ТАЛМА УЖАС КИНОЛОРДОН ЖАНА БАШТАГЫ ЖАРАКАТТАН КЕЛИП ЧЫГАТ

Талма оорусу эмнеден келип чыгат жана аны кантип дарылашат? Бул тууралуу Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун директорунун орун басары, врач-невропатолог Нурмухаммед Бабажанов баяндайт.

КАРЫШУУ КАЙТАЛАНА БЕРСЕ, ТАЛМАГА АЙЛАНАТ
Талма – баш мээнин оорусу. Кээ бирөөлөр карышуу менен талманы алмаштырып жүрүшөт. Дене табы көтөрүлгөндөгү, кан алуудагы карышуу (судороги) талма болуп эсептелбейт. Негизи, 7 жашка чейинки балдарда карышып калуу көп учурайт. Алар “метаболизмдик карышып калуу” деп аталып, организмде витаминдер, кальций, магний, глюкоза сыяктуу керектүү заттар жетишпегенден келип чыгат. Бала жаракатка кабылганда, ичи өткөндө, көп кусканда, дене табы көтөрүлгөндө болот. Бирок бул көрүнүштөр балада кайталана берсе, талмага өтүп кетет.

АТЫШЫП-ӨЛТҮРМӨЙ КИНОЛОР – ТАЛМАНЫН СЕБЕПЧИСИ
Азыр жаш балдар атышуу-өлтүрүү камтылган кинолорду, ужас мультфильмдерди компьютерден да, телевизордон да узакка отуруп, көп көрүшөт. Мындай болгондо экрандан чыккан жарык, нурдануу таасир этет. Жана андагы окуялар балдардын эмоциясын күчөтүп, нервин дүүлүктүрөт. Булардын баары талмасы барлардын оорусун козгойт, оорусу жокторго талма алып келет.
Талмасы барларды ызы-чуулуу, эмоцияны дүүлүктүрүүчү жерге (дискотека, кафе) да жиберүүгө болбойт. Ошондой эле чаар ала, чатыраш же тик сызыктуу кийимдер, обоилер талманын кармашын шарттайт. Бул айтылгандар симптоматикалык факторго кирет.

ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГУУ ФАКТОРЛОРУ
1. Идиопатиялык фактор. Муну тукум куучулук шарттайт.
2. Симптоматикалык фактор (бир нерсенин себебинен келип чыгуу).

Бул төмөнкүлөрдөн улам келип чыгат:

  • Кош бойлуу аял инфекциялык оору менен ооруп, ал курсактагы балага өтүп, мээсине таасир этсе;
  • Кош бойлуу эне жыгылып же келтек жеп, ичтеги баланын башына доо кетсе;
  • Төрөт кезинде баланын башы жаракатка (травма) учураса;
  • Бала төрөлгөн соң менингит болуп ооруп калса, башында шишик жаралса же суу толсо жана башка.

3. Криптогендик. Талманын эмнеден келип чыкканын тактоого мүмкүн эмес.

ТҮРЛӨРҮ
Талма кармаган түрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:
1. Тоникалык талма. Баланын башы артка тартылып, бүт денеси тырышат.
2. Тонико-клоникалык. Катуу чочуп кеткенсип, селт-селт этип калчылдайт.
3. Миоклоникалык талма. Буту-колу тырышып, калчылдайт. Булчуңдар иштебей, улам кулап калат.
4. Абсанстык. Бала 3-4-5 секунд бир жерди карап, тиктеген бойдон катып калат. Анан эч нерсе болбогондой ойноп кетет. Бул көбүнчө 2-8 жаш аралыгындагы балдарда жолугат.
5. Инфантилдик түрү (салам бергенсип, жүгүнгөндөй синдром). 3 айдан тартып 1,5 жашка чейинкилерде кездешет. Ойгонгондо башы менен эңкейип, жүгүнүп салам бергенсип кыймылдап талмасы кармайт.

ДИАГНОЗ ЖАНА ДАРЫЛОО
Диагноз. Электроэнцефалографияга тартып, магниттик-резонанстык томографиядан өткөзүлөт. Генетикалык текшерүүлөр жүргүзүлүп, анализдер тапшырылат.
Дарылоодо жалаң таблеткалар колдонулат. Анткени укол эмоцияны күчөтүп (бала коркуп) же оорутуудан улам баланын оорусу кармашы мүмкүн. Ооруканага жатып дарылоо да сунушталбайт. Анткени аларга ток, парафин, массаж колдонулбайт. Абалы оордоп кеткенде гана ооруканага жаткырылат.
Кээде ата-эне баласын 1-2 жолу дарылаткан соң эле молдого окутканы, көзү ачыкка көрсөткөнү алып барышат. Бул туура эмес, дарылоо үзгүлтүккө учурап, баланын оорусу күчөйт. Андыктан дарылар өз сааты менен бир да күн үзбөй ичилет. Баланы дарылатпаса, оорунун айынан акыл-эси өспөй калышы да мүмкүн.
Оорулууну башында доктурга 1 жолу, анан 3 айда, кийин 6 айда бир ирет көрсөтүшөт. Талманы дарылоо бул – искусство деп коёт. Режимди катуу кармоо шарт. Мисалы, дайыма бир убакта туруу, тамактануу, уктоо кажет. Уйкунун канбай калышы, чарчап, кеч жатуудан да мээге күч келип, оору кармашы ыктымал. Убагында дарыланып, врачтын көрсөтмөсүн толук колдонуп жүргөндөрдүн 65 пайызы талмасы кармабай жүрө алышат.
Дарылап айыктырууга мүмкүн болбогондо операция жасалат. Андай операциялар өтө татаал болот. Жана кымбат аппаратураларды талап кылгандыктан бизде да, коңшу өлкөлөрдө да, Орусияда да жүргүзүлө элек. Учурда чет өлкөлөрдө, көбүнчө Германияда жасалат жана абдан кымбат.

КҮНДӨЛҮК ЖҮРГҮЗҮҮ ЗАРЫЛ
Ата-эне сөзсүз баласы үчүн күндөлүк жүргүзүшү зарыл. Анда баланын талмасы качан, кайсы убакта, эмнеден улам кармаганын, мисалы, күн ысыктабы, уйкусу бузулгандабы, стресстенби же тамакты туура эмес жегенденби, жазылышы шарт. Ошондой эле кайсы датада кайсы дарыларды ичкенин да белгилөөсү зарыл. Буларды врач окуп, дарынын тийгизген таасирин билип турат.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Талмасы кармаганда оозуна кашык тиштетүү же мурдуна бир нерсе жыттатуу, бетине суу чачуу дегендер туура эмес. Башын ылдый кылып (кусуп жиберсе, кусундусун жутуп албагыдай), оң капталына жаткызып, “Тез жардам” чакыруу кажет. Алар укол сайып, эсине келтиришет. Андай атайын уколду көпчүлүк ата-энелер сатып алып, өздөрү саюуну үйрөнүүлөрү керек. Учурда үйрөнүп алгандар бир топ.
Талма кармаганда оозуна пипетка менен тамызып койчу дары жана көтөн чучукка салып коюучу дары май түрлөрү да бар. Буларды колдонсо оңой.

ДИЕТА КАРМАШ КЕРЕКПИ?
Дарылар боорго, бөйрөккө зыян тийгизбейт деп айта албайбыз. Андыктан 4-5 айда боор, бөйрөгүн УЗИде текшерип туруу зарыл. Аталган органдарга күч келбеши үчүн ачуу, туздуу, майлуу, консерваланган, ышталган, куурулган тамактарды бербөө керек. Электроэнцефалографияга 8-10 айда бир тартылат.
Дарылардын ичинде ичтейди ача турган дары болот. Анын айынан дарыланып жүргөн кыздар жыныстык жетилүү кезинде, көбүнчө 11-12 жаштарында толуп кетип, ичпейм деп башташат. Ошондо диета кармаса болот, врачтын кеңеши менен.

1 ООРУЛУУГА КАНЧА КАРАЖАТ КЕТЕТ?
Дарынын дозасы адамдын жашына жараша берилет. Ошондо 1 айга 1 жаштагы балдарга 30 доллар тегерегинде, чоңдорго 100-150 долларга чейинки дары керек.
Аз сандагы оорулардан турган 1 топ бар, аларга башка дарылар таасир бербейт. Андыктан эң кымбат дары колдонулат. 1 ай үчүн 150 доллардан ашык кетет.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КӨРСӨТМӨ
Буларды оорулуу өзү да билүүсү кажет:

  • Эшиктердин ар дайым кулпуланбай туруусу (оору кармаганда үйдөгүлөр эшикти ача албай калбоо үчүн зарыл);
  • Электр шаймандарын (фен) колдонбоо, өз алдынча калганда от жакпоо;
  • Оорулуу адам тамак бышырганда, үтүк колдонгондо жанында бирөөнүн болуусу;
  • Стресстерге кабылбоого аракет кылуу;
  • Полду килем, ал эми эмеректердин учтуу кырларын жумшак материал менен жаап коюу же учтары бар эмерек албоо;
  • Ысык тамак куюлган идишти көтөрбөө жана башка.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Талма оорусу эмнеден келип чыгат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
turgunbek
2013-04-09 13:43:37
ар пендеге кудайым ден соолук берсин
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан