КОЛОРАДО КОҢУЗУ – “БАСКЫНЧЫ ДУШМАН”

Бүткүл дүйнө дыйкандарынын жалпы бир душманы бар. Ал душман өзүн жоготуу максатында улам жаңы чыгарылган химиялык каражаттарга көнүп, «тоотпой» калат. Ушунусу менен окумуштууларды ойлондуруп келет. Ал душман – колорадо коңузу.

Мекени – Мексика

Мекени – Мексиканын түндүгү жана АКШнын түштүк-батыш аймагынын азыраак бөлүгү. “Чапаны” ала-була бул жалбырак жеген коңуз кылымдап жапайы өсүмдүктөрдүн арасында жашап, алардын жалбырактары менен тамактанып келген. Анан эле 1859-жылы “колорадо коңузу” деген ат менен ааламга белгилүү болуп чыга келген. «Эмне үчүн колорадо коңузу?» дейсизби? Анткени 1859-жылы Колорадо штатында булардын айынан чоң аянттардагы картошкалар жок болгон. Душманы жок коңуздар даамдуу жалбырактарды каалашынча жеп, каалашынча көбөйүүгө өткөн. Ошол убактан баштап аталган коңуздар дүйнөгө тарап, адамзаттын душманына айланат.

СССРди “багындыруу”

“Ала чапанчандар” Европада алгач 1876-77-жылдары пайда болсо, СССРге согуштан кийин жеткен. 3 жылдан соң Волгага, 1980-жылы Уралга жайылган. Ошентип, алдыны көздөй жылып отуруп, Орто Азияны да “багындырып”, жаздан тарта огороду барларга “эрмек” тартуулап келет.

Тынчыбаган “басып алуучулар”

Коңуздар бир аймакты же жерди эле байырлап калбай, “саякаттоону” сүйүшөт. Өзгөчө алар жайында ысык кезде жана күздө (кыштоо алдында) “саякатташат”. Улам конуп, кайра учуп отуруп, коңуздар бир суткада 1 чакырымды багындырышат. Шамал да буларга жардамчы. Анткени шамалдын арты менен сутка ичинде ондогон чакырымга жүрүш жасай алышат. Жер которуп жүргөн кезде 10 аптага чейин эч нерсе жебей жүрө алышат.

Толук “күйөө балдар” жана “баатыр энелер”

Кышында 20-50 сантиметр тереңдикте “эттен түшпөстөн” кыштап чыгышып, 40 градус суукта да өлүшпөйт. Жазында уйкудан ойгонушат да, эркектери «колукту» издеп жөнөшөт. “Жолугушуулардан” соң ургаачылары күнүгө 5-80ге чейин жумуртка таштоого жетишет. Ошондо 1 ургаачы “ала чапанчан” 1 жайдын ичинде 1000ге чейин тукум таштоого жетишет. Башкача айтканда, Түштүктө бир жайда коңуздардын 2-3 мууну пайда болсо, Түндүктө бир мууну жаралат.

Көзүн ачып эле биртууганын жейт

Жумурткадан личинкалар 5-17 күн аралыгында команда берилген сымал бир убакта чыга башташат. Эгер коңшу биртууганы жумурткадан чыкпай кечигип жатса, ойлонуп турбастан, алгач аны (жумуртканы) жеп, анан картошканын жалбырагын издеп жөнөйт.

Жегенге картошка жок болсо...

Коңуздар менен алардын личинкаларынын “менюсу” кеңири эле. Картошканын жалбырагынан тышкары помидордун, баклажандын, чанда болсо да тамекинин жалбырагын жейт.


Кызыктуу

  • 1874-жылы Американы “багынткан” коңуздар Атлантика мухитин көздөй “жортуулга” чыгышкан. Ошол кезде Нью-Йорктун пляждарын коңуздар каптап, паровоздор рельстерде быкпырдай жайнаган коңуздарды былчырата тебелеп өтүшчү.
  • Коңуздардын денесинде уулар болгондуктан, аларды тоок, кыргоол, күкүк, кара чыйырчыктардан башкалар жей бербейт.
  • 2007-жылы 11-сентябрда Беларусь өлкөсүнүн батышында асмандан колорадо коңуздары «жааган».
  • 2003-жылы Украинанын Днепропетровск шаарында колорадо коңузуна 2 метрлик эстелик тургузулган. Коңуздар картошка түшүмүнө абдан зыян келтиргендиктен, анын зыянкечтиги унутулбасын деп эл эстелик тургузууга аргасыз болгон.

Эске алыңыз

  • Окумуштуулар жылбырагы колорадо коңузу үчүн даамсыз, башкача айтканда, алар жебей турган картошканын жаңы сортторун чыгарышууда. Демек, ошондой сортторду өстүрүү керек. Орусиялык андай сортторго “Темп”, “Орбита”, “Ласунок”, “Камелия”, “Каменский”, “Пересвет” жана башкалар кирет.
  • Ууларга (пестициддер) организмдери туруктуу келгендиктен, коңуздарды жок кылуу үчүн химиялык каражаттарды көп чача берүүгө болбойт. Анткени химиялык каражаттар топуракка сиңип, топурактан картошкага өтүп, анан адамдын организмине кирет.
  • Химиялык каражаттар:
  • «Актара», «Моспилан», «Зубр», «Танрек», «Искра»,»Конфидор», «Банкол», «Кинмикс», «Фьюри», «Фитоверм». Буларды колдонуу көрсөтмөлөрү кутуларында жазылган.

Коңуздар менен күрөшүү же элдик ыкмалар

  • Коңуздар картошкаларга түшпөсүн десеңиз, картошкалар өскөн жердин чекесине же катар жөөккө календула, буурчак, кара куурай, сарымсак өстүрүңүз. Анткени алардын жыты коңуздарды “кубалайт”. Пияздын кабыгынын жыты да аларды “үркүткөндүктөн”, кабыктарды кайнатып, картошка жөөктөрүнө чачышат. Же кабыктарды картошка түптөрүнө көмүшөт.
  • Эрменди, каакымды же кырк муунду кайнатып, кайнатманы бир сутка тыныктырат. Анан аны картошка аянтына чача берсе болот.
  • Кайыңдын күлүн сууга эзип, самындуу сууну кошуп, анан чачса коңуздар өлөт (баары болбосо да).
  • Картошка отургузганда түбүнө ийне жалбырактуу дарактардын майдалаган таарындысын, кабыгын же жалбырагын таштап койсо, коңуз жолобойт дешет.
  • Кайыңдан жасалган дарыны (берёзовый деготь) сууга кошуп (100 граммын 10 литр сууга) чачуу да жакшы натыйжа берет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 346, 19-25-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан