Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек өспүрүм кыз кылмыш дүйнөсүнө аралашып, жыйынтыгы темир торго камалуу менен аяктады.15 жашка гана толгон секелекке көзөмөл көбүрөөк болгондо кылмышка барбай, жашоосу кара таксыз уланат беле, ким билет?.. Эки үйдүн ортосунда жүрүп чоңоюп, өзүн эркин куш сезген кыз телефон уурулуктарынын айынан минтип капастагы кушка айланып отурат.
Эки үйдүн коногу
Атасы менен апасынын ажырашканы Мариянын жаш өмүрүнө сокку болгондой. Убакыт өтүп, жашоосунда өгөй ата пайда болот. Апасы кызынын аны ата катары кабыл ала албай кыйналганын көрүп, эки күндүн биринде атасыныкына жөнөтүүгө өтөт.
Бишкектеги орто мектептердин биринин босогосун аттап, окугандан тарта үйбүлөдөгү жашоонун өйдө-ылдыйын түшүнө баштайт. Эки үйдүн ортосунда чоңоюп, өзүн эркин сезгенге көнгөн кыз теңтуштарынын үстүнөн үстөмдүк кылып, башкалардын ишеничине тез кирип кетүүнү өздөштүрөт. Апасына “таятамдыкына кеттим” деп, таятасына болсо “апамдыкына кеттим” деп кутулуп, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгени көбөйөт. Колунда кичине наристеси бар апасы кызынын өзгөрүп баратканын байкай бербейт. Мурда аскер кызматкери болгон таятасы да небересине көзөмөлдү солгундатып жибергендей. “Бирөөнүн кызы да” деген ой менен өгөй атасынын Мария менен иши деле жок.
2008-жылдын сентябрь айында Мария окуусун башка мектептен уланта баштайт. Ошол күндөрдөн тарта окуу дегенди унутат. Мугалимдерине ар кайсы шылтоону айтып, өзүнө окшогон курбуларын ээрчитип, сайран жашоо баштайт. Ошентип, орто жолдо калган кыз мектепти такыр таштап, жаман жолго азгырылат.
Биринчи арыз
2009-жылдын 21-январь күнү 1-Май райондук ИИБнин Жашы жете элек өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясына 1960-жылы туулган К.А. деген айымдан арыз түшөт. Арызда ошол эле күнү 14-15 жаштардагы европа улутундагы кыз күч колдонуп кызы А.нын Nokia N 72 үлгүсүндөгү 7000 сомдук уюлдук телефонун тартып алганы көрсөтүлөт.
Бул арыз боюнча жогоруда аталган инспекциянын кызматкерлери, милициянын капитаны Төлбашиев Нурбек менен милициянын капитаны Кожобеков Афтандил иликтөө ишин жүргүзө башташат. Андан кийин көп өтпөй эле дагы эки арыздын негизинде биздин баш каарман 1994-жылы туулган Мария колго түшөт.
Телефонго алгачкы аңчылык
21-январь күнү Мария үч-төрт курбусун ээрчитип алып, мурдагы окуган мектебине барат. Бул мектепте окуп кеткендиктен, кимдин кымбат телефону бар, ким байдын баласы экенин биле турган. Мектепке келишкен соң жогоруда аталган К.А. аттуу айымдын кызын чакырып, сөзгө тартат:
– Мени тааныйсыңбы?
– Ооба, тааныйм.
– Анда телефонуңду берип турчу, музыка угуп алайын.
Анын сунушунан баш тарткан кыз артын көздөй жөнөйт. Жини келген Мария Айтурганды кармап, телефонун тартып алат да: “Сабагыңа кире бер, телефонуңду эртең берем. Ата-энеңе айтсаң өлтүрөм”,- деп коркутуп, анан коё берет.
Телефонду алып, курбулары менен “Ош” базарына алып барып арзан баада сатып жиберет. Акчага, албетте, курбулары менен чардайт.
Тоноочулук жана жаза
Биринчи кылмышынан 5 күн өткөндөн кийин өзүнүн эрдигине шердене түшкөн кыз экинчи “жортуулуна” аттанат. Баягы эле сценарий менен 1995-жылы туулган О. аттуу кыздан Samsung E-570 үлгүсүндөгү 6700 сомдук телефонун тартып алат.
ххх
Ошол эле күнү Мария өзүндөй курбулары менен шаардагы №15 мектепке барат. Ал мектепте окуган тааныш кыздардан “кимдин кымбат телефону бар, ким кайсы жол менен жүрөт?” дегендей маалыматтарды алышат. Ошентип, кыздар кимди тоноону пландашкан соң ошол райондогу тааныш таксичи баланы пайдаланууну чечишет. Такси келгенден кийин кыздар болжолдогон курмандыгын, тактап айтканда, М. аттуу кызды бирөөлөр аркылуу мектептен сыртка чакыртып алышат. Мария ал кыздын Nokia 7373 үлгүсүндөгү 8000 сомдук телефонун “маяк” кылып алайын” деп сурайт. Ошол кезде курбулары тигил кыздын алдын тороп, Мария телефонду алган бойдон кетет.
Телефонунан айрылган М. дароо атасына чалат. Атасы болсо 1-Май РИИБине билдирет. Н.Төлбашиев башында турган топ кылмыш изин суутпай, таксиде бейкапар отурушкан жеринен Мария жетектеген топту колго түшүрүшөт. Мариянын чөнтөгүнөн эки телефонду табышат.
Кылмыштары толук далилденсе, Марияны 3 жылга эркинен ажыратуу жазасы күтүлөт.
Тергөө жүрүп жатканына байланыштуу каармандардын аттары толук берилген жок.
Статистика
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg