүрсө, сыртынан каптап өсөт да, алардын формасындагы кооздукту тартуулайт.
  • Темир тосмолорго оролуп өсүү менен короону шамалдан далдаалайт.
  • Жайдын аптабында көлөкө тартуулайт.
  • Абаны тазалап, кычкылтек менен байытат.

ЗЫЯНЫ

  • Курт-кумурскалардын байырлап алышы.
  • Туура эмес пландалып тигилген болсо, жанындагы күндү сүйгөн айрым өсүмдүктөргө залакасын тийгизиши мүмкүн.
  • Көп жылдыктардын тамырлары чоңойгон сайын жанындагы курулуштардын (пайдубал, тротуар, таш төшөлгөлөр жана башка) бузулушуна алып келиши ыктымал.

БААЛАРЫ
Бишкектеги дүкөндөрдө сатылуучу гүлдөөчү бадалдардын тамырлаган бир бутагынын орточо баасы:


Розалар – 60-100 сом


Шилби – 50-100 сом


Кампсис – 200 сомдон жогору


Клематис – 400-500 сом


Глициния – 600 сомдон жогору


Горец – 200 сомдон өйдө

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүл өссө жердин көркү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aiza11.3
2013-03-25 11:49:34
уй курсам созсуз отургузам буюруса
+2
Kg.lady
2013-03-30 01:31:37
Тимеле шумдукко уйду куурчап калыптырго сонун болуп...
+1
Apsi
2013-04-02 13:05:35
абдан гул остурууго кызыгам.....бирок убакыттын тардыгы такыр мумкунчулук бербей атат
0
№ 542, 22-28-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан