Мындай футболдук жетишкендиктин удаа келиши кулак сүйүнтөт. Апрель айында Каталониянын (Испания) Плайа-де-Аро шаарында футзал боюнча ардагерлер арасында өтүүчү Эл аралык мелдешке «Баткен-Кыргызстан» командасы аттануу алдында турат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда мелдешке аттануучу топтун курамында 40 жаштан жогорку жаш курактагы 9 футболчу бар. Бул үчүн Лейлек райондук администрациясынан атайын каражат бөлүнгөн. Эске салсак, Баткен облусунда кичи футбол уругвайлык эреже менен ойнолуп, ФИФАнын да УЕФАнын да карамагына кирбейт. Ошол себептүү мелдешке Азия чөлкөмүнөн ушул команда гана чакырык алды.