2010-жылдын 7-апрели кыргыз тарыхында калары талашсыз. Ал күн тууралуу көп айтылып, көп жазылды. Бирок баары бир айтылып бүтө элек. Бакиевдик бийликтин бутасына биринчилерден болуп илинип, оор жаракаттан аман калган Алиясбек Алымкулов төмөнкүлөрдү эскерет.
«АПАМДАН ЭРТЕ АЖЫРАДЫМ»
– Балалыгым жөнөкөй үй-бүлөдө, эл катары өттү. Үй-бүлөдө он бир туугандын онунчусу, эң кичүүсүмүн. Апам ден соолугуна байланыштуу үй жумуштары менен үйдө отурчу. Көп ооручу, ооруп калбаса экен деп аяп, биз ага жардам берүүгө аракет кылчу элек. Тагдыр экен, апамдан эрте ажырадым.
«ФЕРМЕР БОЛДУМ...»
– Мектепте жакшы окудум. Атам сыяктуу мугалим болуп, балдарды саясатка алып барууну кыялданчумун. Биз күчтүү, өз кесибин сүйгөн мыкты мугалимдерден билим алдык. Мектепти бүткөн кезимде атам пенсияга чыгып, тилекке каршы, мага жардам бере албады. «Балам, эми өз арабаңды өзүң тарт» деди. Анан өз аракетимди баштадым.
Мектептен кийин аскердик кызматымды өтөп келип, фермер болуп иштеп калдым. Анан жогорку окуу жайга тапшырып, студенттик күндөрдө башымдан көп кыйынчылыктар өттү. Абитуриент кезимде Эркиндик гүлбагындагы отургучтарда түнөгөн күндөр... Милиция кызматкерлери келип улам ойготуп, айдап салат. Мен болсо улам орун которуп, башкасына барып жатып таң атырам. Ошентип окууга өтүп, аны да аяктадым. Кийин өз күчүм менен бизнес баштадым.
«БАКИЕВДЕР ӨЗҮМ ТҮПТӨГӨН БИЗНЕСИМДИ ТАРТЫП АЛЫШТЫ»
– Бизнесим жакшы түптөлгөн кезде Бакиевдер тартып алышты. Жашырганда эмне, Бакиевдерден көп кысым көргөм. Аргасыз Орусияга кетип, көрбөгөн күндү көрүп, кайрадан бутума турдум. Ал жакта батир жалдаганга акчам жок, картондо уктап жүрдүм. Күнүгө беш-алты картошканы сууга кайнатып, эки даанадан үч маал жеп өлбөстүн күнүн көрчүмүн. Азыр мен ишенимдүү айта алам, адамдын ийгилиги анын аракетинен көз каранды. Аракет кылдым, ишендим, алдыга карай акырындап жыла бердим.
«7-АПРЕЛДЕ КЫРДААЛ БИЗДИ АЛГА СҮРӨП ЧЫКТЫ»
– 2010-жылы элди туңгуюк каптады, келечек караңгы болуп баратты. Каякка, кайсы багытта баратабыз белгисиз болуп калган. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу камчысын чаап, бийлигин күчөтө берди. Элде нааразычылык күчөдү, толкуй баштады. Эл сыяктуу менде да нааразычылык жаралды. Агым менен кошо аянтка келип, митингде жүрдүм. Өмүрдү ал күндөгү митингге сайган элем.
Ошол күнү каргаша болорун сездим белем, жакындарымдын баары менен коштошуп чыккам. Лидер болоюн деген ниетибиз жок болчу, кандуу күндөн бир күн мурун Бакиев бийлиги эл лидерлерин камап койду. Уюштуруучусу жок болсо да калк артка тарткан жок, анткени эл чын эле ал өкүмзарлардан тажаган эле. Кырдаал өзү бизди алга сүрөп чыкты. Биринчилерден болуп Бакиевдердин кандуу бийлигинин бутасына илиндим.
«ТИРҮҮЛҮГҮМ ЖОМОКТОЙ СЕЗИЛЕТ»
– Ал күндү эстөө мен үчүн өтө оор. Башыма эки ок тийген… Менден кийин ооруканага жарадарлар келип жатты. Тилекке каршы, ошол күнү бир палатага киргизилген балдардын менден башкасынын баары кайтыш болду, буйрук экен, мен гана тирүү калдым. Алардын дээрлик баары жаштар эле, жашагысы келген, жашайын деген жандар эле. Айланамдагы дарыгерлердин "бул жашай албайт, муну өлүкканага алып бара бергиле" дегендерин угуп эле жаттым. Азыр көпчүлүк таң калат, "эки ок жеп, сен кантип жашап жүрөсүң?" деп.
Чын эле, мен үчүн тирүүлүгүм кээде жомок сыяктуу сезилет. Жашап жатканыма тобо кылам. Башка эки ок жеп, аман калуу чындыгында Жараткандын кудурети экен. Операциядан кийин эки бутум баспай калды. Басып кетүүмө Кудайдын жардамы, анан эркимдин күчтүүлүгү түрткү болду окшойт. Кайрадан басып кетүү абдан оор экен. Ар бир кадамга эркиң жетпей, баса аламбы, баса албаймбы, кандай болот деген ойлор жыбырайт. Бирок мен муну жасай алдым, басып кеттим.
«УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ РЕВОЛЮЦИЯДА БЕРГЕН УБАДАЛАРЫН АТКАРДЫ»
– Ошондогу берген убадалар аткарылды. Убактылуу өкмөттүн сөзүндө тургандыгынын далили – алар бийликтен баш тарта алышты, реформа жасай алышты, шайлоолорду адилеттүү өткөрүүгө салым кошуп келүүдө. Президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өттүк. Шайлоолордогу ачык-айкындуулук парламенттик, андан кийинки шайлоолордон улам көрүнүп турат. Парламентке бир эмес, беш партия келди. Эгер шайлоо калыс өтпөгөндө бүгүнкүдөй парламентте оппозициялык партия көп орунду ээлеп отурмак эмес. Бул жагынан Убактылуу өкмөт революциянын бирден бир максатын ишке ашырды.
Экономикалык көйгөйдү чечүүгө убакыт керек. Анан сөзсүз түрдө өлкөдө стабилдүүлүк болсо, экономика өнүгөт. Мисалы, чарбачылыкта картошка эксең, ал бышканча чабасың, отойсуң, сугарасың, анан түшүм аласың. Эгер бир айдан кийин эле казып алсаң, анда түшүмү жок каласың.
Бул багытта аракеттер болууда, бирок ачык ийгиликке жетише элекпиз. Элдик революциянын чыныгы жыйынтыгын көрүү үчүн убакыт керек.
«МИНИСТРЛИККЕ ТАТЫКТУУ МИҢДЕГЕН ЖАШТАР БАР, БУЙРУК ЭКЕН, МЕН ИШТЕП ЖАТАМ»
– Министрликтин түптөлүшүнө, түзүлүшүнө менин эч кандай салымым жок. Ал учурда мен ооруканада жаткам. Революцияга чейин саясатка аралашкан эмесмин, аралашуу оюма да келген эмес. Бул орунга татыктуу миңдеген билимдүү жаштар бар. Буйрук экен, бүгүн мен иштеп жатам. Качанга чейин иштейм, аны убакыт көргөзөт. Ар бир мамлекеттин өткөөл тарыхы болот, биз азыр ошол өткөөл мезгилден өтүүдөбүз.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg