Футболчу Дэвид Тетте Кыргызстанда экинчи ирет атактуулук Олимпине чыгып отурат. Буга чейин 2010-жылы Тажикстанга качып кетип талкуу жаратса, бул жолу Кыргызстандын курамынын командасына алынды. Болгондо да Макао (1:0), Пакистан (1:0) жана Тажикстан (1:0) командаларына бардык голдорду ушул жигит киргизип, команданы АФКнын чакырык кубогунун финалдык баскычына алып чыкты. Азыраак сүйлөп, көп күлгөн Дэвид учурда «Дордойдо» ойноп келет.
ТЕТТЕ ДЭВИД БРЮС
Лакап аты – Дэвид ТТ
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 10-август
Туулган жери – Аккра шаары, Гана
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Амплуасы – Чабуулчу
Учурдагы клубу – «Дордой» (Бишкек)
Жетишкендиктери – «Дордойдун» курамында Кыргызстандын 5 жолку чемпиону, АФКнын президентинин кубогунун жеңүүчүсү
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт
– Дэвид, Кыргызстан мелдеште 3 командага бирден гол киргизди. Бул 3 голдун тең автору сизсиз. Ошол учурда кандай сезим болду?
– Мен гол киргизгенде трибуна толкуп жатты. Биринчи жолу Кыргызстандын курамында мелдешке чыгып жатсам да, мени бир топ киши таанып калыптыр. Стадиондо көп кишинин алакан чабуусу менен кетип жаттым. Улуттук курама командада ойногон мага жакты. Интервью берип, көчөдө көп кишинин көңүл борборунда болуп жатам.
– Балким, Кыргызстандын курамында мыкты дебют жасаганыңыз үчүн сүйүнгөндүрсүз...
– Сүйүнүү эмес, сыймыктануу болду. Мен эми кыргыз паспортун алып, Кыргызстандын жараны болдум.
– Кандайча Кыргызстандын жарандыгын алып калдыңыз?
– Биринчи өлкөнүн мыйзамындагы «мынча жыл жашагандан кийин берилет» деген мөөнөттү толтурдум. 7 жылдан бери Кыргызстанда жүрөм да. Кайсы бир өлкөнүн жарандыгын алган соң ФИФАнын (Бүткүл дүйнөлүк футбол федерацияларынын ассоциациясы) жобосу боюнча ошол өлкөнүн формасын кие берсең болот.
– Кайсы командага каршы ойноо кыйынчылык туудурду?
– Тажикстан. Оюндун алдында бул команда менен катуу оюн болорун билгенбиз. Мен билем, Тажикстанда футбол кандай өнүккөнүн. Команда күчтүү. Көрсөңүздөр, 2 команда тең бири-биринин дарбазасына көптөгөн чабуулдарды жасады. Оюндун тагдырын бир гана гол чечип койду. Тажикстандын командасында менин жердештерим, досторум ойношот.
– Кыргызстан үчүн ойноп жатканыңызды Ганадагы жакындарыңыз, дос-туугандар кандай кабыл алышты?
– Жакшы. «Дэвид, азаматсың!» деген гана сөздөрүн айтышты. Кыргызстанда өзүмдү эркин сезип калганымды алар жакшы билишет. Кыргызстанда өткөргөн 7 жыл ичинде көп нерсени көрдүм, билдим. Бирок мен үйрөнчү дагы көп нерсе бар.
– Учурда «Дордойдо» ойноп жатасыз. Буга чейин кайсы клубдарда ойнодуңуз эле?
– Мен, негизи, карьерамды ганалык «Гана Старс» командасынан баштагам. Анан 2004-жылы Орусиянын Биринчи Лигасында ойногон «КамАЗ» футболдук клубунда ойнодум. Ал жерде 2 сезон ойноп, анан «Дордойго» келип калгам. «Дордойдун» футболдук агенттери мени менен кошо Даниэл Тэгону да чакырышкан, экөөбүз тең ушул жердебиз. «Дордой» бизге жакшы шарттарды түзүп, мыкты деңгээлге көтөрүлүүгө көмөк көрсөтүп жатат.
– Кыргыз футболунун өсүшү боюнча кандай ой айта аласыз?
– Кыргызстан – футболду сүйгөндөрдүн өлкөсү. Бирок улуттук курамдын оюндарынын жана ички клубдук мелдештердин деңгээлинин жайыраак өсүп жатканы оюн тажрыйбасынын жоктугунан улам. Лигада көбүрөөк команда ойносо, футбол Кыргызстанда да батыраак жолго коюлмак.
– Футбол менен кантип таанышып калгансыз? Үй-бүлөдө канча киши бар жана алардан кимдер футболго кызыгат?
– Футболго кичинекей кезимден тарта аралашкам. Бардык африкалык үй-бүлөдө чоңойгон балдар сыяктуу эле көчөдө жылаңаяк футбол ойночубуз. Биздин үй-бүлөдө мени менен катар эле агам да футбол ойнойт. Ата-энем да футболду жакшы түшүнүп көрүшөт. Мен Кыргызстан үчүн жеңиш голдорун киргизгенимди ошол агам көрсө жакшы болмок.
– Өзүңүз футбол боюнча өткөн ири мелдештерди көрөсүзбү?
– Албетте. Мен Германия курама командасынын оюнун баалап көрөм. Команда футболдун жогорку чеберчилик менен аткарылган ыкмаларын көбүрөөк колдонот. Ал эми клубдардан мадриддик «Реалга» күйөрмандык кылам.
– Жеке жашооңузга баш бага кетели. Качан үйлөнөсүз? Кыргыз кызын сүйүп калсаңыз эмне кылат элеңиз?
– Хе-хе. Кыргыз кызын сүйгөнгө неге болбосун? Мен эми Кыргыз Республикасынын толук кандуу жаранымын да. Кыргыз кызын сүйүп калсам, кандай чечим чыгарарымды билем. Бирок азырынча айтпай эле коёюн. Негизи, жакындарым билишет, жакында үйлөнөм.
«ТЕТТЕ – МЫКТЫ БОМБАРДИР» КАНАТ АСЕНОВ, КРнын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы:
– Дэвид Тетте буга чейин 2009-жылы Кыргызстандын Лигасында «Мыкты бомбардир» аталган. «Дордойдо» көп убакыттан бери ойноп келет. Аны курамга алгандар туура чечим чыгарышкан. Мына, ал 3 оюнда тең гол киргизип, өзүнүн гол киргизүүгө жөндөмдүү экенин далилдеди.
СЕРГЕЙ ДВОРЯНКОВ, Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу:
– Биринчиден, бул жеңиш менен куттуктайм. Оюндар боюнча дээрлик футболчуларга нааразычылык жок. Дэвид Теттеге Кыргызстандын жарандыгын бергендерге алкыш айткым келет!
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg