Балдар, табышмактардын жандырмагын таап, тиешелүү сүрөт менен бириктиргиле.
Өзү таттуу, мупмуздак,
Бирок аны ичпейсиң.
Алып берсе идишин,
Катыратып бүт жейсиң.
Сууда жүрсө туйлаган,
Дайым куунак көңүлү.
Эгер чыкса кургакка,
Бүтөт жашоо өмүрү.
Түркүн түстүү ыраңы,
Гүлдөн гүлгө конушат.
Балдар кармап ойношот,
Бардык жерде болушат.