Айрымдар ич кийимдерин да сатып акча табышат. Буга чет элдик жылдыздардан мисал келтирүүгө болот. Айта кетсек, Майкл Жексон трусасын аукциондо 1 миллионго сатып, капчыгын кампайткан. А биздин ырчы, куудулдарчы? Алардын пикирин билүү үчүн собол салдык.
Марат Жанталиев:
– Эгерде менин ич кийимимди алам деген киши болсо, коймокмун. О-оо, мындай мүмкүнчүлүк бизде болсо, чоң суммадагы акчаны алып коюп, иштебей эле үйдө жыргап отура бермекмин да.
Кенже Дүйшеева:
– Кандай, кандай?! Үч уктаса түшүмө кирбеген нерсени айтып чочутасыңар да. Эгерде француженка, англичанка болсом ойлонуп көрмөкмүн. Ал эми кыргыз болуп жаралгандан кийин «миллион доллар берем» десе да коймок эмесмин. Мындай акылга сыйбаган нерсе биз үчүн жат көрүнүш.
Асылбек Өзүбеков:
– Эмне?! Э-эй, айланайын, кереги жок. Ушул кантип болсун?! Э-ээ, Кудай, мындай болбойт да. Сатыкка койдурмак түгүл, жакын да жолотмок эмесмин. Башка кийим болсо да бир жөн эле!
Айбек Карымов:
– Менин ич кийимиме ким эле талгак болсун! Анын үстүнө, кийип жүргөн “парашютумду” аукцион аркылуу сатсам, элдин баары “башкасы бүтүп, эми ич кийими калыптыр” деп эртең эле ызы-чуу түшүп “ырдап” чыкпайбы?!
Роза шакирова:
– Ич кийимдиби?! М-мм... Бул туурасында таптакыр ойлонбоптурмун. Чет элде болсо билинмек эмес. Ал эми бизде ич кийимди бекер берсең да эч ким кийбейт. Ха-Ха!
Тынар Курбаналиев:
– Менин ич кийимимди алам деген киши болсо, бекер эле берет элем. Ошондойлор болсо, мага жөнөтүп койгула. Ала тургандардын саны көп болуп, “парашютумдун” саны жетпей калса, базарга ээрчитип барып, өзүмдүкүнө окшошунан деле сатып берип койгонго кудуретим жетет.
Назира Жетигенова:
– Эмне-е?! Жок, айланайын! Гигиена деген нерсе болуш керек да. Анын үстүнө, бирөөнүн ич кийимин бирөө кантип киймек эле? Мисалы, мен бирөөнүн ич кийимин өлүп баратсам да кийбейм. Бирөөнүкүн сувенир кылып сактоо да жиндичилик болуп саналат.
Назира Айтбекова:
– Билбейм эми... Менимче, аукционго койбой, ар ким өзүнүн эле ич кийимин кийгени дурус го. Анын үстүнө, ич кийимди аукционго коюу этикага да жатпайт. Өлчөмдөрү да ар кимдики ар башка дегендей...
Аида Кулуева:
– Апей, ич кийимдиби?! Жок, ай, кереги жок. Кыргыз болуп туруп интимдүү деп эсептелген ич кийимди аукционго коюу уят иш да. Мага «толгон-токой акча берем» десе да аукционго коймок эмесмин.
Борончу Кудайбергенов:
– Ха-ха! Алат бекен?! Тобо-о, менин “парашютумду” сатып ала турган киши бар бекен?! Эгерде кыздарга зарыл болуп жатса, анда аукционго коймокмун.
Жаңыл Бекбоева:
– Мындай нерсе биздин менталитетке жат көрүнүш. Минтип батышты туурабай эле койгон оң. Кыскасы, “алтын берем” десе да аукционго коймок эмесмин.
Кубаныч Сатаев:
– Ха-ха! Та-ак, ойлондура турган суроо экен?! М-мм... Ич кийимди сатып, оокат кылбай эле жөн жүргөнүм дурус болор.
Эрмек Маматов:
– Эмне дейсиңер?.. А-аа, эми түшүндүм. Эгерде дүйнөгө таанымал адам болсом, аукционго тартынбастан эле коймокмун. Бирок акчасын кайрымдуулукка жумшамакмын.
Төшөк оюндары
Мырзалар жана айымдар, сиздер күнүмдүк көнүмүш адатка айланган төшөк мамилелеринен тажап, кандайдыр бир жаңы нерсени каалап турасыздарбы? Анда төмөндөгү төшөк оюндарына назар салыңыздар.
Виртуалдуу оюн. Жумуш күнү экендигине карабай сүйүктүүңүзгө телефон же электрондук почта аркылуу “менин таттуум, сага болгон каалоом күч алып жатат. Чыдабай баратам” деген сыяктуу фантазияңызга жараша жагымдуу билдирүү жөнөтүңүз. Албетте, мындай каалоолор ортодогу мамилени ысытып, керемет кеч менен аяктаары турган иш.
«Тап-табышмак» оюну.
Шарт боюнча кездеменин түрлөрү, ар кандай буюмдар (мөмө-жемиштер, шуру-мончоктор, баркыт, шайы, атлас ж.б. кездемелердин кесиндилери) талап кылынат. Көзү таңылган “оюнчунун” жылаңач денесин экинчи “оюнчу” жогорудагы буюмдардын бири менен сыйпалап чыгат. Көзү таңылган “оюнчу” ал буюмдун атын табат. Оюн кезек менен алмашат. Кыскасы, кимде-ким буюмдардын атын аз тапса, анда оюнда утулган болот. Жыйынтыгы уткан “оюнчунун” каалаган талабын аткаруу менен аяктайт.
«Күндөлүк». Айым бир таза баракка өзүнүн каалоолорун же кайсы жерде кандай ыкмада төшөк кумарына батууну каалап жаткандыгын жазып, уктоочу бөлмөгө коюп коюусу керек. Мырза ал кагаздагы каалоолор менен таанышкан соң кечкисин аны 100 пайыз иш жүзүнө ашырат. Кыскасы, оюнду айым менен мырза кезектешип ойноосу талап кылынат.
«Буйрук берүү» оюну. Айымдын дубалга жөлөнүп туруусу же уктоочу керебетке кыймылдабай жатуусу талап кылынат. Ал эми мырзанын көзү жоолук менен таңылып, айымдын берген буйругун толук аткаруусу кажет. Мисалы, “мамактарыма бал сүйкөп койчу, өөп, эркелетчи, чоло жеримди калтырбай массаж жасап берчи” ж.б. Тагыраак айтканда, дүүлүктүрүүгө жеткирүүчү эрогендик зоналарды өбүүсү кажет.
«Блютус» оюну. Түгөйлөр жылаңач болуп чечинип, бири-биринин көздөрүн тиктеп, жакын отурушат. «Оюнчулардын» бири сексуалдык каалоосун ичинен ойлоп табат. Мисалы, “менин оозумдан өп” же “тезинен менин сексуалдык каалоомду канааттандыр” ж.б. Ал эми экинчи «оюнчу» анын көзүнүн ар бир кыймылын, мимикасын байкап, анын оюн таап, иш жүзүнө ашыруу керек. Оюн маалында адилеттик толук сакталуусу кажет.
Астра Айдарова
erotika@super.kg