«КУЛАП ӨЛГӨН ЖАШ КЕЛИНДИН БАЛАСЫ ДА ЧАРЧАП КАЛДЫ»

Наристе төрөлө элек жатып энесинен айрылып, өзүнүн өмүрү кыл учунда калган эле. Ошол ымыркай өткөн аптанын ишембисинде чарчап калды. Аки-чүкүсүн кененирээк билүү үчүн Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун директору КАМЧЫБЕК УЗАКБАЕВГЕ кайрылдым.
– Окурмандардын эсине салуу үчүн баарын башынан баштасаңыз...
– Окуя 15-мартта болуп өткөн. Биздин борборго боюнда бар, 1993-жылы туулган өзгөндүк кыз келип түшүп, төрөт бөлүмүнүн төрөт алдындагы палатасына жаткырылган. Өзүнүн айтуусунда, ал мурун кош бойлуулугу боюнча эч жерде каттоого турбаган экен. Биздин борборго келгенде жанында бир да документи болбоптур.
Бизге чейин, ошол күнү эртең менен толгоосу кармап, абдан кыйналып ал «Тез жардамга» чалат. «Тез жардам» аны биздин борборго алып келет. Анан ал кыз түштөн кийин 3-кабаттан боюн таштап жиберген. Ошол замат ар бөлүмдөн дарыгерлер: окулист, гинеколог, нейрохирург, неонатолог жана башкалар эне менен балага жардам берүү максатында чогулду. Энеси алган жаракаттарынан улам абалы өтө оор болгондуктан, врачтардын аракетине
карабай операция столунда көз жумган.
Себеби кыз секиргенде цементтин үстүнө башы менен тийген. Курсагындагы баланын башы сынып кеткен.
– Анан баланын тагдыры кандай болду?
– Апасынын ичинен кесилип алынган баланын сынып кеткен башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Баланын абалы өтө оор болуп, өз алдынча дем ала албагандыктан, жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган эле. Бирок канчалык аракет кылган менен, ымыркай
23-мартта, түндө каза болуп калды.
Бизде баланын атасы жана башкалар боюнча так маалымат жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
((( Ыйлагынын келтирет экен!!! Мага бир нерсе кызык, мен уккам: Врачтар каттодон өтпөгөн, жанында эч кими жок болгон кош бойлууларга жаман мамиле жасашат, урушуп да салышат жаман сөздөр менен деп... Эми оюма келгени бул кызды да катуу урушуп кошса керек, абалы да таштап кеткедиктен жаман болуп атса, урушту көтөрө албай кеткендир...Поддержка беришсе, балким тирүү болот беле.
Umka220190, туура айтасын,андай бечара болуп келгендерди врачтар томондото берет,аларга каттуу каттуу суйлоп эле койбосон,ушундай сабак береби или кылган эмгегине милдеттенеби билбейсин байкуш болгондорго аябай каттуу тийишет.
Бишкекте озу ошондойго, башка бир мамилекеттен келгенсип документ сурашат,прописка сурагандарына кантесин,доктурдун биринчи милдетти оорулуга жардам корсотуукенин унутуп калышыпеле, тергоочудон бетер ата-жотоно чейин сурашып жанды кашайтышат бул Гиппократтын антын ичкен ак халатчан МЭЭРБАНДАРЫБЫЗ
Kg.lady, Туура айтасыз кошулам. доктурлар ооруну карагандын ордуна териштирип ансыз деле кыйналып айласын таппай турган кишини психикалык устомдук кылды да. анан жашоодон тунулгон кыз секирип кетти.(менин жеке оюм)
Жайлары жаннаттан болсун! Озу роддомго ишин тушсо кечке Акча Акча Акча деген создон башканы укпайсын. Акча бербесен балан адам болбойт билбейм деп кетеенчиктешет. Бул не деген шумдук врач эмес эле атынар Акча болуп калган го.
meesi oordunda emes go echek dese
Жайы жаннатта болсун бизге карангы да эмне болгону .баласын торгучокту озун таштабай койо турбаптыр бир жыттап алгандан кийин жашоо ушунчалык кынбат экенин билет эле.
Ushunday ishke baraarda erkekter da oyloso,ar jakta tukum kalip kalbasin dep jakshilap oylop ish kilgilachi aylanayin erkekter,buga baarina ele kizdar gunoolu bolo berbeyt da.Jash kizdaribiz aldanip kalat da bat ele arkasin oyloboy ele.Baykush naristege boorum oorudu olup kalganina.
maha_zum, Туура айтасын,Рахман Разыков агабыздын "Айтылбай калган арман" деген чыгармасынын дагы бир корунушу,кандай гана кейиштуууу,аял деле,эркек деле ойлонойлучу!Алла Тааланын алдына барганда кантип жооп беребиз,ал жерде тергоочун да,адвокатын да,врачын да сен учун жооп бербейт го!Балада эмне куноо?!
Наркы дуйнодо учоотенг бирбирине жолугушат. Ошондо билинет катачылык кимден кеткени.
торогусу келбегенде аборт кылып жок кылмак. Бул жерде бир сыр бар. Менин оюмча бул врачтардын эле айыбы. Кандай болсо да Алладан жашыра алышпайт. Куноолулордун жазасын озу берет Жаратканым!
мен да врачтардын эле айыбы болсо керек деген сын айтмакмын,анткени операция жасаганга да акча демек,даже радоммду аттаганында башталат,регистрациясына мынча акча деп,ал жакта жатканда бесплатный витаминдер берилет аларды врачтар уялбай сатып ал деп жазып берип коет,айла жок бала керекпи,баладан эч теке аябайсында сатып аласын,ал бекер келген витаминдерди оздору сатышат,мумкун ошолорду бекер бергенден анан аны тороткондон кийин эч кими жок болсо врачтарга суйунчу акчасын ким берет ошону да ойлош
карабай койду,ал кыз башка боюнда барлардын жанында жаман болуп кетти болуш керек врачтардын кылган мамилесинен.
бирого зар бала бирого кор бала.
коз жарганы аз калган экен кичине чыдап турса болмок олум жонундо ою бар экен эле. Озуно да, балага да убал болду
Ий байкуш ажал ар нерсе кылып алат да
Бала бечара жаман кыйналыптырго башы сынып кетиптир озуну ойлобосодо баласын ойлосо болмок((
GULYA5555,
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!