КВАРТИРАНТТЫН ӨЛҮМҮ
18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Попов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз адамдын киши колдуу болуп өлгөн денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери 20-25 жаштардагы европа түспөлүндөгү белгисиз адамдын денесин табышкан. Канга чыланып жаткан квартирантынын денесин алгач үйдүн ээси көрүп, милицияга кабарлаган экен. Кылмышкерлер жигиттин мойнуна, төшүнө, далысына 50 жолу бычак сайышкан. Мындан сырткары анын башы жарылып, жерде бөтөлкөнүн сыныктары жаткан эле. Иликтөө учурунда өлтүрүлгөн адам коңшу Казакстандын жараны, 1989-жылы туулган Олег Ященко экендиги аныкталган. Бишкектеги жарнамалык компаниялардын биринде программист болуп иштеген Олег өткөн жылдын августунан бери бул батирде убактылуу жашап келген.
Оор кылмышты ачууга Бишкек шаардык жана Биринчи Май РИИБинин кызматкерлеринен турган атайын топ түзүлүп, көп өтпөй кылмышка шектүү делинип Кара-Балта шаарынын тургундары 20 жаштагы Марина Можаева жана 21 жаштагы Анна Биндют аттуу кыздар колго түшүрүлгөн. Алгачкы эле суракта алар кылмышын мойнуна алышып, окуя кандай болгондугун айтып беришкен. Тергөөдө Анна буга чейин Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринде батирде жашап, денесин сатып иштеп келгендигин айткан. Кийинчерээк курбусу Марина конокко келип, экөө чогуу жашап калышат. Бирок алардын ызы-чуу турмушунан тажаган үйдүн ээси экөөнү үйдөн кубалап чыккан. Аня таанышы Олегден курбусу экөө убактылуу аныкында жашап турушун суранып, жүктөрү менен көчүп келишкен.
«ЭКӨӨБҮЗ ЭМИ КУРБУ ЭМЕСПИЗ»
Анна Биндют:
– Мен Бишкек шаарында сойкулук менен алектенчүмүн. Олег менен мындан 2-3 жума мурун интернет аркылуу таанышып калганбыз. Бишкек шаарынын 3-кичи районунда батирде жашачубуз, бирок батирден чыгыш керек болуп калып, убактылуу туруп турсун деп жүктөрүбүздү Олегдин батирине алып келдик. Үчөөбүз отуруп сыра ичтик да, мен тааныштарымдыкына кеттим. Бир убакта Марина келип, «сен эмне үчүн мени Олегге жамандайсың?» деп урушуп кирди. Анан чечишип алуу үчүн экөөбүз кайрадан Олегдикине бардык. Ал жерден кайра ичип отурганда, экөө урушуп кетип, Олег Маринаны муунтуп кирди. Мен бөтөлкөнү ала койдум да, Олегдин башына чапсам, анын эси ооп калды. Бир нече убактан кийин эсине келген соң экөө кайра урушуп киришти. Бир убакта Марина стол үстүндө турган бычакты ала коюп Олегди сайгылап кирди. Анан мага бычак берип, «эми сен сай» деп коркутту эле, жүрөк тушка бычак сайдым. Андан соң Олегдин паспортун, капчыгын өрттөп жибердим. Марина экөөбүз жүктөрүбүздү алдык да, кетип калдык. Экөөбүз эми курбу эмеспиз.
Ал эми МАРИНА болсо «мен коргонгонмун, Аня өлтүргөн» деп көрсөтмө берүүдө.
– Жумуш издеп Бишкекке келгенмин. Аня менен чогуу жашап жаткам, ал үйгө жигиттерди алып келе берген үчүн үй ээси бизди чыгарып салды. Олегдикине барып, ичип отуруп уруша кеттик. Олег мени уруп жатканда Аня аны бөтөлкө менен башына чаап жиберди. Олег эсин жоготуп бир азга жатты да, кайра туруп мени муунтуп кирди. Ошол убакта колума бычак урунуп, аны менен Олегди сайгылап кирдим. Ал жатып калганда бычакты таштап салып ыйлап отурсам, Аня бычакты алып Олегди дагы сайгылады.
Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын инспектору КАРИМА АМАНКУЛОВА:
– Бул кылмышка шектелип 1993-жылы туулган Марина Можаева жана 1992-жылы туулган Анна Биндют колго түшүрүлдү. Экөө тең Кара-Балта шаарынын тургундары. Экөөнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg