Максат Жусупов: “БУЗУК КАТАМАРАН МЕНЕН БИР СУТКАДА ЖЭЭКЕ ЧЫКТЫК”

Үстүбүздөгү жылдын 17-июнь күнү Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы пансионатта эки баланын катамаран менен дайынсыз жоголгону көпчүлүктү дүрбөлөңгө салды. Бирок алардын бир күндөн кийин табылышы сүйүнөрлүк кабар болду. Болуп өткөн окуянын каармандарынын бири Максат төмөнкүлөрдү билдирди:

– Катамарандын чынжырчасы (цеп) үзүлүп кеткенинен аны жип менен байлагыча жээктен алыстап кетиптирбиз. Бирок чынжырча иштен чыгып, шамалдын багыты менен кете бердик. Катуу шамалдан улам толкундун бийиктиги 2 метрге чейин жетти. Биз катамаранды башкарып гана жүрүп отурдук. “Кинолордо бир устун менен деңиздерден жээкке чыгып кетишет го. Ысык-Көл ага караганда кичине, биз деле чыгып кетебиз” деп ойлодук. Бирок түнү аябай суук жана коркунучтуу болду. Түнү менен уктабай, бири-бирибизди колдорубуз менен сүрткүлөп, жылытканга аракет кылдык. Таң аткандан күн көтөрүлгөнгө чейин уктадык. Ошондо күнгө күйүп калыптырбыз. Вертолёттун дабышынан ойгондук. Биздин кыйкырганыбызды укпай, жээкти көздөй учуп кетип калды. Шамал токтоп, катамаран жылбай калганда “лопаткаларын” колубуз менен айландырып отуруп жээкке сүзүп чыктык. Көрсө, Кажы-Сайдан чыккан экенбиз.

Айбек Кочкоров, Залкарбек Карабалаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан