Анжелика – ЦИРК ХАНЫШАСЫ

Борбордук цирктин жетекчилиги менен Улуттук биринчи канал биргеликте уюштурушкан “Жылдыздар манежде” шоу долбоорун баарыбыз эле теледен көрүп келгенбиз. Белгилүү инсандарды чогулткан бул долбоорго башында 50дөн ашуун адам катышып, мыктылардын мыктысы деп тогузу тандалган. Долбоор 3 тур да өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Анжелика: «Алтын таажы киеримди түшүмдө көргөм »

– Анжелика, жеңишиң кут болсун! Гран-Прини утуп алам деп ойлодуң беле?
– Долбоор жаңы башталып жатканда түш көргөм. Анда Гран-Прини утуп алган экем. Эртеси келип Назгүл Насиевага айтсам, «эч кимге айтпа» деп койгон. Көрсө, 5 ай мурда эле аян берилген окшойт. Бүт орундар аныкталып Гран-Приге келгенде чын эле мен жеңдимби деп гүлдү бетиме жаап алып ыйлап жибердим. Чындыгында, күткөн эмесмин. Жолдошум күнүгө беш маал намаз окуган соң “келинчегим жеңишке жетсе экен” деп тилечү. Өзүм да 1,5 жаштагы кызымды таштап коюп күндүз циркте машыгып, түнкүсүн форма тиктирип алаксып, кыскасы, жарым жылдан бери бир да ыр жаздырган жокмун. Гран-При менин маңдай тер эмгегимдин артынан келди.
– Сен башында “жеңсем байгеми 9 катышуучуга тең бөлүп берем” деп айткан экенсиң...
– Ооба, мен утам деп ойлогон эмесмин да (күлүп). Сөзүмө туруп бөлүп берейин десем, биринчиден, 25 пайызы салыкка кетти. Анан туугандарымды, катышуучуларды, окутуучуларды чакырып той бердим. Келген ырчылар ырдап, куудулдар күлдүрүп жыргап эс алып кетишти. Анан конкурстун 9 катышуучусуна 10 миң сом болбосо да, акчадан бирдей кылып бөлүп бердим. Андан калганын жарык дүйнөгө, анан сахнага алып келген эки энем Гүлина жана Айчүрөк эжеге бердим. Эми жакында карылар үйүнө, балдар үйүнө бардык катышуучуларды алып белек-бечкек менен концерт коюп барууну пландап жатам.
Демек, жүз миң сомдон өзүңө эч нерсе калбайт экен да...
– Мага «Жылдыздар манежде» долбоорунун ичинен “Цирк ханышасы” жана “Ала-Тоо периси” наамдары, Гран-Принин ээси деп Маданият министри Султан Раев кийгизген 160 миң сомдук алтын таажы жетиштүү.

Назира Жетигенова, куудул: «Орусиянын көп акчасынан калдым»

– Башка аялзатынан айырмаланып сиз күчтүү көрүнөсүз. Антсе да трюктарды жасоодо кыйынчылыктар болгондур...
– Ооба, аябай эле кыйналдым. Мисалы, оозумдан от чыгаруу үчүн оозума кичине күйүүчү май куюп алышым керек болчу. Мен аны ичип алып кусуп, ууланып бир жума төшөктө жаттым. Бутумду күйгүзүп алып мына карачы, дагы деле былжырап жүрөт. Мындан сырткары Орусияга гастролго кетмекмин, бара албай көп акчадан калдым.

Жанета Бобкова, ырчы: «Долбоорго катышып, 7 килограммга арыктадым»

– Жанета, сени “Гран-Прини сатып алат экен” деген сөздөр эл оозунда жү­рөт эле...
– 1-2-турда жакшы баа алгандыгым үчүн ушундай сөздөр чыгып кетиптир. Бул баалар менин жеңишке жетүүмө тоскоол болуп калды. Эч нерсе эмес, катышуунун өзү эрдик. 7 килограммга арыктадым, жолдошум досу менен биргеликте Мерседес 600 үлгүсүндөгү машина белек кылды. Ал эми Туризм агенттигинин директору Турусбек Мамашев 10 күнгө Араб Эмиратына эс алууга жолдомо берди. Булардын баары жеңиш эмей эмне?!

Аскат Эрбаев, актёр: «Элдин батасы Гран-Приден жогору турат»

– Аскат, көпчүлүк «калыстар туура эмес баа берип коюшту. Аскат жеңүүчү болуш керек эле» дешүүдө...
– Долбоордун башында колумдан бир нерсе келерине ишенип катышкам. Калыстар чечими кандай болсо мен ага каршы эмесмин. Мен үчүн – элдин батасы баарынан жогору турат.

Эрмек Маматов, ырчы: «Буту-колум иштебей жатып калдым»

– Долбоор жөнүндө эмне айтасың?
– Цирктин ар тараптуу өнөрүн үйрөнүп жашоомо жаңылык киргиздим. Баарынан жаманы – мен күтпөгөн жыйынтыкты угуп, көшөгөнүн артында колу-бутум иштебей жатып калганым болду.

Роза Азимбаева, актриса: «Калыстарга нааразымын»

– Роза, нааразычылыктар жокпу?
– Мени калыстар тобунун берген баалары канааттандырган жок. Мисалы Аскат эч ким жасай албай турган трюктары жасады. Аны эске албай ал спортчу деп аз баа берип коюшту. Бул туура эмес, спорт менен цирктин айырмасы чоң да. Андай болсо спортчулар келип, Аскат жасаган трюктарды жасап көрсүнчү.

Адил Кайыпов, үн режиссёр: «Цирк өнөрүн үйрөнгөнүм – жеңиш»

– Адил, долбоорго кандайча катышып калдың?
– Биринчи каналда иштейт эмесминби. Уюштуруучулар «келип катышып көр» дешти эле катыштым. Бул жерден мен үчүн чыгармачылыктын дагы бир жаңы эшиги ачылды. Биринчиликти ким алса ошо алсын, мага эч айырмасы жок. Башкысы, мен үчүн катышып үйрөнгөнүм чоң жеңиш болду.

Назгүл Насиева, продюсер: «мени Каза болду деп, тааныштар куран окуганы келишүүдө»

– Назгүл эже, өзүңүздү ушунча кыйнап жаны­ңыз­га эмне күч келди?
– Ошону айтсаң, 2-турга даярданып жатып 2 метр бийиктиктен учуп түштүм. Мээм чайкалып, бел сөөктөрүмдөн, катуу жаракат алдым. Кызыгы, көпчүлүккө мени каза болду деген ушак тараган экен. Тааныштарым үйгө куран окуганы келип жатпайбы.
Жетем дегениме өжөрлүк менен жеттим. Эмнегедир SMS добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарышкан жок. Финал болгон күнү Маданият министри Султан Раев Анжеликаны куттуктап, башына таажы кийгизип кетип калды. Таажыны Раев өз чөнтөгүнөн чыгарып сатып бердиби же Маданият министрлиги тарабынан алындыбы, түшүнгөн жокмун.
Кыскасы, Мамлекеттик цирк имаратында өткөн бул долбоорго өкмөт да, Маданият министрлиги да татыктуу көңүл бөлбөй койгону өкүндүрөт.

Назик Исраилова, бийчи: «Циркте иштеп калганы жатам»

– Назик, бийлеп жүрөсүң, сен үчүн циркте ойноо оңой эле болдубу?
– Кайдан, бийдеги кыймылдар менен цирктеги кыймылдын айырмасы асман менен жердей. Керек болсо эки эсе кыйын. Цирктин талаптарын аткарам деп буттарым ооруп, бийик такалуу бут кийим кие албай калдым. Бирок циркке жумушка орношуп жатам.

«Жылдыздар манежде» долбоорунун максаты туурасында долбоордун авторлорунун бири, Мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси, Тажиев Кадырбек Мукашевич:

«Жүз миң сомду чөнтөгүмдөн чыгардым»

– Көп жылдардан бери циркте эмгектенип келген жубайым Клара Тажиева, Улуттук биринчи каналдын журналисти Элмира Тезекбаева жана мен, бул долбоордун авторубуз. Долбоорду Улуттук биринчи каналдын жетекчилиги жана цирктин эмгек жамааты менен биргеликте ишке ашырдык. Ошондой эле Гран-Приге коюлган 100 миң сомду өз чөнтөгүмдөн чыгардым.
Үйрөтүүчү мугалимдердин айлыгын, катышуучулар кийип чыгуучу кийимдерди тиктирүү да менин моюнумда болду. Долбоордун негизги максаты – цирк өнөрүн жандандыруу менен бирге биздин жылдыздардын ырдан башка таланттарын элге көрсөтүү. Бул ишти Орусиядан кийин эле биз уюштурдук. Ал эми канчалык деңгээлде экенине көрүүчүлөр өздөрү баа беришер.

Долбоордун авторлорунун бири Элмира Тезекбаева: «калыстар туура чечим чыгарышты»

– Элмира эже, эл арасында “жалаң ырчылар катышса болмок” деген сөздөр болууда. Андан сырткары ушул долбоордун жыйынтыгы жөнүндө айтсаңыз...
– “Бүткөн ишке сынчы көп” демекчи, ар кандай сөздөр айтылып жатат. Негизи, биз бул шоуну ырчы, бийчи, актёр, саясатчылар арасында өтөт деп чечкенбиз. Аскаттын каскадёр экенин билген эмеспиз. Ошону эске алып, “Жанета сатып алат экен” деген сөздөрдү да эске алып калыстар тобу Гран-Принин ээси деп Анжеликаны тапты. Менимче, туура эле чечилди деп ойлоймун.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aia
2009-12-21 03:15:21
просто Анжеликага алтын таажы жакшы жарашат деп берип койду болуш керек
0
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан