Ишенсек да, ишенбесек да жылдыз төлгөдө айтылган көп нерселер күндөлүк турмушубузга дал келип калат. Ырчыларыбызга да жылдыз төлгө дал келеби?
Алихан
Букачар жылдызынын алдында төрөлгөндөр өтө токтоо, өзүнө ишенген жандар. Тандап алган стилин да көпкө чейин алмаштырууну каалашпайт. Жеке жашоосу тууралуу сөз болор замат сырдуу боло калышат.
Бул жылдыздын алдында чын эле сырдуу жигит Алихан төрөлүптүр. Жеке турмушу жөнүндө кеп кылалы десек эле Алихандын «муну жазбай эле койгулачы» деп калганы бекеринен эмес турбайбы. Анан да алар колу ачык келишет.
Сема
Кой негизи момун, токтоо жандык эмеспи. Ошого карабай, кой жылдызынын алдында жарыкка келгендер жашоодо абдан тың келип, ошол эле учурда ачылып-чачылган айкөл, кээде агрессивдүү да болушат. Жини мурдунун учунда эле турат. Анан да эч нерсени этибар албаган алабарман мүнөзү, ичине сыр катпагандыгы менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланышат. Ырчы жигит Сема кой жылдыздын алдында төрөлүптүр. Анын дайыма шайдоот, бака-шака түшкөн мүнөзү бекеринен эмес экен деп калдык.
Гүланда
Балык жылдызынын тушунда төрөлгөндөр унчукпастан, иштин баарын жылма бүтүрүшөт. Дарегине канчалаган ушактар айтылса да бул кызыбыздын унчукпай жеңип келе жаткандыгы балыктарга тиешелүү мүнөздөн. Анан да сарамжалдуу болушат. Ырчы сарамжалдуулугунан улам чач тарачкана ачып алды.
Анжелика
Бул жылдыздын астында төрөлгөндөр өздөрүнүн табият берген сулуулугу менен көп нерсеге жол ачып алышат. Эки адам жеткен ийгиликке жалгыз өзү жетип коё алат. Анан да алдыга койгон максатына кандай болсо да жетүүгө далбас урушат. Балким, ушул жылдыздын алдында төрөлүп калгандыктанбы, Анжелика 20 жашка чыкканча эле көп нерсеге үлгүрдү. 20га чыгып-чыкпай, көзүнүн кареги менен тең айланган жолдоштуу, бир кыздуу, сулуулук салондуу, керек болсо цирктин да ханбийкеси болууга жетишти.
Ильяз
Сууперилердин бат эле колдон тайып кетмей жайлары бар. Жашоодо дайым кыймылда жүрүшөт. Ырчы жигитибиз Ильяз Абдыразаков “эмне эле кыздардан кыздарды тандап, ушул убакка чейин туруктуу бирөөнү таба элек?” десе, кептин баары жылдыздардын таасиринде турбайбы. Мода менен иши жок, көңүлүнө туура келгенди кийип алуу мүнөзү Ильязга да таандык.
Жанета
Текечерлер жагымдуу көрүнүүгө анча деле кам көрө беришпейт. Негизи, булар каралжын өңдөргө жакын болушат. Жанета чачын саргартып орусташайын дегени менен кайрадан эле капкара чачка кайтып келгени деле бекер болбосо керек.
Нурзат
Бул жылдыздын астында жарык дүйнөгө келгендер акылдуулугу жана да кызыл тилдүүлүгү менен алдыга чыгышат. Бирок өз сөзүн бербеген кежир да болушат. Көп нерсеге аярдыгы, сүйкүмдүүлүгү менен жетишет. Ушундан улам «Нурзат Маданият министрлигинин кызматкерлигине жана алпаруучулукка жогоруда айтылган мүнөзү менен жеткенби?» деген да ой келет. Анан да бөйөндөр өзүн көпчүлүктөн өйдө сезишет.
Айжан
Тактыкты жактырган тараза жылдызынын астында төрөлгөндөр “таразалайм” деп жатып көп нерседен куру калышат. Бул мүнөзүн ырчы Айжан Газиева чын эле моюнуна алат. Жана дагы дайыма жанында курбу-курдаштарынын болуусун каалашат. «Эмне эле жакын курбусу Аида Кулуева менен күндөп-түндөп чогуу жүрөт?» десе, жалгыздыктан коркот окшобойбу, бул бийкеч.
Неля
Табиятынан назик келишкени менен, өзүм дегенде өгүздөй эле күчтүү болуп чыга келишет. Мына ушул сапаты менен мен-мен дегендерди басып өтүшү да мүмкүн. Анан да мээлеген максатын эч качан жаза атпайт. Неля Урматты мээлеп, дал жүрөккө атканы далил болуп жатпайбы.
Мирбек
Арстан жылдызынын алдында төрөлгөндөр эч нерседен коркушпайт. Өздөрүнүн коомдогу ордун жакшы билишет. Жылдыздардын ичинен колу ачык, жолунан кыя өткөндөрдү кечирбеген, кандай болбосун, көп нерсени багындыра алган арстан – Мирбек Атабеков. Ошондон улам болсо керек, эмне жөнүндө ырдабасын, элди ыры менен багындырып алмай жайы бар.
Чыңгыз
Тартынчаак, бир калыптуу жашоону жактырган, сүйүүгө туруктуу адамды байкап калсаңыз, аны бийкеч деп биле берсеңиз болот. «25тин кырынан ооп бара жатса да, Чыңгыз Мырзаев эмнеге үйлөнбөй жүрөт?» десек, ал туруктуу сүйүүсүн таба элек турбайбы. Же болбосо бир калыптагы бойдоктук жашоого көнүп калганбы?
Бегимай
Чаян жылдызынын астында төрөлгөндөр көп сүйлөшпөйт. Бирок сыртынан сыр билгизбегени менен сырдуу көз карашы менен каалаган адамын торуна түшүрүп алышат. Бегимай Эсенгулованын капкара каректерине тигилген адам ага жипсиз байланып калары да бекер эмес тура. Баса, ызы-чуудан качып, жалгыздыкта кыялданганды жакшы көрүшөт.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg