ВИКТОРИЯ БЕКХЭМ

Бул Голливуд жылдызы 21-кылымдын эң стилдүү айымдарынын бири. Анын жүзү бир нече журналдардын бетин кооздоп келет. Кеп Англияны жана дүйнөлүк футбол жылдызы Дэвид Бекхэмди өзүнүн муздак жылмаюусу менен багындырган Виктория Бекхэм жөнүндө болмокчу.

Толук аты-жөнү – Виктория Керолайн Адамс Бекхэм
Туулган жылы – 17-апрель, 1974-жыл
Бою – 163 сантиметр
Туулган жери – Англиянын Хартфордшир графтыгы
Билими – Англиядагы театралдык мектеп, жогорку билими жок
Хоббиси – Мода жана кийимдердин дизайнын ойлоп табуу
Учурда – Белгилүү дизайнер, ырчы, атактуу футболчу Дэвид Бекхэмдин жубайы,
3 уул, 1 кыздын энеси

«БАТ КҮЙҮП, ЖАЛП ӨЧКӨН «КАЛЕМПИР КЫЗДАР»
Атактуулукту алып келген «Калемпир кыздар» Spice Girls») тобуна 17 жаштагы Вики кастинг аркылуу келип калган. Бул айымдагы татынакай келбет, тунук үн калыстардын жүрөгүнөн орун алып, 1994-жылы топко алынат. 1996-жылы топтун алгачкы «Каалайсыңбы?» Wannabe») деп аталган сингли Улуу Британия, АКШ жана башка 29 мамлекеттердин музыкалык чарттарынын алдыңкы орундарын ээлеген. Кыска кара көйнөк жана шиш така кийип көзгө урунган Виктория эл арасында Укмуштуу Вики (Posh Viki) деген атка ээ болгон. Топ 90-жылдарда популярдуулуктун туу чокусун багындырып, учурунда 55 миллион ырлар жыйнагын сатканга үлгүрүшкөн.
«Өтө кызыл тез оңот» демекчи, «Түбөлүк» Forever») деп аталган үчүнчү альбому мурункуларга салыштырмалуу ийгиликсиз болуп, кыздар чыгармачылыктан алыстай түшүшөт. 2007-жылы ырчы кыздар кайра биригип, гастролго аттанышат. «Калемпир кыздар» деген аттын күчү мененби, айтор, турдан ар бири 20 миллион доллар иштеп калганын айтып келишет. Бирок көп өтпөй легендага айланган топ ишмердүүлүгүн токтоткон. Виктория болсо артка кайтпай, дүйнөлүк шоу чөйрөгө жалгыз киришкен. «Топтон чыгып, жеке карьера менен алектенем» деген ырчыны көпчүлүк «жаш кыздын колунан эмне келмек эле» деп сындап жүрүшкөн. Мындай сөздөргө сынбай, Виктория алга карай жылып, бир канча ырларды жаратты. Азыр ырчылыкты таштап, дизайнерликке ооп кеткен.

«МЕНИН ЖОМОКТОГУ ХАНЗААДАМ ДЭВИД»
Виктория менен атактуу футболчу Дэвид Бекхэмдин сүйүү романы кандай башталганы көпчүлүктү кызыктырып келет. Бул тууралуу ырчы «Дэвид экөөбүз алгачкы жолу футболдук оюнда таанышып калганбыз. Көрсө, ал мени буга чейин клиптерден көрүп, кызыгып жүргөн экен. Көрүшкөндө эле жан дүйнөбүздө жагымдуу жылуулук пайда болгонун ал да, мен да сезгенбиз. Андан кийин канча жолу элден бекинип, анын машинасында күнү бою сырдашып отурдук. Ал менин жомоктогу ханзаадам» деп айтканы бар.
Ошентип, жылдызы келишкен экөө чогуу жашап, 1999-жылы Бруклин аттуу уулдуу болушат. Ошол эле жылдын 4-июлунда укмуштуу той өткөрүп, ага
800 миң доллар чыгым кеткен дешет. Сүйүшкөндөрдүн 2002-жылы Ромео, 2005-жылы Круз деген уулдары жарык дүйнөгө келсе, 2011-жылы Харпер аттуу кыздуу болушкан.

«ТУКУМСУЗ КАЛАТ» ДЕШКЕН
Канчалык кош жылдыздардын мамилеси бекем деп айтылбасын, бир нече жолу алардын кичинекей мамлекети кыйроо коркунучуна кабылган. Анын себеби «Дэвид жардамчысы менен көңүлдөш» деген кептерден улам эле. Бирок Виктория уулу Крузду жарык дүйнөгө алып келип, ал ушактарга чекит койгондой болгон. 2011-жылы дагы эле интернет айдыңында «Бекхэмдер ажырашат экен» деген кептер чыга берген. Виктория андай кеп тараткандардын жаагын кызы Харперди төрөп жап кылды. Кызыктуусу, ырчыны жаш кезинде врачтар «тукумсуз» деп да айтышкан экен. Бирок чын-калп экенин убакыт өзү көрсөтпөдүбү.
Жылына Бекхэмдердин үй-бүлөсү ар кандай буюмдарды жарнамалоо менен эле 250 миллион долларга жакын киреше табышат. Айрыкча Дэвид дүйнө жүзүндө көрнөк-жарнактарда көп тартылуу менен дагы белгилүү.

ВИКТОРИЯНЫН КАТЫЛБАГАН СЫРЛАРЫ

  • Ырчы айым аны Вики деп чакыргандарды жактырбай, «мен Вики эмесмин, менин атым Виктория» дегенден тажабайт.
  • Бойдок кезинде бетине безетки чыгып жүдөтчү. Азыр деле канча косметика колдонбосун, ал көйгөйдөн арыла элек.
  • Виктория эт кошулган тамакка жакын жолобойт, вегетариан.
  • Өзүнүн жылмаюусун көп жактыра бербейт.
  • Денесинде 5 татуировкасы бар. Анын дээрлик баары сүйүктүүсүнө арналып, ошондой эле чегилмелер Дэвидде да бар.
  • Орто эсеп боюнча Бекхэмдин байлыгы 125 миллион долларга бааланган.
  • Аялдардан чыккан кийим жаратуучулардын арасында «2012-жылдын мыкты дизайнери» наамына татыган.
  • Бир кезде Бекхэмдердин тун уулу Бруклинди кылмышкерлер уурдап кетүүгө аракет кылышкан.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mila9
2013-11-21 00:11:13
Бир кем дуйно.ошончо акчасы менен ошо асма менен ооруган баласын айыктыра албаптырбы?
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан