Кыргыздын тамашакөй жигиттеринин бири, «сулуулук дүйнөнү сактайт» деген ураан менен жашаган «Моника Беллуччи» командасынын капитаны Бакыт Осмонкановдун моюнуна каамыт илинди. 9 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Жылдызына жетти жигит. Кечээ күнү ал сүйүктүүсүн кыргыздын салты менен алып кетип, элге той берди. Толкунданган Бакыт «көптөн күткөн күн келгенине толкунданып, өзүмө келе албай жүрөм» дейт шашып. Куш бооңор бек болсун!